Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) лидерлеринин Астанадагы саммити жыйынтыкталды. Өлкө жетекчилери тар курамдагы отурумун жабык өткөрүп, кеңири курамда сөз сүйлөшкөн жок. Уюмда 11 мамлекет болсо анын төртөө бири-бири менен жаңжалдашууда, Орусия бирикменин негиздөөчүсү Украинага кол салса, Беларус Москванын таламын талашууда. Калган өлкөлөрдө да ич ара таарынычтар бар.
Бул жыйынга улай эле казак баш калаасында "Борбор Азия – Орусия" отуруму өттү. Ага чейин ушул жерде 28 өлкөнүн башын бириктирген Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин кезектеги форуму болгон.
Жабык саммиттеги сөздөр
Астанадагы 14-октябрдагы саммитке КМШга мүчө мамлекеттердин тогузунун – Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын лидерлери катышты. Молдованын жетекчиси келген жок.
Жалпыга маалымдоо каражаттары тар курамдагы отурумдун ачылышын гана түз алып берип, андан кийинкилерин тарткан жок. Бир сааттан ашык убакытка созулган жыйында баштан аяк эмне сөздөр айтылганы белгисиз. Президенттердин басма сөз кызматтары кийин өз лидерлеринин кыска билдирүүлөрүн гана жарыялашты.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев киришүү сөзүндө уюмда өз өлкөсү төрагалык кылган жылдардагы жетишкендиктерге токтолду.
“Биргелешкен жумуштун натыйжасында соода-экономикалык карым-катышты кеңейтүүгө, биздин маданий-гуманитардык байланыштарды сактоого, ошондой эле шериктештиктин потенциалын жана эл аралык аброюн көтөрүүгө багытталган бир катар маанилүү демилгелер ишке ашты. Жеңил эмес экономикалык жагдайда шериктештиктин экономикалык потенциалын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Биринчи кезекте КМШнын 2030-жылга чейинки экономикалык өнүктүрүү стратегиясынын жоболору аткарылып жатат. Иш-чаралар планынын биринчи этабын ийгиликтүү аткаруу жумуш активдүүлүгүн жогорулатууга, өз араны сооданы көбөйтүүгө, пандемиядан кийин экономиканы калыбына келтирүүнү тездетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Глобалдык жана регионалдык экономика олку-солку болуп жаткан шартта соода-экономикалык байланыштарды тыгыз кармоо үчүн бизге болгон потенциалды ишке салуу абдан маанилүү”, – деди казак президенти.
Калган лидерлер да шериктештикке мүчө өлкөлөр арасында саясий, экономикалык, маданий, гуманитардык жана башка багытттардагы кызматташуу артып жатканын билдиришти.
Уюмдагы эки өлкө Орусия менен Беларуска салынган Батыш өлкөлөрүнүн санкциялык шартында оорчулуктар бар экенин, бирок баары өз ара бир соода жүгүртүү да өсүп жатканы кеп болду.
Беларустун башында турган Александр Лукашенко мындай саммиттерде дайым Батыш өлкөлөрүн сындап келген. Бул жолу да ушундай пикирин айтты.
“Биз көптөн бери айтылып келген нерселер болуп жатат, реалдуулукка айланды. Бизге каршы гибриддик согуш башташты. Украина бул жерде жөн гана шылтоо болуп жатат. Мындай нерсени алар балкимУлуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштен кийин, балким ага чейин эле башташса керек. Учурда экономикалык жана финансылык чабуулдарга Орусия менен Беларус кабылып жатат. Бирок баарыбыз батыштагы стратегдердин чыныгы максаты мындан кыйла кең экенин билишибиз керек. Евразия мейкиндигин бөлүп-жарып, бизди ресурс катары пайдалангысы келишет. КМШнын мейкиндигинде түрдүү чагымдарга даяр болуш керек. Казакстандагы, Өзбекстандагы жакында болгон окуялар бизге сабак болушу керек. Бирок мунун баары башталышы гана. Алар биздин баарыбызды канчалык бышык экенибизди сынап көрүшөт”.
Кеп болуп жаткан уюм СССР таркаган соң анын мейкиндигинде пайда болгон эгемен өлкөлөрдүн бирикмеси. Алгач Орусия, Беларус жана Украина 1991-жылдын 7-8-декабрында Беловеж келишиминин алкагында “Суверендүү Мамлекеттердин Союзун” түзгөн.
Кийинки сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аларга ошол эле жылдын 21-декабрында Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан да кошулган. Уюм ошондон кийин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги – КМШ деп аталып калган.
Уюмга мурдагы советтик республикалардан Латвия, Литва, Эстония кошулган эмес. Грузия 1993-жылы кошулуп, 2008-жылы Орусия ага кол салгандан кийин кайра чыгып кеткен. КМШнын негиздөөчүсү болгон Украинанын бийлиги 2014-жылы анын Крым жарым аралын Москва аннексиялап алгандан кийин уюмга мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган.
Дагы караңыз Азиянын 28 өлкөсү кеңешмеде: көйгөй көп, кызыкчылык ар башкаИчки жаңжалдар жана өз ара таарынычтар
Иш жүзүндө расмий Киев уюмдан чыгуу тууралуу анын Аткаруу комитетине расмий кабарлама жөнөткөн эмес. Ошол себептүү КМШнын администрациясы Украинанын дале мүчө деп эсептеп келет. Бирок 2014-жылдан бери бир да украин лидери шериктештиктин саммиттерине келген эмес.
Быйыл февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин украин лидерлеринин орус президенти менен бир үстөлгө отурушу андан да татаалдашты. Анүстүнө орус аскерлери Беларустун аймагы аркылуу да басып киргени үчүн Киевдин расмий Минскке “катуу таарынычы” бар.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен мындан сырткары Азербайжан менен Армениянын, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бир нече ирет куралдуу жаңжал катталды. Төртөө жер талаштан улам кармашып жатышат. Баку менен Ереван Тоолуу Карабакты талашса, Бишкек менен Дүйшөмбү Баткен менен Согди облустары чектешкен жерлердеги такталбаган тилкелерди демаркация кыла албай чатакташууда.
Тараптар бири-бирин агрессияга айыптап, айрым жыйындарда чогуу отуруудан баш тартууда. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сентябрда Азербайжан мүчөлүк кылган ШКУнун Самаркандда саммитине келбей койсо, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров октябрдын башында КМШнын Санкт-Петербургда өткөн формалдуу эмес саммитине барган жок.
Садыр Жапаров Астанадагы саммитте чек арадагы талашты тынч жол менен чечүү керектигин айтты. Ал муну үчүн уюм түзүлгөн маалдагы келишимдердин негизинде иш алып барууга чакырды.
“Аларда белгиленген максаттар жана принциптер учурда мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу болуп жатат. Шериктештиктин негизги жана кебелбес принциби катышуучу мамлекеттердин ортосундагы достук, ынак коңшулук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо элдердин түпкү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет жана тынчтыктын жана коопсуздуктун иши. Өзгөчө бири-бирибиздин территориалдык бүтүндүгүбүздү урматтоо жана азыркы чек аралардын кол тийбестиги сыяктуу маанилүү принципти баса белгилегим келет. Бул бүгүнкү мамилелердин негизги пайдубалы болгон эң маанилүү келишимдердин бири. Кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын дагы бир жолу ырастайм. Кыргыз Республикасы бардык жаңжалдарды тынчтык жол менен гана чечүү ынак коңшулук мамилени, экономикалык байланыштарды чыңдап, элдин бакубаттуулугун өстүрүүгө жана социалдык чыңалууну азайтууга өбөлгө берет деп эсептейт”.
Шериктештикке мүчө өлкөлөрдүн бири Молдованын президенти Майя Санду Астанадагы саммитке келбей турганы мурдараак расмий айтылган. Кишинёв мунун себебин мамлекет башчынын иш графигинде бош убакыт жоктугу менен түшүндүргөн. Бирок иштин жөнү баары бир молдован бийлигинин Орусияга терс маанайында турат.
Акыркы мезгилдерде Майя Санду Батышка ыктаган саясат кармана баштаган. Ошондон улам орусиячыл партиялар анын кызматтан кетишин талап кылган митингдердин сериясын уюштуруп жатат. Мындан сырткары Молдованын аймагындагы жикчил Приднестровьени Москва көп жылдан бери колдоп келет. Украинадагы согуштун фонунда ал жакта да абал курчуп, бир катар жарылуулар катталган.
Мындай жагдайларга карабай Орусиянын президенти Владимир Путин Астанадагы саммитте КМШ 30 жылдан ашык тарыхында чөлкөмдөгү абройлуу уюмга айланганын сөз кылды. Ал СССРди түз атаганы эле болбосо, КМШдагы өлкөлөр мурда бир мамлекеттин курамында болгонун, азыр шериктештикте айрым байланыштар сакталып калганын белгиледи. Ошол эле маалда ал шериктештиктин мейкиндигинде талаштар бар экенин мойнуна алды.
Владимир Путин Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжал Европа кеңешинин арачылыгы менен чечүү аракеттерин комментарийлеп, алардын лидерлерине Москвада, же Сочиде үч тараптуу жолугууга чакырды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Путин КМШ саммитинин алдында Астанада жолугуп, жаңжалды чечүү жолдорун талкуулаган.
“Албетте, КМШнын алкагындагы өз ара карым-катыштагы позитивдерге карабай, тилекке каршы, кээде келишпестиктер, ача пикирлер жана жаңдалдар да болуп жатканын моюнга алуу керек. Биз муну жакшы билебиз, кечээ эле бул жөнүндө Тажикстандын жана Кыргызстандын президенттери менен жолугуп, ушул проблемаларга байланыштуу сүйлөшкөнбүз. Кайсы жерде болбосун жаралган кырдаалдардан жакшы ниет принцибинин чегинде чыгуунун жолдорун издешибиз керек. Менин көз карашымда андай ниет баарында бар жана аны мүмкүн болушунча пайдалануу кажет”, – деди Владимир Путин 14-октябрда.
Дагы караңыз Чек ара: Орусия ортомчу болгон сүйлөшүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев саммиттин кеңири курамдагы жыйынын ачып жатып, өлкө лидерлери сөз сүйлөбөй турганын жарыялады. Ал ошондой эле тар курамдагы отурумда КМШнын Аткаруу комитетин мындан ары Башкы катчылык деп атоо чечилгенин кошумчалады. Мындан сырткары 2023-жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылары, келерки саммит 13-октябрда Бишкекте өтөрүн айтты.
Ошентип КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев жана КМШнын Парламенттер ассамблеясынын төрайымы, Орусиянын Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко кыска баяндама жасалды. Андан ары өлкө лидерлерли 20дай жаңы документтерге кол коюп, жыйынды жабышты.
Борбор Азия жана Орусиянын отуруму
КМШнын саммитинин артынан эле, 14-октябрда Астана шаарында “Борбор Азия – Орусия” форматындагы жыйын өттү. Ага аты айтып тургандай эле Орусиянын жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн президенттери катышты.
Алты лидердин чогулушунда соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, энергетика, айыл чарба, миграция, маданий-гуманитардык маселелерди талкууланганы айтылды. Мындан сырткары алты өлкөнүн президенттеринин жыйынында Ооганстандагы кырдаал да сөз болгону маалымдалды.
Бул жыйын да маалымат каражаттарында баштан-аяк чагылдырылган жок. Ар бир президенттин басма сөз катчылары өз президентинин баштапкы билдирүүлөрүн гана таратышты.
Орус президенти Владимир Путин Орусия менен беш өлкөнүн саясий карым-катнашы жана соода жүгүртүүсү артып жатканын белгилеп, бирок сырттан кээ бир тараптар ага тоскоол болуп жатканын айтты.
"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда ар кайсы багыттарда жана түрдүү форматтарда мамиле курулуп жатканы белгилүү. Биз дайыма байланыштабыз. Эки тараптуу каналдар аркылуу да, КМШнын, ЕАЭБдин, ЖККУнун жана башка түзүмдөрдүн алкагында да үзгүлтүксүз байланышта болуп жатабыз. Бул же тигил маселелер боюнча дайыма бири-бирибиз менен кеңеше алабыз. Ошентсе да биздин баарлашуубуздун жаңы форматы пайдасыз болбойт деп ойлойм. Бул мамилелерибизге кошумча баа берет".
Бул арада Телеграм-каналдарда “Борбор Азия – Орусия” лидерлеринин жыйынында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ачуу сүйлөгөнү тартылган видео тарады. Ал видеону Астанадагы саммитке катышып жаткан журналисттер же башка катышуучулар тартып, чыгарышы мүмкүн. Себеби отурум телеканалдар аркылуу көрсөтүлбөгөнү менен ошол жердеги пресс-борборлордо отургандарга көргөзүлүп турган.
Видеодо көрүнүп тургандай, Эмомали Рахмон Владимир Путинге кайрылып жаткан. Ал өз сөзүндө СССР учурунда майда элдерге, майда республикаларга көңүл бурулбай калганын, тескерисинче, кен-байлыктарын Москва чыгарып кеткенин, ошонун натыйжасында советтик өлкө талкаланганын айтат. Ошол себептүү алар эгемендик алганына карабай жакыр абалда калып калышканын, натыйжада жарандары Орусияга миграция барууга аргасыз болуп жатканын белгилейт.
Рахмон Борбор Азиядагы өлкөлөр Орусияны башкы стратегиялык өнөктөш катары тутарын, аларда орус аскердик базалары, орус мектептери, баары бар экенин белгилеп, бирок орус бийлиги аларга ошого жараша көңүл бөлүнбөй жатканын, мигранттарга тиешелүү мамиле жасабай жатканын даттанган.
"Ооба, биз чакан элдербиз. Биз 200 миллион, же 100 миллиондук калктар эмеспиз. Бирок биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз бар, биз адамбыз. Биз бизди сыйлашын каалайбыз. Мындан эмне туура эмес нерсе бар? Биз төмөн калктар эмеспиз. Биз бай эле өлкөлөрбүз, бизде Менделеевдин таблицасындагы бардык элементтер бар. Орусиядан газ менен мунай гана алып жатабыз. Мына чогулуп калдык, эми керектүү шарттарды түзөлү. Кайсы жерде ким менен учурашпай койдук, такташып алалы. Биз эч бир келишимдерди бузган эмеспиз. Өзүбүздүн башкы стратегиялык өнөктөшүбүздүн кызыкчылыктарын да сыйлайбыз. Бирок бизди да сыйлоосун каалайбыз. Владимир Владимирович, КМШ өлкөлөрүнө мурдагы советтик өлкөлөр катары мамиле болушун каалабайбыз. Биздин, ар бир өлкөнүн өзүнүн көйгөйлөрү бар. Ар бир өлкө менен өз-өзүнчө иштөө зарыл", – деген Эмомали Рахмон.
Астана шаарында бул эл аралык жыйындар саммиттердин парады сыяктуу болуп калды. Алгач 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин кезектеги форуму өткөн. Бул Кеңешмеге 28 мамлекет кирсе, алардын жарымынан ашыгынын лидерлери каза баш калаасына келишти.
Негизинен Азия континентиндеги башын кошкон удаа жыйналыштар Украинадагы согушка байланыштуу Батыш өлкөлөрү менен Орусиянын тиреши күчөп турган маалга туш келди.