Айылдагы мугалим жубайлардын түйшүгү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жубайлар Азамат Нарымбаев менен Алия Тынчтыкбекова Нарын районунун Эки-Нарын айылындагы Мукаш Мамбетов атындагы орто мектепте иштейт. Алар эки жыл мурда айылдагы мектепке иштеш үчүн Нарындын башка айылынан көчүп келишкен. Жубайлар бул аралыкта билим берүүнүн жаңы ыкмаларын колдонуп, айылдык окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун ойготушкан.