"Айлык ай сайын азайып жатат". Тез жардам борборундагы нааразылык

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Тез жардам борборунун бир нече кызматкери 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар айлык акыларынын аздыгын айтып, үй-бүлөсүн багууга мүмкүн болбой калганына даттанды.

Министр Гулнара Баатырова ушул эле күнү шашылыш жыйын өткөрүп, "Тез жардам" кызматкерлеринин айлык акысынын өлчөмүн тактоо тапшырмасын берди.

"Бул айда 11 миң эле сом тийди"

Нааразылык акциясына чыккан Тез жардам борборунун кызматкерлеринин бири Алия Алдееванын журналисттерге билдиргенине караганда, акыркы айда 1,5 ставкада иштегени үчүн 11 миң сом айлык алган.

"Үч жыл мурун менин айлык акым 25 миң сом эле. Бирок улам азайтып жатышты. Менин иш убактым кыскарган жок, кандай болсо ошол боюнча калды. Кечээ колума 11 миң эле сом тийди".

Борбордун дагы бир кызматкери Эльдар Абдылдаев эмгек акысы эмне себептен азайып жатканы тууралуу так маалымат жоктугун айтты.

"Бизге мурда айлыгыбызды көтөрүп беришкен эле. Бирок азыр анда айтылгандай айлык жок. Коомчулукка бизди 27 миң сомдон 30 миң сомго чейин маяна алышат деп жарыялашты. Чындыгында азыр орточо айлык акы 11 миң сомдон 15 миң сомго чейин эле".

Тез жардам борборунун кызматкерлери Саламаттык сактоо министрлигинин алдында. 1-август, 2023-жыл. 24.kg басылмасынын сүрөтү.


Айрым кызматкерлер азыркы учурда бул айлык акы менен үй-бүлө багууга, кем-карчын жабууга мүмкүн болбой калганын даттанды.

"Пандемиядагы кошумча төлөмдөр алынды"

Тез жардам борборундагылардын нааразылык акциясынан кийин Саламаттык сактоо министрлиги шашылыш жыйын өткөргөнү маалым болду.

Министрликтин басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, жыйында аталган борбордун каржыланышы боюнча маселе каралды. Министрликтин маалыматына ылайык, COVID-19 пандемиясы учурунда кызматкерлердин айлык акысына кошумча төлөм кошулуп, бирок чукул кырдаал режими алынгандан кийин кайра токтотулган.

"2020-жылдын башынан 2022-жылдын апрелине чейин коронавируска чалдыккан бейтаптарды ташуу үчүн дарыгерлерге 750 сомдон, фельдшерлерге 600 сомдон, кенже медициналык кызматкерлерге жана айдоочуларга 500 сомдон берилип келген. Жалпысынан бул аралыкта 25,5 млн сом кошумча төлөм төлөнгөн", - деп жазылган анда.

Жыйындын аягында министр Гулнара Баатырова Каржы башкармалыгына, ММК фондуна Тез жардам борборунун кызматкерлеринин айлык акысын карап чыгууну, зарыл болсо аудит жана текшерүүлөрдү жүргүзүп турууну тапшырды.

"Биз ар бир кызматкерибиз укугу жана кызыкчылыктары корголгонун биле тургандай, сый менен ишенимге негизделген шарт түзүүго тийишпиз. Бардык саламаттык сактоо уюмдарындагы кызматкерлер менен ачык диалог жүргүзүү зарыл. Аларга айлык акынын эсептелиши тууралуу маалымат өзгөчө бул системада өзгөрүүлөр болгон учурда сөзсүз жеткирилүүсү тийиш", - деди министр.

Тез жардам борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов журналисттерге кызматкерлердин айлык акысы тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, кызматкерлер кепилденген айлык акыдан тышкары иштеген ишине жараша кошумча үстөк акы алышат.

"Биздин бир катар кызматкерлер министрликтин алдына митингге чыгышканы тууралуу соцтармактан окуп, кабардар болдум. Биздин кызматкерлер мамлекет тарабынан бекитилген жана кепилденген айлык акы алышат. Айлык акысы 25 миң сомдон 11 миң сомго түшүп калганын айткан кызматкердин айлык акысын текшердик. Жыйынтыгында ал акыркы айда толук иштебегени аныкталды. Толук иштегендердин айлыгы 25 миң сомду түзөт. Бизде баары ачык, бухгалтериябыз да ачык, менин эшигим да ачык".

Дагы караңыз

Кыргыз медицинасын сынаган “Кара июлга” үч жыл"СПИД борбору калсын". Жаңы түзүлгөн институттун жаңжалы

"Айлык көбөйгөн менен инфляциячы?"

Бул эмгек акыга байланыштуу дарыгерлердин биринчи нааразылыгы эмес. Медицина кызматкерлери айлык акысынын аздыгына, коронавирус пандемиясында убада кылынган кошумча төлөмдөр, кенемтелер төлөнбөгөнүнө нааразылык билдирип чыккан учурлар арбын.

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлык акысы эң төмөнкү айлык акылардын катарында турат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда пандемия убагында медицина кызматкерлерине көбүрөөк күч келгенин мойнуна алып, тармакты каржылоо көтөрүлүп жатканын айткан.

Акылбек Жапаров

"2021-жылдын апрелинен тартып саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин маянасы 50%, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана жалпы практикадагы дарыгерлер үчүн маяналар 100% көбөйтүлдү. Бир жылдан кийин 2022-жылдын 1-апрелинен тартып алардын айлыгы орточо дагы 50% кошулду. Ошондо дарыгердин орточо айлыгы 2021-жылы 8598 сом болсо, 2022-жылы 12 898 сомго көтөрүлгөн, дагы жогорулагандан кийин бүгүнкү күнү орточо айлык 19 346 сом болуп калды. Эки жыл алдын орточо 8598 сом алган үй-бүлөлүк дарыгер былтыр 17197 сом алып жатты, ал эми быйыл 25 795 миң сом алып калды. Ортоңку персоналдын айлыгы 7826 сомдон алгач 11739 сомго көтөрүлүп, 2023-жылы 17 миң 609 сом колго ала баштады. Мен муну бухгалтериядан алып карап, банктар менен салыштырып көрдүм. Мунун баарын тактап айтып жатканым, биз жомок айтып жаткан жерибиз жок", - деген өкмөт башчы кийинки жылдары айлык акы 45-50 миң сомго чейин көтөрүү максат кылынганын билдирген.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2022-жылы калктын адам башына алгандагы жашоо минимумунун жалпы республика боюнча көлөмү 7242,09 сомду түзгөн, бул 2021-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 13,5% көп.

Өкмөт экономикадагы инфляция менен баалардын кымбатташын эске алып 2022-жылдын апрелинен бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендердин маянасын, жөлөк пул менен пенсияны көтөрүп жатат.

Аз-аздан кошулуп жаткан эмгек акыны инфляция жеп коюп жатат дейт кызматкерлер. Ошондуктан чет жактарга кетип калгандары да бар. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта тармакка 15 миңдей дарыгер жетишпейт. Буга эң ириде айлык акынын аздыгы себеп экени айтылып келет.