АКШ Орусияны Украинада "ойлонбостон" аракет кылып алчу болсо, кесепетке кабылат деп эскертти

Орусиялык пикетчи "Согушка жол жок! Орусия менен Украина кас душмандар эмес" деген сөздөрү бар жарнакты көтөрүп турат. Псков шаары, Орусия. 2021-жылдын 11-апрели.

Украинанын чек арасына жакын жерде Москва өз аскерлерин топтоп жаткандыгына дүйнө тынчсызданып жаткан маалда, АКШ эгерде Орусия Украинага карата чалагайымдык менен “ойлонбостон же баскынчыл иш-аракетке” жол койчу болсо, анда тийешелүү “кесепеттерге” кабыла тургандыгын эскертти.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 11-апрелде “NBC” сыналгы каналынын “Басма сөз менен жолугуу” берүүсүнө маек куруп жатып: "Президент Байден бул жөнүндө оюн абдан таасын айтты. Эгерде Орусия ойлонбостон же баскынчыл иш-аракет кылчу болсо, анда анын айынан чыгымдарга, кесепеттерге туш болот", – деди.

Дагы караңыз Украина: Зеленский Донбасска барды


Акыркы апталарда Украинанын өкмөттүк аскерлери менен өлкөнүн чыгышындагы орусиячыл жикчилдердин ортосунда уруш күчөп келет. Орусиялык аскерлердин жаңы бөлүктөрү Украинанын чек арасына жакын орус аймактарына жана Украинанын Кремль басып алган Крым жарым аралына кошумча топтоштурулуп жаткандыгы далилденди.

Дагы караңыз CIT: орусиялык аскерлер Украинага 250 чакырымдай жакын жерге жайгашты


Москва Батыштын өз аскерлерин артка кайтаруу чакырыгын четке какты. Орусия бийлиги бул аскерлердин “коркунуч жаратып” жаткандыгы тууралуу доолорду өзүнө жуутпастан, өз мамлекетиндеги аскер бөлүктөрүнүн жер которуулары өлкөнүн ички эгемендиги маселесине жатаарын кошумчалады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 11-апрелде "эч ким согушту көздөп отурган жок", – деди. Бирок Песков мырза Москва Украинанын чыгышында жашаган орус тилдүүлөрдүн тагдырына "кайдыгер карабайт" деп да кошумчалады.

11-апрелде Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб Лондон менен Вашингтон "Орусиянын Украинаны туруксуздаштыруу өнөктүгүнө караманча каршы турушат" деп билдирген жана Орусияны ансыз да дүрбөлөңдүү кырдаалды курчутпоого чакырган.

Дагы караңыз Пентагондун башчысы Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалуунун шартында өз өнөктөштөрүнө жолугат


НАТОго мүчө өлкө болгон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 10-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Стамбул шаарында сүйлөшүү жүргүздү. Бул жолугушуудан кийин ал Украинанын чыгышындагы, анын ичинде Донбасс аймагындагы дүрбөлөңдүү окуяларды дароо токтотууга чакырды.

“Ошондой эле биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана Түркиянын эгемендигин чечкиндүү коргойбуз. Биз Крымдын (Орусия тарабынан) каратылып алынышын тааныбоо боюнча өзөккү чечимибизди дагы бир жолу тастыктадык”, – деди президент Эрдоган. (TT)