Айылда алыш күрөшүн тандаган кыздар

Балбан кыз Арууке Акибаев дөңгөлөк көтөрүп машыгып жатат. Базар-Коргон району. Каба айылы.

Кыргызстанда, айрыкча айыл-кыштактарда алыш күрөшү менен алектенген кыздар көбөйдү. Балбан кыздар үй оокатын жасап, окуп, машыгып эле тим болбостон эл аралык мелдештерде да ийгилик жаратууда.

"Азаттык" Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Каба айылында алыш күрөшү менен алектенген чемпион кыздар тууралуу баяндайт.

Айылдык кыздар София, Мадина жана Арууке алыш күрөшү менен машыгат. Кыздардын эң улуусу София Заирова (сүрөттө оңдо) - спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандын чемпионатында күмүш, коло байгелерди уткан.

15 жаштагы Мадинанын (сүрөттө ортодо) алыш күрөшү менен машыга баштаганына бир жылдан ашты. Ал бул аралыкта өспүрүмдөр арасындагы дүйнө кубогунда алтын байге уткан.

Арууке Акибаева (сүрөттө солдо) 16 жашта. Ал дагы алыш күрөшү менен бир жылдан бери машыгып келет.

София Заирова үйдүн кичүүсү. Анын алыш күрөшүнө келишине бир тууган агасы себеп болгон.

София Заирова.

"Агам айылдагы тойлордо күрөшкө түшүп дайыма жеңип келет эле. Кээде акчалай сыйлык алса, кээде күрөштө утканы үчүн кой, уй, килем, идиш-аяк беришчү. Айылда зал жок болгондуктан, агам үйдө машыкчу. Анын тойлордон уткан белектерин көрүп менин да күрөшкүм келчү (күлүп). Анан мен да агамды туурап үйдө машыга баштадым. Кийин айылда алыш күрөшүнөн зал ачылып, ошол жакта машыгып калдык. Азыр агам Орусияга иштегени кеткен", - дейт София.

София колдун булчуңун жакшыртуу үчүн балка чаап көнүгүү жасап жатат.

"Башында залда кыздардан мен жалгыз эле машыгып жүрчүмүн. Райондук, облустук мелдештерде ийгилик жарата баштаганымда айылдагы кыздар да алыш күрөшүнө кызыга баштады. Мектепте окуган кыздар менден күрөш тууралуу сурап, кызыгуусун айта башташты. Айылыбызда зал ачылганда жалаң балдар барчу. Мен алар менен күрөшүп машыгат элем. Кийин мени көрүп кыздар да келе баштады", - дейт София.

София 14 жашынан баштап алыш күрөшү менен машыга баштаган.

Биз барганда София апасы менен чемичке кургатып жаткан экен.

"Айылдагы зал үйдүн жаныда болгондуктан бош убакта залга кирип машыга берем. Короодо да агам жасаган аркан, гантелдер менен машыгам. Анан, албетте, башка айылдык кыздар сыяктуу эле үй жумуштарын жасайм. Суу ташып, тамак жасап, кээде кой кайтарам".

София алыш күрөшүнөн дүйнө чемпиону болууну кыялданат. Ал үчүн балбан кыз тынбай машыгууда.

"Мен деле башка айылдык кыздар туш болгон тоскоолдуктарга кабылдым. Азыр деле "спорт, күрөш кыздардын иши эмес" деген сөздөрдү көп угам. Бишкектеги спорт мектебинде окугум келген. Ата-энем каршы болуп койду. Мындан ары да алыш күрөшү менен машыга берем. Эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстандын желегин желбиретким келет. Анткени кыздар да спорттон ийгилик жарата аларына көзүм жетти", - деди София.

16 жаштагы Арууке Акибаева үй-бүлөдө улуусу.

Аруукенин алыш күрөшүнө келгенине бир жылдан ашты. Ал азыр алыш күрөшү үчүн эң керектүү машыгууну жасоодо.

"Апам мени өзү күрөшкө жөнөттү. Анткени апам ат минип, тоодо чоңойгон экен. Ошол себептүү да менин спорт менен машыкканымды каалады окшойт. Андан сырткары айылдагы кыздар да машыга баштады. Классташтарым да машыгат. Азыр күндө эртең менен тоодон чуркап, үйдөн дөңгөлөк түртүп машыгып турам", - деди спортчу кыз.

Арууке иниси менен топ ойноп жатат.

Мадина машыгуу алдында отун даярдап жатат.

15 жаштагы Мадина айылдашы Софияны көрүп алыш күрөшүнө келген:

"Мектепте кыздардан жалгыз София эже алыш күрөшү менен машыкчу. Мелдештерден утуп келген сайын мугалимдер мактап, бизге үлгү кылып айтышчу. Аны көрүп мен да алыш күрөшү менен машыккым келди. Ошентин залга келгем. София эже башында бизди өзү машыктырчу. Азыр Эламан агай (машыктыруучу) келип, машыктырып жатат", - деди Мадина.

Мадина апасына жардам берүүдө.

Мадинанын ата-энеси короосунда помидор өстүрүп, чакан ишкердик кылат. Кызы аларга жардам берет. Ата-энеси кызынын кызыгуусун колдойт.

"Спорт мени токтоолукка үйрөттү. Башында көп сүйлөйт элем. Атам менен апам да эч жакка чыгарышчу эмес. Күрөш менен машыгып, мелдештерде утуп келгенимди көрүп, ата-энемдин мага ишеничи арта баштады. Азыр мен Жалал-Абад, Ош, Бишкектеги мелдештерге барып жатам. Кээде утулам. Утсам аябай сүйүнөм. Азыр кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатына катышып, биринчи орунду алсам деген оюм бар", - дейт Мадина.

Айылдык кыздар машыгууга бара жатышат.

Каба айылында балдар үчүн алыш күрөшүнөн башка зал жок.

Бул чакан залда 30га жакын улан-кыздар машыгат.

Бул чакан залда 30га жакын улан-кыздар машыгат. Мурда бул жер чайкана болгон.

Айылдын чет жерде иштеген тургундары балдардын машыгуусу үчүн ай сайын акча которуп, балдар бекер машыгат. Азыр күрөш залды туруктуу жана мыйзамдуу ишке киргизүүгө USAID уюмунун "Ийгиликтүү аймак 2" долбоору көмөктөшүп, машыктыруучуну ачык сынак аркылуу тандоого, ата-энелер менен келишимдерди иштеп чыгууга жана кызматтын тарифин бекитүүгө жардам берген. Азыр мында машыккан ар бир бала ай сайын 300 сом төлөйт.

Алыш күрөшү боюнча боюнча эл аралык федерация 2001-жылы негизделип, бир жылдан кийин каттоодон өткөн.

2008-жылы Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюумуна мүчө болгон. Учурда дүйнөнүн төрт континентинин 70тен ашуун өлкөсүндө улуттук федерациялар бар. Күрөштүн бул түрүнөн Азиянын, Европанын жана дүйнөнүн чемпиондуктары календарлык планга ылайык жыл сайын өткөрүлүп келет. Алыш 2017-жылы Түркмөнстанда боло турган чатыр астында ойнолуучу V Азия оюндарынын программасына киргизилип, бул мелдештен кыргыз балбандары байгелүү кайткан.