Нур-Султан менен Алматы "кызыл зонага" кирди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

- Кыргызстан өз жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтөт. Сирия менен Ирактагы согушка 850 кыргызстандык кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгону кабарланган. - Кылмыштуу кирешесин адалдаган деп айыпталган, экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө жеке клиникада операция жасалат. Ал 20-февралда эки айга камалып, бир нече күндөн кийин жеке менчик ооруканага жаткырылган. - Нур-Султан жана Алматы коронавирус тез жайылган «кызыл зонага» киргизилди. Эки шаарда тең вирустун бир адамдан экинчисине жугуу көрсөткүчү өстү.