ЖК комитети үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасын күчөткөн мыйзамды карайт

Кор болгон аял. Сузактагы окуяга карата Татьяна Зеленская тарткан сүрөт. 2020-жылдын 13-июну.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана жемкорлукка каршы аракет боюнча комитети 16-февралдагы жыйынында «Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин интернет барагында жазылды.

Дагы караңыз Үй-бүлөлүк зомбулуктун жазасы катаалдашат

Бул комитет долбоорду жактыргандан кийин парламенттик жалпы жыйынга чыгат, мыйзам күчүнө кириши үчүн аны Жогорку кеңеш колдоп, президент кол коюшу керек.

Дагы караңыз Сузакта аялына зомбулук көрсөткөн адамдын иши сотко өттү

Өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук окуяларына болочокто бөгөт коюуга багытталган бул мыйзам долбоорунда жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабастан, ага зомбулук көрсөткөн кишини жазага тартуу сыяктуу катаалдашкан чаралар камтылган.

Айрым аймактарда кылмышкерлер же алардын жакындары жергиликтүү салтка шылтоо кылып, жабырлангандарды алдоо жолу менен сот адилеттигинен кылмышкерди куткарып кеткен окуялар Кыргызстандагы укук коргоочулар тарабынан катталып келет.

Кыргыз коомунун маанилүү маселеси козголгон мыйзам долбоорунун толук тексти менен бул жактан таанышсаңыз болот.

Дагы караңыз Сузактагы окуя коомду козгоду

Укук коргоочулар өлкөдө аялдар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган учурлар азыр деле көп экенин, бирок көпчүлүк учурда жабырлангандар бул окуялар тууралуу ачык айтпай, жашырып келээрин белгилешет.

Дагы караңыз Он үчтөгү кызды зордуктаганды кыргыз соту гана бошотот...

Кыргызстандын Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган.

Жыл башынан бери өлкөдө бир нече аял зомбулуктун курмандыгы болду. (TSh)

Дагы караңыз

ИИМ: түрмөдөн чалган “телефон шылуундар” көбөйүүдөЧек ара кызматы: кыргыз-тажик чек арасында чарбалык иштер токтотулду  "Кыргызалтындын" жетекчиси Үкүбаев эки айга камалды (видео)  Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 422 млн. сом сарпталат