Манас айылына жаңы бейтапкана салынды

Кыргызстандагы оорукана. Жалпы сүрөт.

Кыргызстандын Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас айылына жаңы бейтапкана салынды.

Эки кабаттуу имараттын курулушун Катардын кайрымдуулук фонду каржылады.

Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 21-февралда кабарлады. Бейтапкананын ачылышына саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев катышты.

"Катардын кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирем. Бул айылдагы эң негизги муктаждык болгон үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты ооруканасы менен чогуу курулуп бүттү. Биздин эң негизги максатыбыз - калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү", - деди Каратаев.

Манас айылында 20 миң түтүн эл жашайт. Буга чейин айылдын эли эски имаратта дарыланып келген.

Жаңы курулган бейтапкананын лабораториялары, электрокардиограмма, физиотерапия сыяктуу кабинеттери бар.

Катар кайрымдуулук фонду аймактардагы ФАП жана бейтапканалардын курулушуна жигердүү көмөк көрсөтүп келет. (BCh)

Дагы караңыз

Орусия коронавируска каршы үчүнчү вакцинасын каттоодон өткөрдүЕвробиримдик Орусияга санкция киргизүү маселесин талкуулайтМуфтияттын тагдыры үчүн өзөктүү көйгөйлөрКара-Кулжада жол кырсыгынан үч киши каза болдуАймен Касенов: Жаңы шаар кургубуз келет