Атамбаевге Июнь окуясы боюнча айып тагылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев.

Башкы прокуратура 1-июнда Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге айып койду.

Мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев “Азаттыкка” бул оор берене экенин, бирок кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенин билдирди.

“Жактоочу Сергей Слесаров аркылуу айыптоо жөнүндө кабар угузулган экен. Айып Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча коюлган. Биз позициябызды кийин кенен билдиребиз”, - деди жактоочу.

Башкы көзөмөл орган бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

30-майда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү соттун чечими менен мыйзам чегинде мамлекетке өткөнүн маалымдап, имаратты үч күндүн ичинде бошотуусун эскерткен. Мүлк фонду Министрлер кабинетинин буйругу менен ал имаратка карыларды дарылоо комплекси болорун билдирди.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 2020-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыккан. Бул өкүмдү Жогорку сот быйыл март айында күчүндө калтырган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Атамбаевдин мүлкү: тараптардын жүйөсү

Прокуратура Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн үй-мүлкүн тактайт

Башкы прокуратура май айында экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн тогуз мүчөсүнүн үй-мүлкүн “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин алкагында тактап жатканын билдирген.

Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Байтемир Ибраев, Кубатбек Байболов, Алмазбек Атамбаев, Кенешбек Дүйшөбаев, Бактыбек Алымбеков, Роза Отунбаева.

Башкы прокуратуранын Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөткөн документи интернетке жарыяланды. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен козголгон кылмыш ишине байланыштуу тизмедеги саясатчылардын өлкө аймагындагы үй-мүлкүн тактоону өтүнгөн.

Тизмеде 2010-жылы кызматта турган экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылар Исмаил Исаков, Бактыбек Алымбеков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Байтемир Ибраев жана Кубатбек Байболов бар. Айрым жергиликтүү массалык маалымат каражаттары өз булактарына таянып, прокуратура аталган саясатчылардын мүлктөрүн камакка алуу максатында аныктап-тактоо иштерин жүргүзүп жатканын жазган. Башкы көзөмөл органы муну четке кагып, интернетке жарыяланган документ боюнча түшүндүрмө берди.

Интернетте тараган Башкы прокуратуранын документи.

“Тергөөдө кылмыш иши боюнча текшерилип жаткан кишилерди Жазык-процессуалдык кодексинин негизинде тек-жайы, мурда соттолгондугу, аларга катталган мүлкү жана башка жагдайлар такталууга тийиш. Ошондуктан кылмыш иштин алкагында тергөөчүнүн ар кандай мамлекеттик органдарга берген суроо-талаптары мыйзамдуу көрүнүш жана ошондой суроо-талаптарды жиберүүгө милдеттүү”, - деди басма сөз кызматы.

"Өз чындыгыбызды сотто айтабыз"

20-майда башкы көзөмөл орган Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн үч мүчөсүнө - генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып таккан. Үч саясатчы тең учурда бийликти сындагандардын катарында жүрөт.

Дагы караңыз

Июнь окуясы: үч саясатчыга айып коюлду

Айыпталгандардын бири, ошол кезде атайын кызматты башкарып турган Кеңешбек Дүйшөбаев муну саясий куугунтук катары баалайт.

“Азыр үй-мүлкүбүз камакка алына элек. Мунун баары далилсиз, мыйзамсыз болуп жатат. Биз оппозицияда жүргөндүктөн, басым-кысымга алуу катары баалап жатабыз. Сотто өз чындыгыбызды айтканга аракет кылабыз. Ким күнөөлүү экенин ошондо көрөбүз”, - деди Дүйшөбаев.

Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткандардын дагы бири, генерал Исмаил Исаков тергөөнүн сурактарында мүлктөрү жөнүндө сөз болбогонун айтып, жакында эле “коррупцияга” шек саналып камалып, кайра үй камагына чыккан Алексей Ширшов көрсөтмө бериши мүмкүн экенин божомолдоду.

Исмаил Исаков.

“Мыйзамдарды одоно бузуу менен иш жасап жатышат. Себеби тизмеде макамы бар, атайын эрежелер менен каралуучу адамдар бар экен. Бул өзүм билемдик. Мен Ширшовдун көрсөтмөсү менен болуп жатат деп ойлойм. Анткени азыр Бакиевдерди актоо болуп көрбөгөндөй жүрүп жатат. Бизге койгон айыпта экс-президент деп Бакиевди атап жатышат. Прокуратура анын соттолгонун билип туруп ошентип жатат. Мунун артында чоң оюн бар”, - деди Исаков.

Исмаил Исаков Убактылуу өкмөттө Коргоо министрлигинин башында турган.

Дагы караңыз

Иманов-Ширшов тандеминин төркүнү кайда?

Ширшов демекчи, президент Садыр Жапаров чуулгандуу иштерде аты аталып жүргөн Алексей Ширшов жөнүндө Фейсбук баракчасындагы билдирдүү калтырып, ал Максим Бакиевдин мүлктөрүнө Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн тиешесин айтып бергенин жарыялаган.

“2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди. Мен ошол күнү эле УКМКга “баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттеждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла” деп тапшырма бердим”, - деп жазган Садыр Жапаров.

Жапаров, Ташиев дагы суралды

Апрель айында Башкы прокуратура 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын, ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" беренеси менен козголгонун маалымдаган.

Июнь окуясы боюна жалпы 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмага жакын саясатчы суралган. Алардын арасында президент Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы бар. Ташиев сурактан чыгып, Июнь коогасы үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн айыптаган.

"Убактылуу өкмөт өзүнүн бийлигин, таасирин сактоого аракет кылып, жергиликтүү сепаратисттерге колдоп, аларды мүмкүнчүлүгүн пайдалангысы келген. Ушуга байланыштуу улут аралык жаңжал чыккан", - деген Ташиев.


Убактылуу өкмөттө Башкы прокуратураны жетектеген Кубатбек Байболов 2010-жылы июлда Жалал-Абад облусунда бир ай комендант болуп дагы турган. Байболов соңку беш жылдан бери саясатка аралашпаганын белгилеп, көзөмөл органдын мүлктөрдү тактоо тизмесине эмнеге кошулуп калганын түшүнбөйм деди.

“Эми ар кандай болушу мүмкүн. Мындай учурда ушул дагы болгон деп кошуп коюшу мүмкүн. Айрымдары өч алуу же бир нерсе өндүрүп алалы деши мүмкүн. Эми кандай болгон күндө дагы териштиришсин. Айыптоо үчүн деле далилдер керек. Качкан дагы, кууган дагы кудай дейт эмеспи”, - деди Байболов.

Байболов буга чейин "Июнь окуясы" боюнча суракка барбаганын кошумчалады.

Мурдагы президенттер дагы сурак бердиби?

Башкы прокуратуранын тогуз саясатчынын мүлктөрүн тактоо тизмесинде 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн башында турган экс-президент Роза Отунбаева дагы жүрөт. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, экс-президент макамы бар кезде кол тийбестик кепилденген. Башкача айтканда, кызматта турганда жасалган кылмышы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт жана суракка алынбайт, үйүн тинтүүгө болбойт. Бирок экс-президент макамынан ажыратылгандан кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Учурда Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамы алынган.

Коомчулукта, айрыкча Атамбаев бийликте турган учурда ошол кездеги оппозиция Июнь коогалаңы тергелиши керек экени, ага Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги бар экени байма-бай айтылып келген.

Анткен менен саясий айдыңда Июнь окуясын тергөөдө кош стандарттуулукка болуп жатканын айткандар бар. Алардын бири жарандык активист Адил Турдукулов:

“Убактылуу өкмөт деп аталганы ошол кездеги кырдаалга бирдей жоопкерчилик алабыз дегени болгон. Күнөө коюлса, баарына бирдей болушу керек. Андай болгон жок. Бир жагынан ошол Текебаев, Байсалов сыяктуу саясатчылар белги болушу мүмкүн. Аларга "силер оппозицияга кошула турган болсоңор, ушундай кылмыш иши козголот" дегендей сезилип жатат”.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү.

Турдукулов сөз кылган Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов болсо 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн апаратында иштеген.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова азыркы бийлик Июнь окуяларынын тергөөсүн аягына чыгарарына ишенбей турат. Укук коргоочу кандуу окуяларды саясий кызыкчылык менен пайдалануу уланып жатканын билдирди.

“Беш миңдей козголгон кылмыш иштин 1,5% гана ачылган. Эми бул бийликтин колдорунан эч нерсе келбейт. Бул жөн гана саясий чечим болот. Буга чейин саясий үч чечим чыккан. “Улуттук комиссия”, “Парламенттик комиссия”, “Эл аралык комиссия” иштеген. Элди алаксытуу үчүн кандуу окуяны кайра козгобош керек. Мага чалып жатышат. Июнь окуясынан жабыркаган миңдеген адамдар үмүт кылып отурушат. “Менин үйүмдү өрттөп кеткендер, кызымды зордуктап кеткендерди, баламды өртөгөндөрдү табат турбайбы” деп үмүт кылып отурушат. Менин көзүм жетип турат, алардын таба албайт. Мен Садыр Жапаровдон элди бириктирүүгө болгон аракетин күттүм эле...” - деди Абдирасулова.

Дагы караңыз

Июнь: куралдар кантип таркатылган?

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 2011-жылы Июнь окуясы боюнча баяндамсында чек ара бекетинен таланып кеткен курал-жарак, ок-дарылар боюнча Талант Мамытовдун дагы атын атаган. Талант Мамытов 2020-жылы ноябрь айында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, бул маалыматтарды ошол кездеги бийликтин каралоосу деп атаган.

Талант Мамытов.

"Курал-жарак боюнча, ошол кезде райондун ичинде элдик кошуундарда маалымат болгон. Өзбекстандан кирүү болот деген маселеде мэриянын чечими менен элдик кошуундарды уюштуруу боюнча токтом чыккан. Ошол кезде Бекназаров дагы чыгып, мобилизация жөнүндө сөз кылганда ушундай чечимдерге барган. Бирок бул жеке эмес, коомчулук жана жергиликтүү админстрация менен бирге чечим болгон", - деп жооп берген.

Ал эми журналист жана укук коргоочу Абдумомун Мамараимов Июнь коогасына байланыштуу жагдайларды кайра териштирүүдө мурдагы сот иштерине көңүл буруу керектигин айтууда.

“Июнь окуялары боюнча иш кайра каралат дегенди укканда, соттолгондордун жагдайы каралат го деп ойлогонбуз. Укук коргоочу катары көп жыл алар менен иштешип келбедикпи. Камалгандардын арасында күнөөсү далилденбей, кыйноого алынып түрмөдө отургандар көп. Көпчүлүгү жаза мөөнөтү бүтүп, эркиндикке чыкты. Бирок өмүрүнүн аягына чейин камалган 40тан ашуун адам бар. Алардын тагдыры да каралат бекен деп ойлодум эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Көңүл бура турган негизги жагдайлардын бири – ушул. Мисалы, кесиптешибиз Азимжан Аскаров түрмөдө көз жумду. Ал кишинин күнөөлүү экенине далил жок. Анын иши да каралышы керек”.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

“Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул киши ар кандай жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.

2010-жылы 7-апрелден кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн курамына 14 киши кирген. Алар: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаев, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Болот Шер, Дүйшөнкул Чотонов, Иса Өмүркулов, Топчубек Тургуналиев.