Журналист ачкачылык кармай баштады

Ачкачылык кармап баштаган журналист Хадижа Исмаилова. Баку, 15-январь, 2019-жыл.

Азербайжандагы иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилова абактагы блогер Мехман Гусейновго тилектештик билдирип, ачкачылык кармап жаткан активисттерге кошулду.

Мехман Гусейнов полицияга жалган жалаа жапкан деген айып менен эки жылга кесилген. Анын жаза мөөнөтү быйыл жазда аяктамак.

Бирок өткөн жылдын соңунда ага каршы түрмө кызматкерин сабаган деген айып менен жаңы кылмыш иши ачылганы маалым болду. Бул айып боюнча блогер дагы беш-алты жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан улам ал үч апта мурда ачкачылык жарыялаган. Ага тилектештик билдирип Бакуда бир нече активист да ачкачылык кармаган.

15-январда алардын катарына таанымал иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилова да кошулду.

Исмаилова бийликке бир нече талап койду: саясий туткундарга тагылган жалган айыптарды алуу, сөз эркиндиги үчүн айыпталып, абакта жаткан бардык журналисттерди, блогерлерди жана активисттерди эркиндикке чыгаруу жана Азербайжанда саясий куугунтукка кабылган бир да адам болбосуна жетишүү. Учурда журналист менен кошо алты киши ачкачылык кармап жатат.

Мурдараак Исмаилова «Настоящее время» телеканалына курган маегинде Гусейнов 2017-жылдын февраль айында Бакунун көчөлөрүндө жүргүзгөн сурамжылоо бийлик үчүн «акыркы тамчы» болгонун айткан. Анда блогер шаар тургундарына «Эгер сиз ишкана жетекчиси болсоңуз, өз аялыңызды орун басар кылып дайындайт белеңиз?» деген суроо салган.

Ал жерде эч кимдин ысымы так айтылбаса да бардыгы Азербайжандын президенти Илхам Алиев аялын биринчи вице-президент кылып дайындаганы тууралуу кеп болуп жатканын түшүнгөн.

Исмаилова өзү да 2014-жылы салыктан качкан, мүлктү мыйзамсыз жол менен ыйгарып алган деген өндүү айыптардын негизинде жети жарым жылга кесилген. Эл аралык коомчулуктун сынынан кийин Азербайжандын Жогорку соту өкүмдү үч жарым жылдык шарттуу жазага алмаштырып, журналистти абактан чыгарган. Исмаилова ага каршы козголгон иштин артында саясат турганын айтып келген.

«Башка арга калган жок»

Азербайжандагы Human Rights club уюмунун төрагасы Расул Жафаров активисттердин ачкачылык кармоодон башка аргасы калбаганын айтты:

- Бийлик аларды угат деп айтыш кыйын. Ошентсе да соңку жылдары мынчалык ири масштабдагы ачкачылык акциясы болгону менин эсимде жок. Ошол себептен бийликке деле кыйын болуп жатса керек деген ойдомун. Бул акцияны саясий туткундар баштады. Күтүүсүздөн аларды коом колдоду. Бул нерселерди эске алуу менен өкмөткө кыйын абал жаралды окшойт. Анткени бул маселени чечүү боюнча алардын так планы жок.

Отуз жылдан ашуун адам укугун коргоо менен алектенип келген Лейла Юнус учурда Нидерланддарда жашайт. Ал жолдошу, саясат таануучу Ариф Юнус менен экономикалык кылмыштарга айыпталып, 2014-жылы жети жана 8,5 жылга эркинен ажыратылган. Алар тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин айтып келишкен. Кийинчерээк апелляциялык сот укук коргоочулардын жазасын жеңилдетип, беш жылга шарттуу кескен. Лейла менен Ариф Юнус өлкөдөн чыгып кеткен.

- Азербайжанда жарандык коом түп-тамырынан жок кылынып жатат. 2013-жылдын башында «Азербайжандагы саясий туткундар» деген аталыштагы резолюция Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында колдоо тапкан жок. Бул мени таң калтырды. Биз аны даярдоого абдан көп эмгек, убакыт сарптаганбыз. Быйыл гана 2019-жылы, ал кездеги кеңештин депутаттарын сатып алуу үчүн үч-төрт млн. евро коротулаганы маалым болду. Азербайжандагы азыркы абалды мен «кландык диктатура» деп атайм, - дейт Лейла Юнус.

Азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнус.

  • 13 -январда социалдык тармактарда Илькин Рустамзаде, Байрам Мамедов баш болгон бир катар абактагы активисттердин билдирүүсү жарыяланган. Алардын бардыгы эл аралык уюмдар тарабынан саясий туткун деп таанылган. Алар Гусейновго тилектештик билдирип, жабык жайларда ачкачылык кармап жатканын кабарлашкан.
  • 14-январда Азербайжандын Жаза аткаруу кызматы абактарда болуп жаткан ачкачылык акциясы тууралуу маалыматты четке какты.
  • 3-январда Бакуда Гусейновго колдоо билдирип нааразылык митингине чыккан төрт адамга айып пул салынып, дагы төрт киши камалган.
  • 6- январда дагы активисттердин тобу блогерди колдоо максатында Бакунун апелляциялык сотунун имаратынын алдында пикет өткөрүүгө аракет кылган. Бирок полиция аларга мүмкүнчүлүк берген эмес. Алты киши, анын ичинде уюштуруучусу Мете Тюрксой кармалган.

Азербайжандык укук коргоочулардын эсебинде өлкөнүн абактарында жүздөн ашуун «саясий туткун» отурат.

Ал эми Гусейновдун тагдыры тууралуу эл аралык коомчулук да тынчсыздануусун билдирди. Европа кеңешинин адам укуктары боюнча комиссиясынын башчысы Дунья Миятович азери бийлигин блогерди куугунтуктоону токтотууга үндөгөн. Ошондой эле «Чек арасыз кабарчылар», «PEN America» сыяктуу уюмдар анын таламын талашып чыкты.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​