Нардаранда намаздан чыккан чыр ырбады

Полиция кызматкери жергиликтүү тургундун документин текшерүүдө. Нардаран

Азербайжан бийликтери 1-декабрда Бакунун чет жакасындагы Нардаран айылында атайын операция жүргүзүп, үйлөрдү тинтүүгө алды. Өткөн аптада ушул айылдагы намаз учурунда жергиликтүү тургундар полиция менен кагылыша кетип, андан жети адам ажал тапкан эле.

Азербайжан полициясы шейшембиде эртең менен адегенде Нардаран айылындагы бардык жолдорду жаап, үйлөрдөн курал-жарак издөөгө киришти. Күбөлөр айылга өкмөттүк күчтөр менен атайын техникалар да киргенин билдиришти. Айыл тургундарына коомдук тартипке жана бийлик өкүлдөрүнө коркунуч туудурган кадамдардан оолак болушу жана алардын айткандарына баш ийүүсү зарылдыгы эскертилди.

Айылдагы жамааттык лидер Натиг Керимов “Азаттыктын” азери кызматына дээрлик ар бир үй тинтүүгө алынып жатканын айтты. Атын айткысы келбеген дагы бир тургун мындай абалдан айыл калкынын үрөйү учуп турганын белгиледи.

Азербайжандын Ички иштер, Улуттук коопсуздук министрликтери жана Башкы прокуратурасы бул окуя тууралуу биргелешкен билдирүү таратып, операция “жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин” коргоо, “кылмышкерлерден” курал-жаракты жана жардыруучу заттарды табуу максатында өткөрүлүп жатканына токтолду.

Күч түзүмдөрү мындан бир аптадай мурда, 26-ноябрда борбор калаа Бакунун четиндеги бул конушта рейд жүргүзгөн учурда полиция менен кагылышуу чыгып, алты адам мерт болгон. Кийинчерээк жаракат алгандардын дагы бири каза тапкан. Намаз учурундагы атышта окко учкандардын арасында полициянын эки кызматкери да бар эле. Бийликтер муну “диний экстремисттерге” каршы рейд деп атаган. Бул окуядан соң полиция он төрт адамды, анын ичинде “Мусулман биримдиги” деп аталган топтун башчысы Тали Багризадени да кармап кеткен.

Бийликтер көп өтпөй Нардарандагы диний экстремисттер өлкөдөгү “саясий туруктуулукту бузуу үчүн теракттарды жана массалык башаламандык уюштурууну” мерчемдегенин билдирген.

Азербайжан бийлиги жогоруда сөз болгон “Мусулман биримдиги” кыймылын өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү күчтөп өзгөртүп, шарият талаптарына шайкеш диний мамлекет курмакчы болгон деп да айыптоодо. Аталган айыл болсо диний экстремизмдин очогу катары эсептелип жатат.

Бирок нардарандыктар мындай айыптоону кескин четке кагып, айыл эч кандай экстремизмдин очогу болбогонун айтууда. Алар болгону 26-ноябрдагы атышта мерт болгондордун сөөгүн кайтарып берүүнү жана дин тутуу укугун талап кылып жатышканын билдирүүдө.

Жамааттык лидер Натиг Керимов айыл калкы бийликчил маалымат каражаттары туура эмес кабар таратып, айрымдары Нардаранды өкмөткө каршы козголоң уюштуруу үчүн экстремисттер даярдалган борбор катары сүрөттөгөнүнө кыжырданып жатканын билдирди.

Азербайжандагы “Туран” маалымат агенттигинин редактору Шахин Гаджиев бийликтер 26-ноябрдагы атышта каза болгондордун сөөгүн кайтаруу убадасын аткарбай жатышы да эл арасында нааразылык пайда кылганын айтат:

- Алар мерт болгондордун жасатын 2-3 күндө беребиз дешкен. Бирок азырынча ал убадасын аткара элек. Бул адам укуктарын бузууга жатат.

Шахин Гаджиев андан ары өкмөт бул айылга байланыштуу эмне кыларын билбей жатканын кошумчалады.

- Эч кандай стратегия жок. Алар эртең эмне болуп кетиши ыктымалдыгын да ойлонбой жатат. Бул боюнча эч кандай диалог, эч кандай талкуу да жүргөн жок. Өкмөт кырдаалды бир гана күч колдонуу менен жөнгө салууну көздөп жатышы реалдуу проблема.

Азербайжан негизинен шиит мусулмандары басымдуулук кылган өлкө. Бирок Нардаран ирандык фундаменталисттердин таасиринде калып, светтик бийлик менен анча ымаласы келишпеген айыл катары каралууда. Айылдагы көпчүлүк аялдар бүт тулку боюн жамына чүмкөнүп жүрсө, кыздар өлкөдө тыюу салынганына карабай мектепке да хижаб, же жоолукчан барары айтылууда. Айыл баш калаа Бакудан болгону 25 чакырымдай гана аралыкта турат.

Азербайжанда расмий катталбаган “Мусулман биримдиги” кыймылынын башчысы Тали Багризаде болсо Ирандан билим алып келген экен.

Нардарандагы окуялар ордо шаар Бакуда да чочулоолорду жаратып, полиция метро бекеттеринде жана эл көп чогулган жерлерде көзмөлдү күчөттү.