Азербайжан: оппозиция бойкот жарыялаган шайлоо

Шайлоо жарнагы.

11-апрелде Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өткөнү турат. Ага азыркы президент Илхам Алиевден тышкары жети талапкер катышууда. Оппозиция бул шайлоого байкот жарыялап, ал адилеттүү өтөрүнө ишенбестигин билдирген.

Кезексиз президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу президент Илхам Алиев быйыл февралда жарыялап, бирок анын себебин негиздеп түшүндүргөн эмес. Айрым эксперттер президентти Азербайжандын экономикасы тынчсыздандырууда, ошондуктан элдин нааразылыгы күчөй электе шайлоо өткөрүүнү көздөп жатканын белгилешкен.

Шайлоого катышуудан баш тарткан оппозициялык күчтөр анын мөөнөтүн октябрдан апрелге жылдыруу менен Алиев өз атаандаштарына даярданууга убакыт калтырбаганын, ал эми каттоодон өткөндөр чыныгы атаандаштар эмес экенин билдирүүдө.

Шайлоону жана демократияны изилдөө борборунун жетекчиси Анар Мамедли да президенттик шайлоонун өз мөөнөтүнөн мурда жарыяланышынан улам оппозициянын жана коомдук уюмдардын ага катышууга даярдыгы болгон жок деп эсептейт. Күчтүү атаандаштыгы жок быйылкы шайлоого Анар Мамедли мындайча баасын берди:

- Мисалы, шайлоо өнөктүгүнө бейөкмөт уюмдардын, диний мекемелердин, жергиликтүү аткаруу бийлигинин катышуусу катталды. Булардын баарын эске алганда, адилеттүүлүк, теңдик жана атаандаштык принциптери бузулганына күбө болуп жатабыз. Бардык мамлекеттик жана интернет маалымат каражаттары өкмөттүн пропагандасына катышты. Ошондуктан мен шайлоо өнөктүгүн күчтүү эмес атаандаштык, шайлоонун альтернативдүү жана демократиялык жолдорунан кетенчиктөө деп карап жатам.

Анар Мамедли.

Азербайжанда бул шайлоо оппозициячыл саясатчылар жана эркин журналисттер камалып, көз карандысыз, сынчыл ой-пикир айткан активисттер куугунтукталып жаткан учурда өтүүдө.

“Журналисттерди коргоо комитети” эл аралык уюму 6-апрелде тараткан билдирүүсүндө Азербайжан бийлиги шайлоонун алдында "саясий майданды эркин ой-пикир билдирүү жолдорунан толук тазалаганы айтылат".

“Сынчылардын оозун басууда Азербайжан бийлиги мээнеткеч жана айлакер болду” деген уюм шайлоонун алдында оппозициялык талапкерлер камалганын же алардын шайлоого катышуусуна тоскоолдук жасалганын да белгилеген.

Азыркы президент кайра эле утат деп күтүлүп жаткан шайлоого учурдагы президент Илхам Алиевди кошкондо сегиз талапкер катышууда.

Бир катар оппозициялык күчтөр – Улуттук кеңеш, Мусават партиясы, Элдик майдан партиясы, НИДА жарандык кыймылы жана Мусулман союзу бул шайлоого бойкот жарыялаган. Оппозиция каттоодон өткөн талапкерлер бийликтеги президент Илхам Алиевге атаандаш боло албай турганын белгилешүүдө.

Азербайжандын биринчи вице-президенти Мехрибан Алиева, президенти Илхам Алиев.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мазахир Панаховдун көз карашында, эркин жана адилет шайлоо өткөрүүгө бардык мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Президент Илхам Алиев өзү да өнөктүк демократиялык шайлоо мыйзамдарынын негизинде, адилет, ачык-айкын өтөрүн айтып, анын жыйынтыгы азербайжан элинин эркин көрсөтөт деп белгилеген.

Мамлекет башына өз атасынан кийин эле келген Илхам Алиев өлкөнү 15 жылдан бери башкарат жана буга чейинки үч шайлоодо 75 пайыздан көп добуш алган. Акыркы, 2013-жылдагы шайлоодо ал 84,5% менен жеңишке жеткен. Былтыр Конституцияга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, бул ирет президент жети жылдык мөөнөткө шайланат.

Мунайга бай бул мамлекеттин президенти Илхам Алиев өзүнө каршы сын айткан журналисттерди, укук коргоочуларды жана коомдук активисттерди эч кандай негизсиз камап келгени үчүн эл аралык уюмдардын сынына кабылып келет. Президент өзү адам укуктарын бузуп жатканын эч качан мойнуна алган эмес.

Ал былтыр өз аялы Мехрибан Алиеваны биринчи вице-президент кылып да дайындаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.