Азербайжандагы чукул шайлоонун сыры

Азербайжандын биринчи вице-президенти Мехрибан Алиева, президенти Илхам Алиев.

Азербайжан президенти октябрды күтпөстөн кезектеги шайлоону апрель айына белгиледи. Буга эмне себеп болгонун тактаган жок. Айрым саясий күчтөр себебин айтууну талап кылса, башкалар шайлоону капыл-тапыл өткөрүү менен бийлик атаандаштарына даярданууга мүмкүнчүлүк бербей жатат дешти.

Азербайжан президенти Илхам Алиевдин мөөнөтү быйыл октябрда аяктап, ошол маалды утурлай кезектеги шайлоо өтмөк.

Бирок 5-февралда Алиев капыстан эле жаңы датаны жарыялап жиберди. Президенттин сайтында кезексиз шайлоону 11-апрелде өткөрүү керек деген гана эки ооз кабар чыгып, анын себеби такталган эмес.

Кийинчерээк гана жергиликтүү "Азертаж" мамлекеттик маалымат агенттигине президенттин кеңешчиси Али Гасанов комментарий берди.

Анын айтымында, быйыл май айынан тарта Азербайжандын демократиялык республика катары калыптанганынын 100 жылдыгы, Эл аралык гуманитардык форум жана башка иш-чаралар өтөт. "Алардын көбү кийин шайлоого оро-пара келип калат" дейт Гасанов.

Бирок айрым азербайжандыктар бул тыянакка ынабай тургандай.

Натиг Жафарли

"Республикалык альтернатива" кыймылынын жетекчиси, экономист Натиг Жафарли бир себеби катары Орусиядагы президенттик шайлоону атады:

- Орусияда мартта президенттик шайлоо өтөт. Ошондо дүйнөлүк коомчулуктун жана европалык институттардын көңүлү ал жакка бурулат. Шайлоо марттын 18инде өтсө, дагы эки ай ичинде жыйынтыгы жарыяланат. Анын натыйжасында каршылык акциялары жана башка иш-чаралар өтөт. Бул апрелге чейин созулат. Башкача айтканда, Орусия дүйнөлүк коомчулуктун назарында болот. Ушундай жагдайда Азербайжандыкы Орусиянын көлөкөсүндө калат да, биздин бийликке шайлоо өткөрүүгө ыңгайлуу болот.

Азербайжандык адвокат Алиаскар Маммадли эгер президент элди сыйласа 5-февралдагы чечиминин чыныгы себебин айтып, жөндүүлүгүнө элди ынандырышы зарыл.

- Бул кезексиз шайлоонун өзгөчөлүгү өзгөчө кырдаалда тургандыгыбызда. Ушул абалда биз кезексиз шайлоо өткөрө албайбыз. Ошон үчүн бул чечимге түрткөн себептер ачыкка чыгарылып, негизделиши керек. Муну мыйзам талап кылат.

Маммадли "өзгөчө кырдаал" деп экономикалык жагдайды эске алууда. Анын пикиринде, шайлоого бюджеттен ири каражат сарпталып, өкмөттүн иши аксашы мүмкүн.

Иса Гамбар

Оппозициялык "Мусават" партиясынын лидери, парламенттин экс-спикери Иса Гамбар ушуну эске алат.

Анын оюнча мунайдын арзандоосунан улам Азербайжан экономикасы каржалып, чукул реформаларга муктаж болуп турган кези. Бул эл арасында нааразылыктын күчөшүнө алып келиши ыктымал дейт серепчи.

- Бул октябрда шайлоону будамайлоо азыр же апрелдегиге караганда кыйла оор болот деген бийликтин чочулоосу. Анткени азыр Азербайжандагы өтө олуттуу социалдык-экономикалык кризис тереңдеп жатат. Бийлик ушуга чейин кризисти чечип, Азербайжандын чыныгы эркин экономикалык-саясий мамилелердин жолуна чыгышы үчүн эч бир алгылыктуу кадамдарды жасаган жок. Ушундан алганда Азербайжанда коомдук-саясий кырдаалдын курчушу талашсыз. Каршы маанайдагы электорат албетте активдешет. Бийлик муну түшүнүп турат.

Ошондой эле саясатчы Батыштын Орусияга каршы санкциялары алынбай, кайра күчөп жатканын эске салат. Мындай шартта Москва Азербайжандагы жана башка постсоветтик өлкөлөрдөгү бийликтерди колдоосун солгундатат деп эсептейт:

- Ушундан алганда Азербайжан бийлиги процесстерди тездетип, өзү үчүн жагдайды салыштырмалуу жакшыртып алгысы келип жатат. Шайлоону чукул өткөрүп жатканынын дагы бир себеби, коомчулукка ага даярданууга мүмкүнчүлүк бербөө, оппозицияны шайлоого масштабдуу катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу.

Иса Гамбар 2003-жылкы президенттик шайлоодо Илхам Алиевге атаандашып, 14% добуш алган. Ал бүгүнкү күндө добуштар так эсептелип, будамайлоо болбосо "Мусаваттын" талапкери жеңет деп ишендирүүдө. Президенттин жарлыгынан кийин партия чукул жыйын өткөрдү. Бирок талапкерин тактай элек.

Илхам Алиев 2003-жылы өлкө башына атасы, Азербайжанды он жыл башкарган Гейдар Алиев өлгөндөн кийин келген.

Андан бери карай өткөн үч шайлоодо тең Илхам Алиев 75 пайыздан кем добуш алган эмес.

Бул ирет да президенттикке көрсөтүлгөн Алиев эгер жеңип чыкса мурдагыдай беш эмес, жети жылга шайланат.

Азербайжандын лидери чукул жана таң калычтуу чечимдери менен белгилүү. Маселен, өткөн жылы өз аялы Мехрибан Алиеваны биринчи вице-президент кылып дайындаган.

Мунайга бай бул мамлекеттин президенти өзүнө каяша айткан журналисттерди, укук коргоочуларды жана коомдук активисттерди эч кандай негизсиз камап келгени үчүн эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет. Президент өзү адам укуктарын бузуп жатканын эч качан мойнуна алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.