Азия Кубогу-2023: Катарда футбол майрамы башталды
Азия Кубогунун ачылыш аземи Катардын Лусаил шаарындагы "Лусаил" стадионундо өттү. Финалдык беттеште дал ушул стадиондо өтөт.
Оюн алдында мелдештин ачылуу аземи өтүп, иш-чара театралдаштырылган шоу-программа менен коштолду.
Катар Азия Кубогун үчүнчү жолу өткөрүп жатат.
Салтанатка Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танини, ФИФАнын жана АФКнын президенттери баштаган бир катар Азиядагы өлкөлөрдүн Футбол федерацияларынын жетекчилери катышты.
Мелдеш жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтөт.
Алгачкы оюнда талаа ээлери Катардын оюнчулары Ливандын курамасын 3:0 эсеби менен утту.
Катардын чабуулчусу Акрам Афиф каршылаштардын дарбазасына катары менен эки гол киргизди.
Катардын дагы бир чабуулчусу Алмоез Али бир гол киргизип, оюн 3:0 менен жыйынтыкталды.
Катардын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Алмоез Али голун майрамдап жатат. 12-январь, 2024-жыл.
Катар курамасы эми 17-январда Тажикстан курамасы менен ойнойт.
Азия Кубогу 2023-жылы жай айларында Кытайда өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам Кытай мелдешти өткөрүүдөн баш тарткан. Мындан улам Азия футбол конфедерациясы мелдешти өткөрүү укугун Катарга берген.
"Лусаил" стадионуна 88 миң көрүүчү батат. Былтыр бул стадиондо футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык оюну өткөн. Анда Месси баштаган Аргентина курамасы чемпион болгон.
Азия Кубогу Азия континентиндеги футбол боюнча эң ири мелдеш.
Спорт серепчилери жана букмекерлер Азия чемпионатынын фаворити катары Жапонияны, Түштүк Корея жана Австралияны айтып жатышат.
18 жолу өткөн Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бирден жолу чемпион болгон.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 7-январда Дохага барган.
Кыргызстан курамасы F тайпасында ойнойт. 16-январда Таиланд, 21-январда Сауд Арабиясы, 25инде болсо Оман менен беттешет.
Катар былтыр футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөргөн. Футбол тарыхында биринчи жолу күз-кышкы мезгилинде өткөрүлгөн чемпионат – эң кымбат мелдеш болуп калды. Аны өткөрүү үчүн Катар 200 миллиард доллар сарптаган.