«Кайгылуу күн»: Австрияда мигранттарга каршы партия шайлоодо жеңди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Австриянын ашынган оңчул, мигранттарга каршы “Эркиндик” партиясы 29-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо алдыга чыгып, 29% чукул добуш алды. Ошентип Европанын чок ортосундагы өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алгачкы жолу шайлоодо ашынган оңчулдар жеңди. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Энди Миок Венада оппозициянын тарапкерлери “Эркиндик” партиясынын жеңишинен кийин камтамачылык билдирген жерге барды.