Кыргыз спортунун тарыхын жазган ишмер
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешовдун "Кыргыз Республикасы Олимпиадалык оюндарда" аттуу китеби жарык көрдү. Китепте 1960-жылдагы Римдеги Олимпиада оюндарынан баштап, соңку Токиодогу жайкы оюндарга чейинки кыргыз спортчуларынын таржымалы жазылган. Кабыл Макешов кыргыз спорту, спорттук энциклопедия баштаган 16 китептин автору.