Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын экинчи жеңиши

Азия кубогунун тандоо оюндарынын алкагында 11-июнда Кыргызстан Мьянма курама командасы менен ойноп, 2-0 эсебинде утту. 

Кыргызстандык курама команда оюн талаасынын босогосунда. Аларды Валерий Кичин баштап келатат.

Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионундагы оюнга индиялык Руан Арумухан башкы калыстык кылды.

Беттештин алдындагы салттуу кол алышуу учуру. 

Кыргызстандын курама командасын сүрөгөн күйөрмандар. 

Беттештин алдындагы көнүгүү учуру.

Түркиянын "Галатасарай" клубунда ойногон Бекназ Алмазбеков улуттук курама команда менен биринчи жолу оюнга чыкты. 

"Ак шумкарларды" сүрөгөн күйөрмандардын тобу.

Кыргызстандын командасын сүрөгөн чет өлкөлүктөр да болду.

Президент Садыр Жапаров, жубайы Айгүл Жапарова жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүнкү оюнду стадиондон көрүштү.

Бул беттештеги эки голду тең чабуулчу Виктор Майер киргизип, "оюндун мыктысы" аталды.

Кыргызстан Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын эки беттешинде тең жеңишке жетип, 6 упай топтоду. "Ак шумкарлар" F тайпасында Тажикстан менен алдыда келатат.

Кыргызстандын футболчулары 14-июнда Тажикстан менен беттешет.

Тайпада лидер болгон алты команда жана экинчи орунду алган беш мыкты команда бир жылдан кийин Кытайда өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.