Москвада кыргыздарга чабуул кайра күчөдү

Быйыл Орусияда үч кыргыз жараны киши колдуу болду

Быйыл октябрь айында эле эки кыргызды өлтүрүп кетишти. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров “Азаттыкка” жагдай тууралуу айтып берди.
Раимкул Аттокуров: Азыркы учурда Москвадагы кылмыш-тергөө кызматы мунун үстүнөн иштеп жатат. Москвадагы кыргыз элчилиги Сафаров Жаныбектин денесин (24-октябрда белгисиз бирөөлөр арматура менен сайгылап өлтүрүшкөн) Кыргызстанга жиберүү боюнча чараларды көрүп жатабыз. Тынчтыкбек Ташболотов тууралуу да (11-октябрда белгисиз бирөөлөр атып кетишти) маалымат алдык. Экөөнүн тең чөнтөгүнөн орус жаранынын паспорту табылыптыр. Булар боюнча тергөө иштери бүтө элек. Ошондуктан кошумча маалымат чыга элек.

Төрөкул Дооров: Сиздер соңку окуялар тууралуу билдирүүлөрдү жасаган жоксуздарбы?

Раимкул Аттокуров: Жок. Анткени акыркы окуяларда каза болгондор улутчул жаштардын колунан өлгөнбү же башка себептерден улам каза болуштубу – азырынча дайын боло элек. Ал тууралуу так тыянак чыгарылгандан кийин гана чара көрө алабыз.

Төрөкул Дооров: Элчи мырза, былтыркыдан бери (2008-жылы Орусияда 14 кыргыз улутундагы адам улутчулдардын колунан каза болгон) кыргыздарга чабуул азайгандай болду эле, эми ушул күздөн тарта кайра чабуул күчөгөнүнө эмне себеп болуп жатат деп ойлойсуз?

Раимкул Аттокуров - Кыргызстандын Орусиядагы элчиси
Раимкул Аттокуров:
Быйыл каза болгон кыргыз улутундагы адамдардын баары улутчул жаштардын колунан өлгөндүгү азырынча далилдене элек. Азыр беш өлүм боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Алардын жыйынтыгы чыкканда гана чабуул көбөйгөн-көбөйбөгөнүн так айта алабыз.

Төрөкул Дооров: Бирок сиз өзүңүздүн тажрыйбаңызга негиздеп айта аласызбы? Мында улутчул жаштар аралашканбы же башка кылмыштуу топтордун ишиби?

Раимкул Аттокуров: Бизде азырынча үч иш боюнча “кылмыштуу топтор аралашкан” деген маалымат бар. Алар боюнча акыркы тыянак чыгарылганда гана бул сурооңузга жооп беребиз го.

Төрөкул Дооров: Буга чейин сиз Орусиядагы улутчул жаштар менен байланышып, “Эми кыргыздарга каршы чабуул азаят” деген билдирүүлөр менен да чыккан элеңиз. Азыр эми эки кыргыз жараны өлтүрүлгөндөн кийин, өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

Раимкул Аттокуров: Чындыгында, биздин жарандарга каршы чабуулдар 2008-жылдын башында аябай күчөгөн эле. Бирок андан бери андай окуялар катталган эмес. Бирок акыркы эки-үч айда гана ушул окуяларды угуп жатабыз. Азырынча тергөө кызматкерлери соңку окуялар көбүрөөк “күндөлүк турмуштагы эле чырдан чыккан болсо керек” дегенге ыктап турушат. Биз четте калбай, алардын сотторуна катышып, бүт ишке көз салып турабыз. Ошондуктан акыркы сөз айтылганда кандайдыр бир чараларды көрөбүз го.

Төрөкул Дооров: Жакында эле, сентябрдын этегинде, Москва шаардык соту скинхеддердин тобуна каршы өзүнүн өкүмүн чыгарды. Орусияда милиция жана сот органдары улутчул жаштардын криминалдык топторуна каршы көрүп жаткан аракеттерине кандай баа бересиз?

Раимкул Аттокуров: Жакындагы сиз айткан сот 2005-2007-жылдары улутчул жаштар жасаган кылмыштар боюнча болду. Алар эки кыргыз жаранын да мууздап кетишкен. Ал учурга салыштырганда, азыр абал бир топ жакшырды го деп ойлойм. Себеби элчилик, миграция комитети жана бул жактагы кыргыз диаспорасы тарабынан түрдүү иштер жүргүзүлүп жатат. Акыркы учурда мындай окуялар бир топ азайды деген ишенимде турабыз.

Төрөкул Дооров: Сиз Орусиядагы улутчул жаштардын уюмдарынын бири менен байланышып, аларды Кыргызстанга чакырып, керек болсо, Москвада футбол ойнойбуз деп чыктыңыз эле. Ойнодуңуздарбы?

Раимкул Аттокуров: Жок. Футбол оюну өтө элек. Анткени азырынча бир убакты такташа элекпиз. Москва шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн стадионун сүйлөшкөнбүз. Булардын өкүлдөрү, биздин футболчуларыбыз даяр. Азырынча күтүп жатабыз.