Авторитардык лидерлердин заңгыраган ак сарайлары

Иллюстрациялык сүрөт

Украинадагы Межигорье резиденциясы, Түркмөнстандагы "Огузхан" комплекси жана Түркиянын президенттик комплексинин окшоштугу эмнеде? Алардын баары эбегейсиз каражатка курулуп, көз жоосун алган кооз имараттары, жайылган кең аянттары авторитардык башкаруунун байлыгын жана күчүн көрсөткөн эстеликтер менен курчалган.

Байманасы ташыган жашоо менен саясий бийлик айкалышкан дүйнөдөгү эң чоң президенттик резиденцияларды карап көрөлү.

УКРАИНА, Нови Петривци: Межигорье резиденциясы

Киевге жакын жердеги Межигорье резиденциясында мурунку президент Виктор Янукович 2014-жылы Майдан ыңкылабында качып кеткенге чейин премьер-министр жана президент болуп турганда жашаган. Ал учурда "коррупция музейи" деп аталып, анын ичинде атайын автоунаалардын музейи, гольф аянтчасы, зоопарк, фонтандар, тик учак аянтчасы жана алтургай мурдагы лидердин саркеч жашоо таризин көрсөткөн чиркөө да бар.

БИРИККЕН АРАБ ЭМИРАТТАРЫ, Абу-Даби: Каср ал-Ватан

Бириккен Араб Эмираттарынын президенттик сарайы Каср ал-Ватандын курулушу 2017-жылы бүтүп, 2019-жылы зыяратчыларга ачылган. 490 миллион долларга курулган бул хансарайда тарыхый экспонаттар, кол жазмалар жана дипломатиялык белектер коюлган.

ТҮРКИЯ, Анкара: Президенттик комплекс

Анкарадагы президенттик сарай, эл оозунда Бештепе деп аталган резиденция 2014-жылы президент Режеп Тайып Эрдоган үчүн курулган. Шаардын четиндеги токойдун арасында жайгашкан бул комплекс 1100дөн ашык бөлмөдөн турат. Ал расмий 615 миллион долларга бааланган, бирок талдоочулар курулуштун чыныгы баасы алда канча жогору экенин айтышат. Комплекске үч миңден ашык киши бата турган мечит жана төрт миллиондон ашык китеп сакталган Түркиядагы эң чоң китепкана кирет.

ОРУСИЯ, Геленжик: "Путиндин хансарайы"

Кара деңиздин жээгиндеги Геленжик шаарынын жанындагы бул комплекс президент Владимир Путиндин резиденциясы экени 2010-жылдан тарта маалым болгон. 2021-жылы оппозиционер саясатчы Алексей Навальный хансарай орус президенти үчүн болжол менен 1,4 миллиард долларга курулганын иликтеп, документалдуу тасмасын жарыялаган. Иликтөөдө комплекстин астында хоккей стадиону, театр, жүзүмзар жана чиркөө бар экени айтылат. Белгилей кетсек, комплекстин тегерегинде учууга тыюу салынган аймак бар, жээкте бараткан кемелер аны айланып өтүшү керек. Путин хансарай ага таандык экенин четке какса, бирок орус олигархы Аркадий Ротенберг резиденция Путиндики экенин ырастайт.

ОРУСИЯ, Москва облусу: Ново-Огарево

Москванын четиндеги Ново-Огарево - Владимир Путиндин мамлекеттик резиденциясы. 1950-жылдары курулган бул комплекске 2000-жылдан кийин Путиндин көрсөтмөсү менен жалпы реконструкция жасалган. Айрым маалыматтарга караганда, жакында эле резиденциянын аймагында жаңы объектилер пайда болгон. Анын ичинде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСО) эс алуу борбору, тик учак аянтчалары жана ал тургай абадан коргонуу системалары бар. Коопсуздук кызматынан Путиндин резиденциясына чейин жер астынан туннел өтөт деген маалымат бар.

ТАЖИКСТАН, Дүйшөмбү: Улут ордосу

2008-жылы ачылган Улут ордосу тажик президенти Эмомали Рахмондун расмий резиденциясы болуп саналат. Ак сарайды куруу үчүн 100 жылдык синагога жана коңшулаш башка имараттар түрттүрүлгөн. 300 миллион долларга салынган бул ордонун айланасы сейил бактар, фонтандар менен курчалган. Анын ичинде Эгемендик монументи жана 165 метр бийик көтөрүлгөн туу турат.

ТҮРКМӨНСТАН, Ашхабад: "Огузхан" президенттик комплекси

"Огузхан" комплекси - Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун расмий резиденциясы жана жумуш орду. Байыркы түркмөн урууларынын башчысынын атынан аталган бул комплексте 1990-жылдардан бери өлкөнүн президенттери жашайт. 2011-жылы болжол менен 350 миллион долларга жаңы ак сарай жана кошумча имараттар курулган. Учурда резиденциянын алдында конокторду кабыл алуу үйү, парад жана башка мамлекеттик иш-чаралар үчүн аянтча курулууда.

Толук көрсөт
Материалдын авторлору Кристина Фолтынова жана Войтек Грожек.