Хадижа Исмаилованын күрөшү уланат

Хадижа Исмаилова

Боштондукка чыккан “Азаттыктын” азери кызматынын журналисти Хадижа Исмаилова бийликтин былык иштерин иликтөөнү токтотпосун билдирди. Ал жөн жерден камалганын айтып, өзүн актоону да талап кылат.

"Мурдагыдан да энергиям ашып турат, мурдагыдан да жашмын", - деди Хадижа абактан чыккандан кийин абалын сурагандарга жооп берип жатып.

27-май анын туулган күнү. Адатта кыздын жашын айтпайт. Бирок укук коргоочулар Хадижанын урматына бул күнү дүйнөнүн 40 шаарында митинг өткөрүшмөкчү. Анда журналист биротоло акталып, Азербайжандагы башка да саясий туткундар бошотулушун талап кылышат.

“Азаттыктын” азери редакциясынын журналисти Хадижа Исмаилова абактагы жашоосунан азыноолак кеп салды:

Хадижа Исмаилова абактан чыккан учурда

- Бир жарым жылда карманып, эрктүү болууга аракеттендим. Испан тилин үйрөнө баштадым. Алар менин ишимди толук токтотуп кое алышкан жок. Эң жагымдуу жагдайлардын бири түрмөдө отуруп алып кесиптештериңдин иликтөөлөрүн окуу. Бул андагы менин жашоомдун сонун сүртүмдөрү болду.

Ошондой эле ал камакка алуу менен бийлик эркин майтара албаганын мындайча белгиледи:

- Менимче, өкмөт мени түрмөдө кармоо алар үчүн кымбатка түшөрүн түшүнгөн убакыт келди. Анткени алар мени кармаганда көздөгөн максаттарынын бирине да жеткен жок. Бийликке карата сынды азайта алышпады. Алар бийликтегилердин офшордук компаниялары тууралуу иликтөөлөрдүн санын кыскарта алышкан жок. Демек, мени камоо аларга эч кандай жардам бербеди.

Хадижа Исмаилова мурда дал ушул бийликтин офшорго каткан байлыктарын иликтеп, ал аркылуу Илхам Алиевдин кызы өлкөдөгү эң башкы Azercell телефон компаниясын көзөмөлдөрүн, Бакуда кеминде эң мыкты алты мейманканасы жана башка жерлерде ченемсиз мүлктөрү бар экенин жазган.

Бул жазгандар жакында эле "Панама документтери" деген ат менен чыккан офшор чырында бышыкталып, Алиевдин кыздары атургай офшордогу компаниясы аркылуу Кыргызстанда кен казууга аракет кылганы ашкереленди. Хадижа мындан ары да иликтөөсүн улантарын, абакта жатып, бийлик менен тил табышууга аракет кылбаганын кошумчалады:

- Бийликке кылыктарынын изин жууп кетүүгө жардам берген жокмун. Эч кандай кечирим сурап кат жазбадым, эч нерсе сурабадым. Өкмөт сөз эркиндиги үчүн элди камоо өтө кымбатка турарын, ошондуктан муну токтотушу керектигин сезиши керек.

Азербайжан президентинин үй-бүлөсү

Эркин пикири, бийликке каяшасы үчүн Азербайжанда ондогон адамдар камалган. Эл аралык укук коргоочу уюмдар, батыш мамлекеттеринин чакырыктарынын негизинде алардын бир тобу бошотулган. Бирок АКШ саясий негиз менен абакта дагы 80 адам жатканын билдирүүдө.

2015-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу, салык төлөөдөн качуу деген шылтоо менен кесилген Хадижанын 7,5 жылдык абак жазасы 3,5 жылдык шарттуу мөөнөткө алмаштырылган. Бирок укук коргоочулар да, Хадижа өзү да акталышы керектигин, анын үстүнө бийлик камап, уурдаган 1,5 жылын да төлөтүүгө камынууда. Өлкөдөн эч кайда чыкпасын, күрөшөрүн айтууда.

Хадижанын бошотулушун Евробиримдик, АКШ жана Amnesty International, Freedom House баштаган укук коргоо уюмдары кубаттап, колдоого алышты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пейж

- Бул – Хадижа жана бүтүндөй журналисттер, сөз эркиндиги үчүн маанилүү күн. Хадижанын өзү, жакындары үчүн абдан кубанып, анын ишке кайтышын чыдамсыздык менен күтүп турган чак - деди.