Марттын этегинде келишим менен бир айлык кызмат өтөө үчүн аскерге барган Бактыбек Бекжановдун жакындары жоокер буга чейин оорубаганын айтып, окуяга тиешелүү адамдарды жоопко тартууну талап кылууда.
24 жаштагы Бактыбек Бекжанов Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинин 6-курсун быйыл аяктамак. Март айынын этегинде өз каалоосу менен аскерде кызмат өтөөнү чечип, кичи мекени Кеминдин райондук аскер комиссариатында, андан соң Бишкекте медициналык кароодон өткөн.
26-мартта Коргоо министрлиги Бекжановду Балыкчыдагы аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө жиберген. 24-апрелде ал ант берип, аскер билетин колуна алмак. Бирок, 18-апрелде анын ата-энесине аскер бөлүктөн чалып, баласы эс-учун жоготуп кулап калганын угузушкан.
"Иним сабалып, инсульт алды"
16-апрелде анын абалын көрүп келүүгө барган бир тууган эжеси Асел Карымбаева жоокердин башында шишик бар экенин көргөн. Жоокер эжесине шишик командир автомат менен башка чапкандан кийин пайда болгонун жаңсап түшүндүргөн.
"Башка автоматтын кундагы менен үч жолу уруптур, ошондон кийин инимдин башы ооруп, кыйналган экен. 18-апрелде эртең менен иним эсин жоготуп кулаптыр. Аскер бөлүктүн дарыгерлери атама чалып "катуу чарчаган окшойт, кулап калды" дешкен экен. Балыкчыда жашаган сиңдим бөлүккө барып, эч кандай медициналык жардам берилбегенин көргөн. Тез жардам же Бактыбекти Бишкекке алып кетүүгө атайын автоунаа чакыртылган эмес. Жыйынтыгында Бактыбекти такси менен Бишкекке алып келдик. Врачтар инсульт алган адамды чайкоого болбосун, жаткызып алып келишибиз керектигин айтышты".
Улуттук госпиталда дарыланып жаткан Бактыбек Бекжановду 16-апрелде Балыкчыдагы аскер бөлүктө автомат чогултуу боюнча өткөн окуу учурунда командири автоматтын кундагы менен башка чапканы айтылууда. Буга анын автоматты туура эмес чогултканы себеп болгон.
Мындан кийин 24 жаштагы Бекжановдун сол ыптасы кыймылдабай, тили булдуруктап сүйлөй албай калган.
"Инимдин абалы туруктуу оор, ал инсульт алды. Сол буту, колу такыр иштебей жатат. Бетинин бир тарабы кыймылдабай калгандыктан сүйлөгөн сөздөрү түшүнүксүз. Иним атайын берилген кыска убакытта автоматты туура эмес чогулткан экен. Ошондо командири "сен туура эмес чогулттуң, ушинтип отурсаң киши өлтүрө аласыңбы?" деп башка койгулаган. Ал офицерди биз көргөн жокпуз, инимдин жанын сактап калууга жан үрөп жатабыз азыр. Азыр Балыкчы аскер бөлүгүнүн юристи жана Руслан деген орун басар келип, жетекчилик менен биздин ортобузда көпүрө болорун айтышты. Бирок бизге анын кереги жок. Биздин талап мыйзам чегинде текшерүү жүрүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартсылсын. Аскер комиссариаттарына, дарыгерлерге басым жасоону токтотушсун".
Жоокердин бир тууган эжеси Асел Карымбаеванын айтымында, азыркы тапта Балыкчыдагы аскер бөлүгүнүн жетекчилиги "Бекжановдун ден соолугунда мурда эле көйгөй болгон, бирок аны жашырып койгон" деп документтерди бурмалоого аракет кылып жатканын айтты.
Шектүү офицер камакта
Коргоо министрлиги аскер бөлүгүндө жогорудагы факты болгонун тастыктап, бир офицер Балыкчы шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганын маалымдады. Окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатканы белгилүү болду.
Акыйкатчы институту мындай окуяларды өз көзөмөлүнө алып, аскер бөлүктөрүндөгү жоокерлердин абалы тууралуу мониторинг жүргүзүп келет. Анын жыйынтыктарына ылайык, токмок жеп сабалган уландардын көбү бул тууралуу ачык айтпайт.
Ошондой эле мындай жагдайга кабылгандардын дээрлик бардыгы өз укугун коргой албайт деген жыйынтык чыккан.
Дагы караңыз "Ок өпкөсүн тешип кеткен". Аскердеги өкүмзордук, бир офицер кармалды"Жоокерлердин көбү өз укугун билбейт"
Аталган мекеменин адиси Рустам Манасбеков мындай көрүнүш өзгөчө Коргоо министрлигине карата атайы госпиталдарда күч алганын белгиледи:
"Аскерге чакыруу учурунда алардын укуктарын коргоо боюнча мониторинг 2023-жылы жүргүзүлгөн. Биз аскер комиссариаттарында иштедик, анда келечектеги жоокерлердин көбү өз укуктарын коргоо боюнча маалыматы жок экени аныкталган. Айрым учурларда оозеки кайрылуу жасагандар болууда. Кандай болгон күндө да биз кылдаттык менен иш алып барууга жана адам укуктарын сактоону камсыз кылууга аракеттенип келебиз. 26-мартта аскердик кызматын өтөп жүргөндөр арасында сабалгандардын укугун коргоо багытында дагы бир мониторинг жүргүзүлгөн. Биз Бишкек жана Ош шаарларындагы Коргоо министрлигине караштуу бейтапканаларга бардык. Маектешүү учурунда аскер кызматкерлери бейтапаканада жатканынын ачык себептерин айта алышкан жок. Тиешелүү мыйзамдарга ылайык алар бизге арыз жазып кайрылса. биз тиешелүү аракеттерди көрүүгө даярбыз".
Акыйкатчы институту буга чейин аскерде каза тапкан ар бир жоокер үчүн мамлекет кенемте төлөп берүүгө тийиш деген демилге көтөрүп, муну өкмөткө жана парламентке сунуштаган. Бирок сунуш колдоо тапкан эмес.
Аталган мекеме 2022-жылы соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөндө армияда "чоңсунуу" тыйыла электиги ачыкка чыккан.
Анткен менен Кыргызстандын аскер жетекчилиги жоокерлерге мурдагыдай басым жок экенин кайталап келет.
2023-жылы коргоо министринин орун басарынын парламентте "аскерлер арасында "дедовщина жок" деген билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланган. Ага чейин коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, жоокерлер өлүмү менен аяктаган окуяларды "балдардын аскерге даяр эместиги" менен түшүндүрүп, сынга кабылган. Мындан көп өтпөй президент Садыр Жапаров ага сөгүш берген.
Коргоо министрлиги декабрь айында 2023-жылы беш аскер кызматкери ар кандай себептерден улам каза тапканын билдирген.
Башкы прокуратуранын маалыматында, 2020-2021-жылдары онго жакын жоокер суицидге барган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан тышкары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар орун алган.