Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:59

"Кыргызалтындын" жетекчиси Үкүбаев эки айга камалды (видео)  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту пара талап кылууга шектелген “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Элмырза Үкүбаевдин бөгөт чарасын карап, 12-апрелге чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин атайын кызмат Үкүбаев алтын казуучу компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн “кызматтан кетирем” деп коркутуп, айлыгынын бир бөлүгүн берип турууну талап кылган деп кармаган болчу. Ыкчам тергөө иштеринин алкагында ал 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

33 жаштагы Үкүбаев бул кызматка туура үч ай мурда дайындалган. Анын тарапкерлери же жактоочусу азырынча атайын кызматтын билдирүүсү боюнча комментарий берише элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG