Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:37

Кара-Кулжада жол кырсыгынан үч киши каза болду


Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.
Кырсык болгон жерде тартылган сүрөт.

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биринчи май айылында 20-февраль күнү жол кырсыгынан үч киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Биринчи май айылында "Вольво" үлгүсүндөгү машиненин айдоочусу унааны башкара албай жарга кулаган. Кырсыкта 50 жаштагы адам, 46 жаштагы аял жана бир жашаар наристе көз жумду.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2020-жылы 6 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болсо, 9 227 адам жаракат алган. (DU)

XS
SM
MD
LG