“Айыл Банктын” мурдагы төрт жооптуу кызматкери кармалды

“Айыл банктын” эн белгиси.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын коргоп, туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен 8-февралда “Айыл Банктын” мурдагы төрт жооптуу кызматкери (“М.Н.Т.”, “Ш.У.Ж.”, “С.М.А.” жана “А.Ж.А.”) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын билдирди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Мекеменин маалыматы боюнча, 2017-жылы “Айыл-Банк” ачык акционердик коому тарабынан “Россиф” жеке ишканасына 3,5 млн. доллар (295,7 млн. сом) насыя мыйзамсыз берилген. “Россиф” банкка күрөөгө койгон 348,5 млн. сомдук мүлк Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын баасы боюнча болгону 271,8 млн. сомго гана бааланган. Ортодогу айырма 76,6 млн. сомду түзгөн.

Бул кылмышка тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо иштери уланып жатат деди атайын кызмат.

Дагы караңыз

COVID-19: төрт адам каза болуп, вирус 107 кишиден аныкталдыЗулушев жеке жашоо тууралуу видео текшерилип жатканын билдирди Чет жактагы мигранттардын расмий эсеби 1 миллион 118 миңге жетти Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылуудаЖаңы-Өзөндө дагы бир компаниянын жумушчулары иш таштады

Президент Садыр Жапаров былтыр 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКга мамлекеттик банктардан дыйкандарга делген жеңилдетилген насыянын кимдерге берилгенин текшерүү тапшырмасын берген.

Мамлекет башчы Эсеп палатасы мамлекеттик банктарда ревизия, аудит жүргүзгөнүн, анын жыйынтыгында дыйкандарга бөлүнгөн насыянын 3% гана аларга жетип, калган 97% чиновниктер менен алардын жакындарына берилгени аныкталганын айткан.

УКМК бул ишти "Коррупция" беренеси менен иликтеп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында “Айыл Банк” тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп, ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары тастыкталган.

Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы “Айыл Банк” болуп 2006-жылы түзүлгөн. Банк калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө арзан үстөк пайыз менен насыя берет. Анын акцияларынын 100% мамлекетке таандык. (BTo)