OCCRP: Азербайжан элитасы Европа саясатчыларына пара берип турган

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана анын аялы, вице-президент Мехрибан Алиева.

Азербайжандын башында турган элита өкүлдөрү 2012-2014 жылдары Британияда катталган жасалма компаниялар аркылуу өлкөдөн үч миллиард доллардай акчаны чыгарып кеткен, ал каражаттын бир бөлүгү Европалык саясатчыларга пара катары берилген. Бул тууралуу Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтеген борбордун баяндамасында айтылган. Расмий Баку мунун бардыгын четке кагууда.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө менен алектенген борбор (OCCRP) 4-сентябрда жарыялаган баяндамасында Азербайжан бийликтери Британиядагы жасалма компаниялар аркылуу үч миллиарддай арам акчаны адалдаштырганы белгиленген.

Иликтөөнүн авторлору бул каражат кийин "баалуу буюмдарга" сарпталганын жана Азербайжандын кызыкчылыктарын коргоп, өлкөдөгү адам укуктарын сынга алган резолюцияларды өткөрбөй келген Европадагы саясатчыларга пара катары берилгенин айтышууда. Азербайжан тараптан иликтөөгө "Азаттык" радиосунун журналисти Хадижа Исмаилова катышкан.

- Бул үч миллиардга бир аз жетпейт, тактап айтсак 2,9 миллиард доллардан бир аз ашат. Бул акча бир эсепте сакталып калчу эмес, аларды дароо башка жактарга которушчу. Каражаттын кайсы бир бөлүгү Европа саясатчыларынын жана журналисттердин колуна тийген, дагы бир бөлүгү адалаштырылып, олигархтардын үй-бүлөлөрү менен байланышы бар офшордогу компаниялардын эсебине которулган, ал эми каражаттын дагы бир бөлүгү баалуу буюмдарды сатып алууга сарпталган, - деди Хадижа Исмаилова.

Журналист Хадижа Исмаилова.

Аталган борбордун бул иликтөөнү баштоосуна бир нече маалымат каражаттарына анонимдүү булактан келип түшкөн банк документтери түрткү болгон. The Guardian басылмасынын жазышынча, арам акчаны адалдаштыруу туралуу маалыматты алгач Даниянын Berlingske гезитинин журналисттери алышкан. Кийин иликтөөгө немис, француз, британ жана болгар басылмаларынын кызматкерлери да кошулушкан.

Журналисттер 2012-2014 жылдардагы документтерди иликтеп чыгышкан. Анын натыйжасында Британиядагы компаниялардын баары Азербайжандагы белгисиз адамдардын атына катталганы аныкталган. Хадижа Исмаилова Британиядагы компаниялардын кагазда көрсөтүлгөн ээси менен сүйлөшкөнүн, ал Бакудагы эч нерседен капары жок иштеген жөнөкөй айдоочу болгонун айтты:

- Расмий түрдө бул компаниянын директору Махаррам Ахмедов экени жазылган. Ал Тоолуу-Карабактын Губадлы айылынан келген качкын. Ал абдан жарды жашайт жана анда мындай акча жок экени көрүнүп эле турат. Махаррам банкта жөн гана айдоочу болуп иштечү. Болгону анын документтери компаниянын эсебин ачууда колдонулган. Ал керек болсо эмне документтерге кол койгонун да билген эмес жана анын эсеби аркылуу канча деген акча өтүп жатканынан да кабарсыз болгон. Мен кеп миллиарддаган акча тууралуу болуп жатканын айтканда, ал абдан шок болду.

Баяндаманын авторлору Британиядагы компаниялардын эсебиндеги акча кай жактан келип турганын так айта алышпаганы менен, алар Азербайжандагы жогорку даражалуу атка минерлер, анын ичинде президент Илхам Алиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешеси бар тармактардан түшкөнүн боолгошууда. Иликтөөнүн авторлорунун бири, орусиялык "Новая газета" басылмасынын кабарчысы Роман Аниндин айтымында, сөз болуп жаткан эсептерге эң ири сумма кийин өзүн банкрот деп жарыялаган мамлекеттик банктан түшкөн:

- Биз акчанын көбү мамлекеттик Азербайжан эл аралык банкынан (International Bank of Azerbaijan) түшкөнүн боолголодук. Кеп 1,4 миллиард доллар жөнүндө болуп жатат. Биздин оюбузча бул акча банкка акчаларын салгандардан, тактап айтсак, жөн-жай азербайжандыктардын эсебинен уурдалган.

Азербайжан бийликтеринен пара алган делген европалык аткаминерлердин арасында Каспий деңизинин боюндагы, мунайга бай бул мамлекеттеги шайлоо тууралуу оң отчет даярдаган Германия Бундестагынын экс-депутаты, Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ПАСЕ) байкоочулар комиссиясынын мурдагы төрагасы Эдуард Линтер бар. Ал 2012-2014 жылдары жалпысынан Азербайжан элитасынан 891 миң доллар алганы жазылган.

Ошондой эле тизмеде Азербайжандагы саясий туткундар боюнча резолюцияны өткөрбөй койгон ПАСЕнин депутаты, италиялык саясатчы Лука Волонте бар.

Италиялык саясатчы Лука Волонте.

Андан тышкары болгариялык саястчы, ЮНЕСКОнун директору Ирина Бокованын да ысымы аталган. Отчетто анын жолдошу Калин Митрев жасалма фирмалар аркылуу 20 миң доллардай акча алгандан кийин Бокова "Азербайжан-толеранттуулук аймагы" деп аталган көргөзмө уюштурганы да айтылган.

Жалпысынан Митревдун эсебине 425 миңдей доллар түшкөн. Журналист Хадижа Исмаилова эл аралык уюмдар бул фактыларды тезинен иликтеп баштайт деген үмүттө экенин айтты:

- Азербайжандагы коррупция жугуштуу болуп чыкты. Ал эл аралык уюмдарга чейин жукту. Бул иликтөөнүн ийгилиги Египет же Өзбекстандагыга салыштырмалуу тезирээк сезилет, анткени эл аралык уюмдар өз стандарттан коргоп, Азербайжан өкмөтүнөн мына ушундай жол менен пара алып турган саясатчылар боюнча иликтөө башташат деген үмүттөмүн.

Баяндамада ошондой эле чогултулган акчанын бир бөлүгү баалуу буюм-тайымдарды сатып алууга жана белгилүү Азербайжан аткаминерлеринин чет мамлекеттерде окуган балдарынын билим алуусуна коротулганы жазылган.

Азербайжандын өкмөтү бир күн мурда жарыялаган иликтөөнүн жыйынтыктарын четке какты. 5-сентябрда өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө баяндамадагы айыптоолорго президенттин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кандай тиешеси жоктугу белгиленген.

Ошондой эле Азербайжан бийлиги бул иликтөө америкалык ишкер Жорж Сорос жана анын тарапташтарынын колунан келди деп эсептешерин, ошол себептен алгач "Соростун кир кылыктарын иликтөө керек" деп жазат.

Илхам Алиев бийликти 2003-жылы атасы Гейдар Алиевден өткөрүп алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.