Бахрейндин ордо шаары Манаманы аскерлер көзөмөлдөп калды

Ордо шаарда полиция мене кагылышуу маалында набыт болгон демонстранттын сөөгүн дарыгер изилдөөдө. Манама ш. Бахрейн. 2011-жылдын 17-февралы. AFP.

Бейшембиде Перс булуңундагы Бахрейн падышалыгынын аскер күчтөрүнө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу милдети жүктөлүп, атуулдарга нааразылык чараларын өткөрүүгө тыйуу салынды. Эл аралык коомчулук өлкөдөгү тынч жыйындарга каршы күч колдонуу чарасын сынга алды. Бахрейн оппозициясы өлкөдө кеңири реформалар жүргүзүүгө чакырып жаткан демонстранттарга каршы зомбулук аракеттерди айыптады.
Бейшембиде (17-февралда) таңга маал Бахрейндин ордо шаары Манамада бир нече ондогон аскер унаалары көчөлөрдү аралап, тынч жыйынга чогулуу далаалатын жасагандарга тоскоолдук кылды.

Ушул эле күнү Бахрейн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү борбор шаардагы коопсуздукту камсыз кылуу милдети аскерлерге жүктөлгөнүн сыналгы аркылуу жарыя кылды:

- Бахрейндин коргоо күчтөрүнүн борбордук башчылыгы Бахрейн аскер күчтөрү ордо шаарга жайгаштырылганын жарыялайт. Анын максаты – атуулдар менен тургундарды коргоо, алардын укуктарын жана мүлктөрүн зомбулук аракеттерден коргоп калуу болуп саналат.

Саал мурдараак өлкөнүн коопсуздук күчтөрү шаардын чордонундагы Бермет аянтына топтолгон демонстранттарды жаш агызчу газ жана желим ок менен аткылап, күч менен таркатты.

Демонстранттар менен полициянын кагылышуусу маалында нааразылык жыйынынын далай катышуучулары ур-токмокко алынган.

Аскердик унаалар Бермет аянтына кетчү жолду тороп калды. Манама шаары, Бахрейн. 2011-жылдын 17-февралы. Reuters.
Бери дегенде төрт киши набыт кеткени, апта башынан бери өлгөндөрдүн саны алтыга жеткени кабардалууда.

15-февралдан бери эки күн бою ордо шаардагы Бермет аянтын ээлеген демонстранттар өлкөдө кеңири саясий реформаларды өткөрүү талабы менен чыгышкан.

Бахрейндин жалпы калайыгынын 70 пайыздайын шийилер түзөт, бирок саясий тизгин азганактай суннилер сулалесинин (династиясынын) өкүлү болгон падышанын колунда.

Бахрейндеги калайыктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шийилердин оппозициячыл “Вефак” (Wefaq) партиясынын лидери Абид ал-Жалил Халил (Abed al-Jalil Khalil) мырза айрым кишилердин өмүрүн алган соңку окуялар тууралуу Рөйтерс маалымат агенттигине мындайча пикирин айтты:

- Мындай тирешүүлөрдү жана киши өлтүрүүлөрдү болтурбай коюунун бир эле эмес, бир нече жолу бар. Ал эми (тирешүү жолуна түшкөн) чечимди ким кабыл алса да, ал киши өлтүрүүнү максат кылган.

Ал жетектеген партиянын депутаттары нааразылык жыйынын айоосуз баскан сунни өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнө нааразылык билдирип, парламент отурумуна бойкот жарыялады.

Демонстранттар Бермет аянтында нааразылык жыйынга чогулуп, өлкөдө демократиялык реформаларды жүргүзүү талабын коюшту. Манама ш., Бахрейн. 2011-жылдын 16-февралы. AFP.
Өлкөнү 1999-жылдан бери бийлеген падыша Хамад ибн Иса ал-Халифа киши өлүмүнө алып келген окуялар үчүн кейигенин билдирди.

Падыша бул окуяларды кылдат териштирүүгө жана 2002-жылы өлкөнү конституциялык монархияга айланткан саясий реформа жараянын мындан ары да улантууга убада кылды.


Маалыматтарга караганда, Бахрейн падышасы өлкө атуулдарынын ар үй-бүлөсүнө үч күндүн аралыгында миң динардан (болжол менен 2660 доллардан) акчалай каражатты көмөк иретинде таркатып берүүгө буйрук кылды.

Мунайга бай бул өлкө 1971-жылы Британиядан көз каранды эместикке жетишкен.

Ошондон бери калайыктын көпчүлүгүн түзгөн шийилер өз укуктары басмырланып жатканына даттанып келишет.

АКШнын Ак Үйүнүн басма сөз өкүлү Жэй Кэрни (Jay Carney) Перс булуңундагы бул өлкөдө тынч жыйындарга каршы жасалган зомбулук аракеттерди расмий Вашингтон айыптай турганын 17-февралда баса белгиледи:

- Биз Бахрейндин өкмөтүнүн күч колдонуусуна каршы турабыз. Мындай мамилебиз – чөлкөмдөгү башка өкмөттөрдүн да тынч демонстранттарга каршы күч колдонушуна каршы турумубуздун эле өзү.

Бахрейн – АКШ үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ. Дал ушул өлкөдө АКШнын Бешинчи аскер деңиз флоту жайгашкан.

Ал эми БУУнун Баш катчысы Пан Ги-мун БУУнун Нью-Йорктогу башкеңсесинде Бахрейн окуяларына карата өз турумун 17-февралда журналисттерге мындайча билдирди:

- Бахрейнден алтүндө келген кабарлар өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Бул өлкөдө, башка жерлердегидей эле, тынч демонстранттар менен журналисттерге каршы эч качан күч колдонулбашы керек. Мындай күч колдонуу токтотулсун. Күч колдонууга жооптуулар адилет сот алдында жооп берүүгө тийиш.

Бахрейндеги окуялар жыл башынан берки Тунис менен Мысырдагы (Египет) элдик ыңкылаптын жеңишинен кийин бир катар арап өлкөлөрүндө дүрт алган элдик толкундоолор жалынынын бир үзүмү болуп калды.

Кыска маалымат.

Бахрейн падышалыгында 791 миңдей киши жашайт (2009-жылдын маалыматы).
Аянты 717 чарчы км.
Негизги тили - арап тили.
Негизги дини - ислам.
Жан башына орточо жылдык кирешеси - 19 350 доллар.
Перс булуңундагы өлкөлөрдүн ичинен мунайзат кенин алгачкылардан болуп таап, "кара майдын каймагын" калпый баштаган мамлекеттердин бири.
Тээ 1783-жылдан бери өлкөнү сунни араптардын ал-Халифа (кыргызча "Калыйпа") сулалесинин өкүлдөрү бийлейт.
1861-1971-жылдары Бахрейн Улуу Британиянын коргоосу жана көзөмөлү астында болгон.
"Бахрейн" сөзү арапча "кош деңиз" дегенди туюнтат.
Байыркы шумерлер бул аралды "бейиш аралы" катары санашкан.