Жылаажын аваз жылдыз учту...

Бүбүкан Досалиева.

Капысынан келген илдет кыргыз журналистикасынын чыгааны, кесиптешибиз Бүбүкан Досалиеваны арабыздан алып кетти.

6-июлга караган түнү суук кабар желдей тарап, кыргыз эли мыкты журналист, жылаажын аваз жылдызы Бүбүкан Досалиевадан айрылганына дагы эле ишене албай турат.

Социалдык тармактарда Бүбүкан Досалиеваны жоктоп, түмөндөгөн замандаштары кайгырып, жакындарына кайрат сөздөрүн айтып жатышат.


Журналист, публицист жана жазуучу Кален Сыдыкова үчүн Бүбүкан Досалиева жөнүндө өткөн чакта кеп кылып, эскерүү оор болуп турат. Сыдыкова Досалиеванын журналистикага кошкон зор салымын белгилеп, убагында кыргыз коомунда эч ким көтөрбөгөн темаларды ачып, теледе жана радиодо жаңылык киргизгенин айтып берди.

«Бүбүкан кыргыз радиосунда иштеп жатканда эле тыюу салынган темаларды алып чыкты. Мисалы, түрмөдө отурган аялдар жөнүндө «Тор артындагы тагдырлар» деген берүүнү чыгарып, аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырды, - деди Сыдыкова. - Андан кийин жаңы доор заманында телерадиого жаңы системаны алып келди. Бүбүкандын кыргыз журналистикасында орду өтө зор. Эфир алдындагы жоопкерчилиги жогору болчу, ар бир темага мыкты даярданып, маданияттуулугу менен үлгү боло алды».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Теледен чыкса үнү шаң, баарына тегиз Бүбүкан"


Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. КТРК, «Сары Өзөн Чүй» каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Досалиева 1989-жылдары кыргыз телевидениесинде «Ак өргөө», «Миң кыял» аттуу маданий берүүлөрүндөгү алгачкы эфирлерин мындайча эскерген эле:

«Жаштык кез экен. Эч нерсеге карабай, коркпой туруп эле дароо чыгып кеттик. Азыркы онлайн деген сыяктуу түз эфирдегидей жазып койчубуз...»

Бүбүкан Досалиева эмгек жолунда көптөгөн үлкөн саясатчылардын бейнесин ачып, алардын үнүн элге жеткирип, көпчүлүккө таанылышына салым кошкон.

Саясатчы, экс-депутат Өмүрбек Текебаев мугалим болуп иштеп жүргөндө журналист Бүбүкан Досалиеванын жагымдуу үнүн радиодон угуп жүргөн кездерин эстеди. Өмүрбек Текебаев Бүбүкан Досалиеванын журналистикада, мамлекеттик кызматта, коомдук иште да өзгөчө орду болгон деп эсептейт.

«1990-жылы жаңы депутат болгон элем, ошондо Базар-Коргонго мени менен маектешкени атайын келген экен. Жаш, жаңы, демократиялык маанайдагы лидерлерди республикага таанытам деген ниет менен келген, - деп эскерди Текебаев. - ​Ошондон кийин биз тынымсыз байланышып калдык. Бүбүкан коомдук-саясий окуялардын мизинде болуп, ар дайым абалды көрө билип, бир нече кадам алдыда жүрчү. Ал көтөргөн темалар дайыма актуалдуу болчу. Кийин Жогорку Кеңеште да чогуу иштедик».

Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа / Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматында бир далай программаларды уюштуруунун башында турду. Ал журналистикалык жолунда курч саясий талкуулары менен гана эмес, маданияттан баштап, коомдук-социалдык темаларды да алып чыкканы менен элдин кызына айланды.

Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө «Азаттыктын» «Эл үнү» түрмөгүн даярдап, кыйын кырдаалда элдин үнүн бийликке жеткирип турду. Өмүрүн журналистикага арнаган Бүбүкан Досалиева өзү жөнүндө жергиликтүү телеканалдардын бирине буларды айткан эле:

«Телестудияда, радиодо микрофондун алдына келгенде мага өзүнчө жан кирет. Бир кичинекей микрофондун артында миллиондогон киши турат. «Мен ошолорго туура маалымат берип жатамбы, коомдун аң-сезимин калыптандырган маалымат берип жатамбы?» деп өзүмдүн социалдык жоопкерчилигиме абдан маани берем».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүбүкан Досалиеваны замандаштары эскеришет



Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Бүбүкан Досалиеванын адамдык сапатына токтолду. Сариев Досалиева эфирге чыкканда анын акыл-парасаты бийик экени экрандын ары жагындагы көрөрманга сезилип турганын белгиледи:

«Бүбүкан Досалиева «Азаттыкка» барганда дайыма күлүп тосуп алар эле. Эфирден кандай курч суроолорду бербесин, адамдык мамилеси жайдары болчу. Маселеге эч качан кайдыгер карачу эмес. Журналистикада өзүнүн бакыйган орду бар. Ал мамлекеттик иштерде да жүрдү. Ал актыгы, түз жүргөнү менен эсибизде калат».

«Эркин Европа / Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматынын мурдагы жетекчиси Султан Каназаров Бүбүкан Досалиева замандын агымынан калбай, улам жаңы журналистиканы өздөштүрүп, билгенин жаштарга үйрөткөн мыкты устат болгонун эске салды:

«Бүбүкан эженин кесипкөйлүгү менен шайыр кыялы бир кишиде чогулуп калганы мага таң калыштуу боло берчү. Бир карасаң олуттуу темаларды даярдап эфирге берип, он мүнөттөн кийин ашканада кофе демдеп, жаштар менен тамашалашып туруп калчу...»

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Ыңгайсыз суроолор" жылды жыйынтыктады

Шайыр кыял демекчи, Бүбүкан Досалиеванын дагы бир таланты ачылбай кеткендей. Ал айрым ырларды авторлорунан ашыра ырдаганын замандаштары тамшанып айтып жүрүшөт.

Бүбүкан Досалиева 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.

Бүбүкан Досалиева эгемен Кыргызстандын тарыхында коомдук-саясий окуялардын чордонунда жүрүп, аларды коомчулукка так жана акыйкат чагылдырган журналист, ондогон кабарчылардын устаты, мыкты телеберүүлөрдүн негиздөөчүсү катары элдин эсинде калды. Анын элеси замандаштарынын баасында чыгаан журналист, эфирдин көркү, мыкты кесиптеш, кеңешчи, устат, мугалим катары кала бермекчи.

«Азаттык» үналгысынын жалпы жамааты кесиптешибиз Бүбүкан Досалиеванын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Толкундар жоктоп ак кууну, томсоро түштү Ала-Тоо

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​