Пакистан: Имран Хан парламентте ишеним добушун алды

Пакистанын өкмөт башчысы Имран Хан чалгын кызматынын Равалпиндидеги кеңсесин кыдырууда. 2020-жылдын 29-ноябры.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан оппозициячыл депутаттардын добуш берүүгө бойкот жарыялашынын шартында парламентте ишеним добушун алды.

Имран Хандын лидерлигине карата 6-марттагы жүргүзүлгөн добуш берүүдөн бир нече күн мурда эле анын партиясынан чыккан бир талапкер шайлоодон утулуп калып, анын айынан Имран Хандын партиясы өлкөдө премьер-министрди шайлаган парламенттик үйдө көпчүлүк орундан айрылып калган болчу.

Имран Ханды жактап 178 добуш берилди, бул – парламенттин төмөнкү үйү болгон Улуттук Жыйында талап кылынган минимум көрсөткүчтөн алты добушка көптүк кылат.

3-мартта Исламабаддагы Сенаттын мандаты үчүн жарышта анын партиясынын талапкери Абдул Хафиз Шейх оппозициянын талапкерине утулуп калгандан кийин, Имран Хан Улуттук Жыйындын атайын отурумун чакырган.

Добуш берүүдөн кийин Имран Хан оппозициянын лидерлерин жемкорлукта айыптады.
“Алар олчойгон жемкорлугунун аркасында өлкөнү талап-тоноп, өлчөөсүз зыянга учуратышты», – деп премьер билдирди.
Имран Хан жана анын партиясы 2018-жылы өткөн жалпы улуттук шайлоодо жеңишке жетишкен.

Бирок бул жеңишке өлкөнүн аскерий жетекчилиги аны колдоп жатат деген айыптоолор көлөкө түшүргөн болчу. Имран Хандын бийликтеги кезинде оппозиция лидерлери кысымга алынып, цензура күчөп, башкача ой жүгүрткөндөр куугунтукка алынып келет.

Пакистандын генералдары өлкөнү ондогон жылдар бою башкарып келишкен жана көп учурларда демократиялык лидерлерге бөгөт коюу үчүн жарандык өкмөттөрдөгү төбөлдөргө багыт таңуулаган жана шайлоолордун жыйынтыктарын бурмалаган ыкмаларга барган деп айыпташат.

Сенаттагы шайлоодо бир орун жоготкондон кийин Имран Хан ушул аптада эки кубаттуу аскер төбөлү менен жолугушту.

Бул кабардан соң көп партиялуу оппозициялык блок болгон «Пакистан Демократиялык Кыймылы» Имран Ханга ишеним көрсөтпөө тууралуу добуш берүү жүрүмүн бойкот кыла тургандыгын жарыялады.

Улуттук Жыйындагы ишембидеги добуш берүүдөн кийин оппозициячыл «Пакистан Демократиялык Кыймылынын» башчысы Маулана Рехман баары бир Имран Хандын өкмөтү "бул мамлекеттин өкүлчүлүктүү өкмөтү болуп эсептелбейт", – деп журналисттерге билдирди.