"Баары эскини бузуудан башталат". Канделакинин ою Кремлдин опузасыбы?

Коллаж

Орусиялык теле алып баруучу Тина Канделакинин Кыргызстанда “русофобиялык” көз караш жайылтылып жатканын айтып, буга Батыш өлкөлөрүн жана алардын колдоосу менен иш алып барган жергиликтүү уюмдарды айыптаган билдирүүсү талкууга түштү.

Президенттин администрациясы Канделакинин пикирине жооп кайтарып, өлкөнүн суверендүүлүгүн эске салды. Кремлдин расмий бийлиги жана белгилүү адамдары аркылуу улам жасалып турган мындай билдирүүлөрдүн төркүнү эмнеде?

Тина Канделакинин билдирүүсү Бишкектеги Панфилов атындагы Аскердик даңк музейинин имаратынын бузулушуна байланыштуу болгон. Ал кыргыз өкмөтүнүн бул чечимин “русофобия” катары мүнөздөп, буга Батыш өлкөлөрүнөн колдоо алган жарандык уюмдарды айыптаган.

"Кыргызстандын жетекчилигинде, алардын парламентинде Батыштан тапшырма алып, өлкөдөгү биздин жалпы өтмүшүбүз болгон советтик тарыхты жокко чыгарып, аны орусиялыктарга каршы көрө албастыкка алмаштырган топ мурдатан эле болгон. Баары ушинтип – эски музейден башталат”.

Канделаки бул билдирүүсүн Телеграм-каналына жарыялаган.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков бузулган музейге байланыштуу берген түшүндүрмөсүндө тиешелүү мамлекеттик кызматтар имараттын эскилиги жеткенин жана аны бузууга убакыт келгенин айткан. Кыргызстандын суверендүү мамлекет экенин эске салып, "бийликтин чечимдери кыргыз элинин кызыкчылыгына жараша" болорун, "өлкөдө орус тили жана орус маданияты кыргыз тарыхынын ажырагыс бөлүгү" экенин белгилеген.

“Парламентке же өлкө жетекчилигине байланыштуу билдирүү ката жана профессионалдуу эмес, биздин жалпы өтмүшүбүздү шылдыңдаган көрүнүш жана Кыргызстан менен Орусияны байланыштырган өзөктүү кызыкчылыктарды түшүнбөгөнүнөн кабар берет. Мындай маалымат менен манипуляция кылуу эки жактуу мамилеге зыяндуу, биздин стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилебизди бузгусу келген күчтөрдүн пайдасына иштейт”, - деген Орунбеков.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Панфилов атындагы музейдин имараты тарыхый-маданий жана архитектуралык эстеликтер тизмесинен чыгарылганын 15-июлда жарыялаган. Буга имараттын 20 жылдан ашуун убакыттан бери авариялык абалда болуп, жер титирөөгө туруштук бербей турганы, мындай абалда колдонууга жол берилбестиги боюнча корутундулар себеп болгону жазылган.

Кыргызстандагы айрым иш-чараларга, мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерге жана демилгелерге Кремлдин расмий бийлиги жана анын саясатын колдогон белгилүү адамдар утур-утур пикирлерин билдирип жүрөт.

Мындай көрүнүштөр Орусия Украинага бастырып киргенден кийинки убакытта көп байкала баштады. Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин балдардын тили орусча чыгып жатканына байланыштуу мамлекеттик тилдеги билим берүүнү колго алуу жана Бишкектеги төрт райондун атын кыргызчалаштыруу боюнча эки сунушу тең Кремлдин жана Мамлекеттик Думанын айрым депутаттарынын сынына кабылган.

Дагы караңыз Тил көйгөйү: Шакиевдин демилгеси, Жапаров менен Ташиевдин жообу

Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору, саясий серепчи Бакытбек Жумагулов муну Кремлдин үстөмдүк кылгысы келген саясатынын көрүнүшү катары мүнөздөдү:

“Орусия басым кылгысы келген эски форматтагы иш-аракети менен Украинаны эмне кылганына күбө болуп жатабыз. Анын арты менен Орусия да кыйын кырдаалга кабылып, санкциялардын курчоосунда калды. Канделакинин айтканы деле ошол эски форматтын көрүнүшү. Орусия азыр империя эмес. Ооба, өзөктүк куралы бар. Бирок жүргүзүп жаткан саясатын өзгөртсө туура болмок”.

Кыргызстанда былтыр кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам да Кремлдин сынына кабылган. Бул демилге көтөрүлүп жатканда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Кыргызстандагы “орус тилдүү катмардын абалына камтамалыгын” билдирген. Мындай риторикадагы улам кайталанган билдирүүлөрдү суверендүүлүккө, эгемендикке коркунуч катары карагандар бар.

Мурдагы экономика министри, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев мындай кырдаал коомдун эгемендикке, улуттук көз карандысыздыкка ыктаган тандоосун сынайт деген ойдо:

“Кайсы өлкөлөрдө адамдар бири-бирин басмырлоо менен эмес, колдоо менен, билимдин артынан дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук бере тургандай деңгээлге жетип, арасында жаратмандарга жол ачылып жатат? Кыргыз эли чоң ийгиликтерге ким менен өнөктөш болгондо жете алат? Ушул сыяктуу өзөктүү суроолор коом алдында так чечиле элек. Эгемендик алган жылдардан кийин бул маселе акырындан чечиле баштаган. Бирок 2010-жылдан кийин саясий чечимдерибиз өзгөрүп, Бажы биримдигине кирип, дүйнөдөн алыстагандай болдук. Орусиянын радикалдуу империясын кайра орнотобуз деген күчтөргө макулдук бергендей сезилген. Азыр Орусия бакубат жашоосу бар демократиялык, өнүккөн өлкөлөрдүн калыс системасын жактырбай, алар менен каршылашып, керек болсо согушуп жатат. Эми Орусия айрымдарды коркутуп, айрымдарды ынандырып, өзүнүн жанына топтогонго аракет кылууда. Биз мындай шартта өз эркиндигибизге канчалык ээ чыгып, тандообуз келечекке канчалык жакшы өбөлгө болот? Бул эң чоң тандоолордун бири”.

Ал суверендүүлүк, өлкө катары көз карандысыздык темаларынын коомдо көп талкууланып жатканын бир жагынан Кремлдин басым көрсөткүсү келген мамилесине, экинчиден, коом арасында дүйнөдөгү процесстерден кабардар болгон катмардын калыңдап жатышына байланыштырды.

Дагы караңыз "Баланын тили орусча чыкса кубанба". Эне тилдүү эркин муунду кантип түптөйбүз?

Кремлдин мындай форматтагы таасири бир гана Кыргызстанга мүнөздүү эмес. Канделаки жыл башында казак бийлигинин айрым темир жол станцияларынын аталыштарынын өзгөрүшүн айыптаган билдирүү тараткан. Казакстандын тышкы иштер министри “мамлекет мындай аракетти кечирбей турганын” айтып, Канделакинин Казакстанга киришине тыюу салынганын” расмий билдирген.

"Борбор Азия советтик түшүнүктөн арыла элек"

Казакстандык укук коргоочу Галым Агелеуев мындай окуялардын болуп жатышын Борбор Азиядагы деколонизация процессинин көрүнүшү катары баалады:

Галым Агелеуев

"Кыргызстанга жана Казакстанга барсаң, совет мезгилинен калган коммунисттик ураандарды, символикаларды көрө аласың. Бул эки өлкөнүн мурдагы советтик мамлекеттерден деколонизацияга эң кеч киргенин көрсөтүп турат. Бирок бул баары бир туура жол. Бул процесс батыш тараптагы өлкөлөрдө тезирээк жүрүп, чыгыш тарапта жай кетип жатат. Мисалы, Украина, Балтика өлкөлөрү, Армения жарандык маданият үчүн баалуу болбой калган советтик түшүнүктөн эрте кутулду. Бул жай жүрүп жатканы менен, туура көрүнүш.

- Чөлкөмдө деколонизация процесси кандай жүрүүдө?

- Орусиядагы Украинага, Балтика өлкөлөрүнө, Грузияга каршы айтылган сөздөр ошол өлкөлөрдөгү деколонизация процессин тездетти. Орусия дайыма колонизатор болууга умтулуп, империялык саясат менен биздин эркиндигибизди, көз карандысыздыгыбызды “муунтууга” аракет кылып келген. Ушул жактан алганда Борбор Азия өлкөлөрүндө бул процесстер туура жүрүп жатат. Эгерде Орусия бул өлкөлөрдүн эркиндигин сыйлап, тандоолорун кабыл ала алганда, кайсы бир деңгээлдеги орток баалуулуктар сакталып калмак. Бирок Орусия Украинага кол салуу менен советтик орток баалуулуктарды талкалады.

- Орусиянын жер-суу аталыштарына, чакан музейлерге чейин Канделаки сыяктуу адамдардын оозу менен кийлигишүүсү эмнеден кабар берет?

- Борбор Азия үчүн деколонизация өтө маанилүү процесс. Анткени биз өзүбүздүн жеке иденттүүлүгүбүздү калыптандырып жатабыз. Бул үчүн улуттук кызыкчылыктар болушу керек. Деколонизация улуттун өздүгүн таануусуна жараша ишке ашат. Бул процесстин жүрүшү менен улуттук боштондукка жетишилет.

Буга удаа эле адам укугу, жарандык коом баалуулугу калыптанат. Бийликтеги элита бул жерде эки жолдун бирин тандашы керек. Бир жагынан, алар бул процессти башкаргысы келет.

Экинчиден, алар партноменклатура болгусу келет. Ушул жерден тандоо жасалышы керек. Же биз демократиялык жолдо кетебиз, же авторитардык багытты тандайбыз. Эгер авторитардык жолдо болсок, Орусиянын изи менен барып, аягында көз карандысыздыгыбыздан да кол жууйбуз.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Кожоюн издеген коом өнүкпөйт". Колониалдык аң-сезимден кантип кутулабыз?

Кыргызстанда совет доорунан калган жер-суу аталыштарын кыргызчалоо демилгеси утур-утур көтөрүлүп келгени менен, аны иш жүзүнө ашыруу жай жүрүп жатканы, буга Кремлдин кыйыр таасири бар экени айтылып жүрөт.