Мунун алдында курамына ондогон маалымат каражаттары кирген уюм билдирүү таратып, журналисттердин абакка кесилип, пробациялык жазага тартылышын көз карандысыз журналисттерге куугунтук катары баалаган.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.
Алардын адвокаты кийинки инстанцияга арыз бере турган билдирди.
#ЧындыкҮчүн6Жыл" аталышындагы марафон абакка кесилген журналисттерге колдоо жана бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында уюштурулган.
Демилгечилердин бири, журналист Перизат Саитбурхандын айтымында, акциянын жүрүшүндө редакциялар, онлайн платформалар жана социалдык тармактын колдонуучулары бир жума ичинде Temirov LIVE жана “Айт айт десе” долбоорунун иликтөөлөрүн эске салып, алардын иштери өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө жана укуктук тартипти чыңдоого кандай салым кошконун көрсөтүшөт.
"Temirov LIVE командасы жана Актилек Капаровдун "Алга Медиа" долбоору чогуу төрт жылда 100дөй иликтөө жасаптыр. Азыр бийлик "негизги максатыбыз - коррупция менен күрөшүү" деп айтып жатат. Марафондун максаты - ошол иликтөөлөрдүн мамлекетке тийгизген таасири, коррупция менен күрөштө кандай жардам бергенин көрсөтүү. Журналистика эч качан кылмыш эмес, тескерисинче, коомдо болуп жаткан мыйзамсыз иштерди, мамлекеттин акчасын уурдоону жана башка терс көрүнүштөрдү ачык көрсөтө турган, мамлекет колдоно турган курал экенин көрсөтөбүз. Марафондун жүрүшүндө ар кайсыл маалымат каражаттар сот жообуна тартылган журналисттердин иликтөөлөрүнүн арты менен мамлекетке кандай пайда келгенин, кайсы бир иштин бети ачылганын жарыялап турат. Ал эми соттун чечими жөн гана чечим эмес, Кыргызстанда көз карандысыз журналистикага карата репрессиялык режим күчөп баратканын көрсөткөн абсурд чечим. Ошондой эле биз пробациялык көзөмөлдү дагы актоо чечими катары кабыл албайбыз. Бул дагы алардын жоопкерчилик алганын, күнөөлүү деп табылып, жаза алганын билдирет. Биз буга дагы каршыбыз", - деди уюштуруучулардын бири, журналист Перизат Саитбурхан.
Мунун алдында ондогон маалымат каражаттарынын башын бириктирген аракеттеги Медиа платформасы коомчулукка билдирүү таратып, сот өкүмүн сөз эркиндигине жана көз карандысыз журналистикага каршы саясий куугунтук катары баалаган.
Флешмобдун уюштуруучулары жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандык уюмдарды жана жарандарды журналисттерге тилектештик билдирип, сот органдарынан бул айыптоолорду кайра карап чыгууну талап кылууга чакырды.
“Кылмыш жоопкерчилигине тартылып, адилетсиз соттолгон иликтөөчү журналисттердин кесиптик ишмердиги мамлекетке коррупцияга каршы күрөшүүдө жардам берүүгө багытталган. Алардын көз карандысыз иликтөөлөрү кызмат абалынан кыянаттык менен бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу жана мыйзамдарды бузуу фактыларын ачыкка чыгарууда. Журналисттер өз ишин аткаруу менен коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын маалымат алуу укугун жана бийликтин ачык-айкындуулук менен отчёттуулук принциптерин коргоп келген”, – деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровго жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилди.
Адвокат Улан Сейитбеков райондук соттун чесимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз даярдалып жатканын билдирди. Соттун өкүмү азырынча жактоочулардын колуна тийе элек.
"Жалпысынан 11 журналистке коюлган айып негизсиз деп эсептейм. Себеби мыйзам чегинде айып коюлгандан кийин тергөө органдары күнөөсүн далилдеп бериши керек болчу. Бул Конституцияда дагы бар. Тилекке каршы, сотко чейинки өндүрүштө дагы, соттук отурумда дагы булардын күнөөсү далилденген жок деп так айта алам. Конституцияда так, даана жазылып турат, адам күнөөсүн мойнуна алган учурда дагы тергөө органдар бул кылмышты кандай жол менен жасады, кандай аракеттер болду - ушуларды далилдеп бериш керек болчу. Кылмыш-жаза кодексинде кылмышка катышуунун формалары бар. Ал жерде уюштуруучу, шыкакчы, көмөкчү, аткаруучу деп бөлүнгөн. Кимиси кандай кылмыш кылганы көрсөтүлгөн эмес", - деген адвокат.
Бишкектин Ленин райондук соту бул төрт журналисттен сырткары Temirov LIVE редакциясынын кызматкерлери Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде актаган.
Азыркы тапта Махабат Тажибек кызы жана Азамат Ишенбеков Бишкектин №1 тергөө абагында камакта.
Ишенбековду эки жашынан багып өстүргөн 74төгү чоң энеси айылда зарыгып күтүп жатканын журналисттин тууганы Давлет Тезекбаев айтууда:
"Азаматтын чоң апасы аябай чыдамсыздык менен күтүп жатат. Баарыбыздан биринчи ошол киши күтүп, түнү-күнү намаз окуп, теспе тартып акталып келишине дуба кылып отурат. Оюнун баары Азаматта болуп жатат. Кармап кеткен күндөн бери катуу ойлонуп, кыжалат болуп атып эки көзү көрбөй калды. Ага чейин тың эле. Азаматты эки жашынан бери чоң ата, чоң апасы тарбиялап келген. Чоң атасы аябай сөзмөр, элге таанымал элдик дарыгер болгон. Азамат кичине кезинде ооруп, чоң атасы чөп дарылар менен айыктырып алган. Адамдар ооруп келгенде "Азамат, бул чөптү алып кел, муну кыл, андай кыл, муну кургат" деп жатып небересине ошол өнөрүн дагы үйрөтүп койгон. Сот болгон күнү Азаматты чыгарып кетебиз деп кийим-кечегин көтөрүп, сүйүнүп келген элек. Сот аны беш жылга кесип салганы абдан өкүнүчтүү", - деди Азаматтын тууганы.
Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырып келет. Соттун өкүмү чыккандан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча башкармалыгы Кыргызстанда эки журналист абакка кесилип, дагы бир нечеси шарттуу соттолгонуна тынчсыздануусун билдирген.
10-октябрда башкармалыктын өкүлү Сейф Маганго бийликти алардын иши адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттардын негизинде толук каралып чыгышын камсыздоого чакырган.
"Биз бийликти алардын иши адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттар негизинде толук каралып чыгышын камсыздоого чакырабыз. Биз бийликти Кылмыш-жаза кодексиндеги журналисттерди жана башкаларды алардын негизги укуктарын, анын ичинен өз пикирин эркин билдирүү укугун ишке ашыруусу үчүн жоопко тартуучу бүдөмүк нормаларды кайрадан карап чыгууга үндөйбүз", - деди БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү.
Буга удаа "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров 11 журналистке чыккан сот өкүмүн сынга алды. Телеграм- каналына жарыялаган билдирүүсүндө оппозициялык саясатчы акыркы эки жылда Кыргызстанда ой эркиндигине, сөз эркиндигине кысым күчөп, ооз ачкандар темир торго камалып жатканын белгилеп, муну "бийлик элди жапырт коркутуу жолуна түштү" деп чечмелеген.
Мадумаровдун билдирүүсүнө кайсы бир мамлекеттик мекеме же бийлик өкүлдөрү комментарий бере элек.
Ошол эле учурда сөз эркиндиги менен кошо, жоопкерчилик болушу керек деген пикирлер дагы жок эмес. Жарандык активист Мукай Керимбаев "аша чапкан учурда мамлекет аларды чектеш керек" деп эсептейт.
“Сөз эркиндиги деп аша чапкан учурларда мамлекет аларды чектеш керек деп ойлойм. Демократиялык өлкөлөрдө сөз эркиндигинин жоопкерчилиги дагы болушу керек. Сот - көз карандысыз орган, кандай чечим болбосун укуктук мамлекетте ага баш ийишибиз керек. Мындан ары Бишкек шаардык соту, Жогору сот бар. Күнөөлөрү териштирилип, акыркы чекитти сот коёт”, - деди ал.
Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет.
Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин белгилеген.
"Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп, социалдык түйүндөргө отургузуп алышып жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып жатышканын кантип танышат", - деген Жапаров.
11 журналист “массалык башаламандык” беренеси боюнча айыпталып, быйыл январда кармалган.
Бул соңку мезгилдеги журналисттер жапырт кармалып, оор берене менен айыпталган алгачкы учур болуп калды. Ошондуктан жергиликтүү да, эл аралык деңгээлде да медиа уюмдар, адам укугун коргоо жаатында иш алып барган уюмдар тарабынан журналисттерди бошотуу талаптары айтылып келди.