Азия Кубогу: Афиф Катарды чемпион кылды

Катар курамасынын футболчулары Азия Кубогун көтөрүп, сүйүнүп жаткан учуру.

Катар курамасы ушу менен экинчи жолу катар Азия Кубогун утуп жатат.

Катар курамасы бул мелдеште жети беттеш өткөрүп, бардык атаандаштарын утту. Мелдештин фаворити саналган Өзбекстан курамасын (1:1, пенальти тебүүдө 3:2) чейрек финалда ал эми Иран курамасын (3:2) жарым финалда утту.

Лусаил шаарындагы 80 миң кишилик "Лусаил" стадионунда өтккөн беттеште Катардын чабуулчусу Акрам Афиф үч голду (22-73-95-мүнөттөрдө) пенальтиден киргизди.

Иорданиялыктардын катарынан Язан Аль-Наймат (67-мүнөттө) бир гол киргизди.

Катар менен Иордания өз тарыхында 17 жолу беттешип, Катар 10 жолу жеңүүчү болсо, Иордания беш беттеште жеңишке жеткен. Эки ирет тең чыгышкан.

Мелдеш алдында спорт серепчилери жана букмекерлер Азия чемпионатынын башкы фаворити катары Жапонияны, Түштүк Кореяны, Сауд Арабиясын, Астралияны, Иранды айтып жатышкан. Сауд Арабия курамасы 1/8 финалда, Австралия менен Жапония чейрек финалда мелдештен четтесе, Түштүк Корея менен Иран жарым финалда жеңилип калды.

Катар буга чейин 10 жолу Азия Кубогун катышып, эки жолу 2000-2011-жылдары мелдештин чейрек финалына жеткен. 2019-жылы өткөн Азия Кубогундагы финалдык беттешинде Катар Жапония курамасын 3:1 эсеби менен утуп, чемпион болгон.

Чабуулчусу Акрам Афиф сегиз голу менен Азия Кубогунун мыкты чабуулчусу болду.

Катардын дарбазачысы Мешаал Баршам мелдештин "мыкты дарбазачысы" деп табылса, Катар курамасына таза оюн көрсөткөнү үчүн Fair Play сыйлыгы ыйгарылды.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Кийинкиси 2027-жылы Сауд Арабиясында өтөт.

18-Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолу чемпион болгон. 

80 миң көрүүчүгө ылайыкташкан "Лусаил" стадионунун сырткы көрүнүшү. Бул стадиондо бир жыл мурун футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши өткөн. 

 

Чабуулчу Акрам Афифтин пенальтиден киргизген үч голу менен Катар курама камандасы Азия Кубогун жеңип алды. Финалдык беттеште чемпиондор Иордания курамасын 3:1 эсеби менен утту.