Британиядагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо Брекзитти жактаган Консерваторлор партиясы чоң жеңишке жетти. АКШнын Сенаты Осмон империясы маалында армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныган резолюцияны кабыл алды. Анкара Вашингтонго кескин жооп кайтарды. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын айланасындагы жагдайга байланыштуу камтамачылык билдирди.