Сирияга чектеш Ливандагы Аккар качкындар лагери... Убактылуу чатырлар алты жылга созулган жаңжалдан качкан сириялыктардын кадыресе үйүнө айланган. Мекениндеги согушту элес албаган балдар лагерде бейкапар ойноп жатышат. Алардын айрымдарынын ата-энелери Астанадагы сүйлөшүүлөрдөн кабардар болсо да жыйындан майнап чыгат деп ишенимдүү айта албай турушат.
Сириянын Хомс шаарынан качып келип, бул лагерде баш калкалаган Вахид Ал-Ахари буга чейинки ийгиликсиз сүйлөшүүлөрдү эстеди:
- Астанадагы жыйын буга чейинки башка сүйлөшүүлөргө эле окшош. Бул жөн гана шоу. Сирия эли гана жабыркап жатат. Тилекке каршы Орусия болобу, Иранбы же Түркиябы, айтор, бардыгы бизди соодалап жатат.
Кантсе да декабрь айында Сириядагы ок атышпоо келишимине ортомчулук кылган Орусия, Түркия жана Иран Астана сүйлөшүүлөрүнө үмүт артып турат. Себеби бул жыйынга үч өлкөнүн өкүлдөрүнөн башка 2016-жылдын башынан бери биринчи жолу Сириянын өкмөттүк делегациясы жана оппозиция өкүлдөрү катышууда.
Декабрь айынын соңунда Москвадагы жыйынга АКШ чакырылган эмес. Бул жолку сүйлөшүүгө Вашингтондун Казакстандагы элчиси Жорж Крол жана Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура да байкоо салууда.
Декабрдагы ок атышпоо келишимин бекемдөөнү көздөгөн Астана сүйлөшүүсү Сириядан келген эки делегация бир жерде чогуу отурабы деген маселеден улам кечирээк башталды. Орусиянын “Интерфакс” маалымат агенттиги өз булактарына таянып, Сириянын өкмөттүк делегациясы ирандыктар менен, оппозиция өкүлдөрү Түркия дипломаттары менен чогуу отурарын кабарлады.
Астанадагы сүйлөшүүнү Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов ачты:
- Бүгүнкү жыйын эл аралык коомчулуктун Сириядагы кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуу аракетин көрсөтүп жатат. Казакстан Сирия кризисин эки тараптуу ишенимге негизделген сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечсе болот деп ишенет.
Астана сүйлөшүүсүнүн уюшулганына Сириядагы жана эл аралык мамилелердеги бир катар жаңы жагдайлар түрткү берди. Биринчиден, Орусиянын колдоосуна ээ болгон Сириянын режими көтөрүлүшчүлөрдүн негизги таянычы болуп келген Алеппо шаарына көзөмөлүн орнотту. Экинчиден, Сирия жаңжалында Батыш өлкөлөрү сыяктуу оппозиция күчтөрүн колдоп келген Түркия Орусия менен ымалага келди.
Ошентсе да Орусия менен Түркия президент Башар Асад бийликте калышы керекпи деген суроодо так мунасага келе элек. Бирок түрк тышкы иштер министринин орун басары Мехмет Шимшек “Түркиянын Асадсыз келишимге келүү талабы реалдуу болбой калганын” билдиргени бар. Сирия режими декабрда кабыл алынган ок атышпоо келишими бекемделиши зарыл деген позицияда турса, оппозиция өкүлдөрү Сирия өкмөтү бул келишимди бузбасын деген талабын коюп жатат.
Айрым Батыш өлкөлөрү күмөн саноо менен мамиле кылган эки күндүк Астана сүйлөшүүсүн казакстандык мурдагы дипломат Казбек Бейшебаев жакшы жышаан деп баалады:
- АКШнын президенти Дональд Трамп ант берүү аземиндеги сөзүндө террорчулукту жок кылуу үчүн болгон аракетин көрөрүн айтты. Сирия маселесинде тышкы оюнчулардын позициялары дал келип жатат. Андыктан бул туура багыт болуп турат. Баары тынчтыкты каалашат, бардыгы тажап бүттү.
БУУ ортомчулук кылган Сирия сүйлөшүүлөрү болсо 2016-жылдын башында үзгүлтүккө учураган. Декабрда Орусия, Иран жана Түркиянын дипломаттары Москвада жолугуп, ок атышпоо келишимин кабыл алышкан. Эми Астанадагы сүйлөшүүлөр бул келишимди бекемдейби деген суроо азырынча жоопсуз калууда.
2011-жылы президент Башар Асаддын бийликтен кетишин талап кылган демонстрациялардан жарандык согуш тутанып, андан бери өлкөдө 300 миңдей адам набыт болду. Алты жылдык согушта өлкө калкынын жарымы же 11 миллиондой адам жер которду. Качкынга айланган сириялыктар мекенине качан кайтып келери белгисиз.