Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:52

Зулушев жеке жашоо тууралуу видео текшерилип жатканын билдирди


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Бүгүн, 9-февралда басма сөз жыйынын өткөргөн башкы прокурор Курманкул Зулушев Temirov Live каналынын кызматкеринин жеке жашоосуна байланыштуу видеонун коомчулукка жарыяланып кетишин Бишкек шаардык прокуратурасы текшерип жатканын айтты.

Журналист Болот Темировдун Республикалык наркология борборунда текшерилип жаткан видеосун таркатуу боюнча эки милиция кызматкери жазаланганын билдирди.

"Жарандардын жеке жашоосун аңдууну туура эмес деп эсептейм. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп ойлойм", - деди Зулушев.

Январь айында журналист Болот Темиров жана анын командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

"Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы материалда "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган.

Ташиев менен анын жакындары бул маалыматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Бул окуялардан кийин Болот Темиров менен аялынын телефон сүйлөшүүлөрү жашыруун жаздырып алынган аудио тараган. Ошондой Temirov Live YouTube каналынын кызматкерлеринин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор чыккан.

УКМК видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG