АСЕАН саммитинде талкууланган деңиз талаш

Сингапурдагы саммитке чогулган лидерлер. 15-ноябрь, 2018-жыл.

Сингапурда Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин жана алардын Азия - Тынч океан аймагы боюнча өнөктөштөрүнүн саммити өттү.

Жогорку жыйындын жүрүшүндө Азия эле эмес, дүйнө үчүн да маанилүү суу жолу - Түштүк-Кытай деңизинин болочок макамына, бул деңиз аркылуу кемелердин эркин каттоосуна байланышкан маселе кайрадан көтөрүлдү. АКШ Кытайды Түштүк-Кытай деңизин аскерлештирип жатканы үчүн акыркы убакта такай сынга алып келет.

Түштүк-Чыгыш Азия Өлкөлөрүнүн Биримдигине (АСЕАН) аймактын он мамлекети кирет, экөө байкоочу. Бирок уюмдун жогорку деңгээлдеги жыйындарына адатта Азия - Тынч океан чөлкөмү боюнча бул мамлекеттердин ири коңшулары - АКШ, Орусия, Жапония жана Кытай да такай чакырылат.

Саммитке бул ирет АКШнын атынан келген вице-президент Майк Пенс Сингапурдагы жогорку жыйында сөз алганда мындай деди:

Майк Пенс Сингапурдагы басма сөз жыйынында. 15-ноябрь, 2018-жыл.

- Силер өңдүү эле биз да Инд жана Тынч океандарынын аймагында мамлекеттердин баары: чоңдору жана кичинелери да гүлдөп өнүгө алышын, эгемендигин камсыз кылышын, баалуулуктарыбызга ишенимдүү болушун, алардын күч-кубаты бирге артышын көздөйбүз. “Инд жана Тынч океандарында агрессияга жана империяга орун жок” дегенге баарыбыз макулбуз.

АКШнын вице-президенти АСЕАНдын саммитиндеги сөзүндө кайсы бир өлкөнү, анын ичинде Кытайды бөлүп көргөзгөн жок. Бирок бир катар баяндамачылар менен байкоочулар анын “Инд жана Тынч океандарынын аймагында империяга жана агрессияга орун жок” деген сөзүн Кытайга багытталды деп эсептешти.

Анткени Кытайдын Азия - Тынч океан чөлкөмү эле эмес, дүйнө үчүн суудагы эң маанилүү кан жолу болуп эсептелген Түштүк-Кытай деңизиндеги аракеттери, анда жасалма аралдарды курушу АКШны жана аймактын өлкөлөрүн кабатыр кылып келет. Вашингтон болсо Бээжинди акыркы кездери бул деңизди аскерлештирип жатканы үчүн такай сынга алып жүрөт.

Андыктан Түштүк-Кытай деңизи аркылуу кемелердин эркин каттамы боюнча маселе Азиядагы ири жыйындардын күн тартибине дайыма чыгат. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү жана Кытай буга чейин “Түштүк-Кытай деңизиндеги жүрүм-турум декларациясы” деген документ кабыл алышкан. Эми алар алдыда “Жүрүм-турум кодекси” деген макулдашуу түзүүнү көздөп жатышат.

Кытай Сингапурдагы саммитте Түштүк-Кытай деңизиндеги “Жүрүм-турум кодекси” боюнча сүйлөшүүлөрдү үч жыл ичинде аяктоону сунуш кылды:

Ли Кэцян.

- Биз бири-бирибизге кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсү менен байланганбыз. Бирок пикир келишпестиктер да бар. Биз алардан эч убакта четтеп кеткен эмеспиз. Мисалы, Түштүк-Кытай деңизи боюнча акыркы жылдары жүрүм-турум кодексин ишке ашыруу менен деңиздеги тынчтык жана туруктуулук жалпысынан сакталды. Мына ушул негизде Кытай АСЕАН өлкөлөрүнүн баары менен “Жүрүм-турум кодекси” боюнча консультацияларды алдыдагы үч жыл ичинде аякташ үчүн иштешүүгө даяр. Биз үч жылдан кийин “Жүрүм-турум кодекси” Түштүк-Кытай деңизиндеги тынчтыкка жана туруктуулукка, эркин соодага, биздин АСЕАН менен эркин соода аймагыбызды мындан ары да жакшыртууга көмөктөшөт деп үмүттөнөбүз, -деди Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян саммиттеги сөзүндө.

Бирок Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун саммиттин соңундагы басма сөз жыйынында “маселенин татаалдыгын” эске алганда макулдашууга үч жылда эле жетишүү мүмкүн болорунан күмөн санады.

Малайзиянын премьер-министри Махаткир Мохаммад болсо кабарчылардын суроосуна жооп бергенде буларга токтолду:

Махаткир Мохаммад (оңдо) АСЕАН саммитинде. 14-ноябрь, 2018-жыл.

- Малайзия өз көз карашын билдирди. Ага ылайык АСЕАН аймагынын айланасындагы деңиздер ири аскердик кемелерден эркин болушу керек. Каракчылык менен күрөшүү үчүн кичинекей күзөт катерлери гана керек. Аймакта ири аскердик кемелердин жүрүшү тирешүүгө алып баргыдай окуяга түрткү болушу мүмкүн.

Түштүк-Кытай деңизи - эл аралык соода үчүн маанилүү жол. Бул деңиз аркылуу азыр дүйнөлүк сооданын 40% жүрөт же жылына 5 триллион доллардык товар ташылат. Деңизде мунай менен газ да көп.

Түштүк-Кытай деңизиндеги Вуди аралынын жандочтон тартылган сүрөтү.

Деңиздин бөлүктөрүн Кытайдан Вьетнам менен Тайвандан тышкары Бруней, Малайзия, Филиппин да талашып жүрөт. Филиппинде Кытайдын деңиздеги аракеттерине нааразы болгон активисттердин акциялары утур-утур өтүп турат.

Быйыл жайында Бээжин бул дениздеги Спратли аралдарына кемеге каршы ракеталарын, “Жер-Аба” тибиндеги ракеталарын, башка аскердик жабдуусун жайгаштырып, Вуди деген аралга бомба таштоочу учагын кондурганы кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.