«Азаттыкты» уккан сайын атамды эстейм...»

"Азаттыктын" угарманы Улан Шаяхметов атасы Марат менен. Тилекке каршы, Марат Шаяхметов бир жыл мурда каза болгон. (Үй-бүлөлүк архивден алынган сүрөт).

Кыргызстанда 7-майда радио жана байланыш кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди. “Азаттык” бул күндүн урматына өзүнүн туруктуу угармандары менен баарлашты.

Ат-Башы районуна караштуу алыскы Ак-Муз айылынын тургуну Калыгул Тилебалдиев "Азаттыктын" ар бир эфирин калтырбай угат.

Ал жайдыр-кыштыр мал багып, Чаар-Айгыр кыштоосунда жашайт. Бул жерде электр жарыгы жок болгондуктан ондон ашуун түтүн өлкөдөгү жаңылыктарды сыналгыдан көрө алышпайт. Анткен менен ар бир үчүнчү үйдө батарейка менен иштеген үналгы бар:

Калыгул Тилебалдиев.

“Малды жайгаргандан кийин радио уга баштайбыз. Айылдагылар сыналгы көрүшөт. Ал жерде деле радио уккандар бар бирок аз. Тоодогулардын эрмеги радио да. Бизди көбүнчө өлкөдө болуп жаткан жаңылыктар эле кызыктырат. Бул жакта азыр ондон ашуун эле түтүн жашайт. Жайкысын эл көчүп келе баштайт. Тоодогу элдин жалгыз маалымат булагы - бул радио. Элдин маселесин, көйгөйүн чагылдырып, аны биз сыяктуу угармандарга жеткирген журналисттерге алкыш!”.

Ал эми Жалал-Абад облусунун алыскы Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын аксакалдары ар бир таңды үналгыны күйгүзүп, акыркы кабарларды угуу менен баштайт.

Алардын бири 82 жаштагы Өмөр Орозбаев он жылдан бери "Азаттыкты” үзбөй угат экен:

Өмөр Орозбаев.

“Көзүм жакшы көрбөй калды. Кулагым деле жакшы укпайт. Ошон үчүн радионун добушун бийик чыгарып, жаныма коюп алам. “Азаттыкты” аябай жакшы көрөм. Күнүгө үч маал обого чыгышат. Кээде укпай калсам, кайталоосун атайын күтүп угам. Дүйнөдө, Кыргызстанда эмне болуп жатканын радио айтып турат”.

Ачык, демократиялык коом куруу, адам укуктарын сыйлоо жана сөз эркиндигин жайылтуу “Азаттыктын” негизги миссиясы болуп саналат. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун да көз жаздымда калтырбаганга аракет кылат. Ысык-Көл облусунун 34 жаштагы тургуну Гүлжан Макаевага мына ошол адам укуктарына арналган берүүлөр жагат экен.

Гүлжан биринчи топтогу майып, көзү азиз. Жыйырма жылдан бери эфирди калтырбай уккан бул угарманыбыз “Азаттыктын” ар бир кабарчысын үнүнөн жазбай тааныйт.

“Менин да, байкемдин дагы көзү көрбөйт. Апам бизди жалгыз багат. Атам башка турмуш куруп кеткен. Үйдө кечке бошмун. “Азаттыктын” ар бир берүүсүн жана рубрикаларын жатка билем. 1999-жылдан бери силерди калтырбай угам. Себеби, "Азаттык" адам укуктарына көп басым жасайт. Чындыкты айтканы үчүн мен бул радиого ишенем”.

67 жылдык тарыхы бар “Азаттык” радиосун угуу айрым үй-бүлөлөрдө салтка айланган. Улан Шаяхметов аттуу туруктуу угарманыбыз “Азаттыктын” үнүн уккан сайын атасын эстерин айтып берди:

“Кесибим мугалим. Радиону жол жүрүп баратып дайыма угам. "Азаттыктын" Али Токтакунов, Кубаныч Жолдошев, Элиза Кененбаева, Айгерим Акылбекова ж.б. кабарчылары менен социалдык тармактан досмун. Алардын жазганын дайыма окуп турам. “Азаттык” радиосун атам да дайыма укчу. Кичинекей радиоприемниги бар эле. Бизди да жанына отургузуп алып тыңшап отурчу. Атам былтыр каза болуп калды. Азыр радиону уккан сайын атамдын элеси көз алдыма тартылат”.

“Азаттык” үналгысы - эл аралык “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы. Эки ай мурда анын обого чыкканына 67 жыл толду. “Азаттыктын” туңгуч берүүсүн 1953-жылы 18-мартта Азамат Алтай обого чыгарган. Ушул мезгил аралыгында “Азаттыктын” угармандары өзгөрдү, саны өстү. Азыр биздин радиону өлкөнүн ар бир аймагы, булуң-бурчунда эле эмес, чет жерде жүргөн мекендештер да көп угат. Айтмакчы, “Азаттык” ар апта сайын “Журтташтар” түрмөгүндө алардын жашоосу, изги тилектерин жана мекенге болгон сагынычын угузуп келет:

Акылай Тургунова.

“Мен ​Акылай Тургунова 33 жаштамын. Ушу тапта Түштүк Кореяда жашайм. Азыр декреттик өргүүдөмүн. “Азаттыкты” алыс жерде жүргөндүктөн калтырбай угуп, ТВ берүүлөрүн көрүп турабыз. Айылды, тоону, жерибизди сагынганыбыз үчүн дайыма укканга аракет кылабыз. Кабарчылардын, журналисттердин көбүн тааныйбыз. Онлайн режимде угуп, жаккан баяндарды сактап алабыз”.

Ал эми алыскы мекендештер үналгыны сайтыбыздан онлайн угуп, ал тургай жаздырып алышат экен. Алардын бири Орусияда иштеп жаткан Нурлан мекенге болгон сагынычын ушундай жол менен тарата турганын айтты:

“Москва шаарында такси айдайм. “Азаттыкты” алты жылдан бери угам. Күндүзү үч-төрт саат, дем алыш күндөрү беш-алты саатка чейин угам. Маркум Улан Эгизбаевди укчу элем. Азыр Али Токтакунов, Ыдырыс Исаков даярдаган берүүлөрдү тынбай угуп, көрөм. “Азаттыктын” мигранттарга арналган берүүлөрдү да көп даярдаганы кубандырат”.

Ушу тапта Кыргызстанда 50 радиостанция бар, алардын төртөө мамлекетке караштуу. Өлкөнүн радио тармагында өзүнүн татыктуу ордун “Азаттык” радиосу да ээлейт. Бүгүнкү күндө “Эркин Европа-Азаттык” радиосунун кыргыз бөлүмү кеңири радио, TV жана Интернет платформага айланды. Мындан улам, анын угарманы менен катар, барган сайын көрүүчүлөрүнүн да саны өстү:

Жолдошбек кызы Гүлнара.

“Мен Бишкек шаарынын тургунумун. Аты-жөнүм Гүлнура Жолборсбек кызы. Ушу тапта үйдө тигүүчү болуп иштейм. "Азаттык" менен көп жылдар бою досмун. Калтырбай угуп, акыркы жылдары кызыгуу менен телеберүүлөрүн да көрө баштадым. Мени соңку материалдардан таасирленткени акын Элмирбек Иманалиевдин ырын ырдаган медайым тууралуу сюжет болду. "Азаттыктын" акындын керээзин аткарганына ыраазы болуп калдым. Сиздерден ушундай кызыктуу жана уникалдуу темаларды ар убак күтөм”.

“Азаттык" Коомдук каналдын “Биринчи” радиосу жана НТС каналынын “Санжыра” радиосунун жыштыгы аркылуу күнүгө үч маал эфирге чыгат. Берүүнү Бишкек жана Прага студияларынан ондогон кабарчылар даярдашат.

Кыргызстанда радио түйүндөрү 1927-жылы иштей баштаган, 1931-жылы 19-декабрда Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин алдында Радио комитети уюштурулган. Бул дата Кыргыз телерадиосунун түптөлгөн күнү.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​