Сүрөтчүлөр сатып жан багыш үчүн, түрдүү көргөзмөлөргө катышып, ысымын эл-журтка таанытыш үчүн сүрөт тартышат. Ал эми cловак-чех сүрөткери Павол Гоча (Pavol Goča) үчүн сүрөт тартуу – эрмек. Максаты -табияттын сулуулугун өз тааныш-билиштерине жүрөгү сезгендей кылып жеткирүү. Гоча мырзанын сүрөттөрүнө суктанып, сатып алайын деген кардарлар да бар. Бирок ал өз картиналарын сатпайт. Эмне үчүн?
- Мага жаратылыштын кооздугу жагат, - деп баштады жообун Павол Гоча. - Мен аны элге көрсөткүм келет: эл да табияттын мен көргөн көркүнө суктансын. Ар бир гүлдү, алардын чанагын, түркүн түсүн тарткан көп убакытты талап кылат. Бирок менде жетиштүү убактым бар. Үйүмдүн тегереги - жайнаган гүлдөр. Сүрөт тартуу - менин эрмегим. Сүрөттөрүмдү сатып, акча табам деген ой жок, менде. Сүрөттөрүмдү сатпайм. Кардарлар чыкты, бирок сатканым жок. Картиналарымды жакшы досторума жана жакшы адамдарга тартуу кылам. Менде ар бир полотнону өзүм каалаган абалга жеткириш үчүн узак убакыт иштегендей шартым бар.
76 жаштагы сүрөткер менен Прагадагы сүрөт галереяларынын биринде жеке көргөзмөсүндө тааныштым. Vrtba багындагы галереяга баш бакканда эле өзүмдү импрессионизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири Оскар Клод Моне өз картиналарында жараткан ажайып табияттын койнуна киргендей туйдум.
Постектей жерде деңиздей мемиреп жайнаган кызгылт-көк лавандалар. Көгүлтүр талаа бетинде жалындын тилиндей алоологон кызгалдактар. Ысык сүйүүнүн эмблемасы деп саналган кырмызы, ач кызыл түстөгү пион гүлдөрү. Чети көк менен туташкан көк жашыл айдың. Асманда буладай таза булуттардын көчү чалкыйт. Клод Моненин лилиялуу авиз жана жапандардын асма көпүрөсү.
Павол Гоча соңку эки көрүнүштү тартыш үчүн залкар француз живописчисинин Живернидеги багында бир нече жума жүргөн. Үйрөнчүк сүрөткер атактуу импрессионисттин: “Өз жайында тартылган сүрөттөрдүн баары дайыма күчү, таасирдүүлүгү, ар бир шилтемдин жандуулугу менен айырмаланат. Бул касиеттерге өнөрканада жетишүү мүмкүн эмес... биринчи алган таасирди сүрөттө сакташ үчүн колдон келишинче өжөрлөн, себеби биринчи таасир эң туура” деген сөзүн тумардай аздектейт. Ошон үчүн делебе козгогон табият сулуулугун адеп көрүп-сезгениндей кылып тартканга умтулат.
Павол Гоча кыл калемин 16 жылдан бери колунан түшүрбөйт. Анткени мурда бош убактысы болбогон кезинин эсесин чыгаргысы келет:
- Сүрөттү алтымыш жашымда тарта баштадым. Ага чейин бош убактым жок болчу. Фирмам бар эле. Биз бетон жасаган заводдор менен иштечүбүз жана курулуш объектилери үчүн кум тосмолорду жасадык. Тиги же бул курулуш объекти үчүн кандай бетон керек экенин эсептеп берчүбүз. Азыр башка жумушум жок. Мен азыр эркин адаммын.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Павол Гоча кесиби боюнча инженер-курулушчу. Ардактуу эс алууга өз ыктыяры менен кеткенге чейин өзү негиздеген "BetónRacio" курулуш компаниясын жетектеген. Словакиядагы жана Чехиядагы маанилүү объектилерди курууга инженердик-технологиялык жактан салым кошкон акционердик компаниядагы менежерлик жумушун акчанын азгырыгынан эркин болуш үчүн токтоткон. Анан да сүрөт тартуу аркылуу “өзүндөгү өзүн” тапкысы келген.
- Эми баштаганда үжүрөдөй болгон сыйынткананын сүрөтүн тарткам. Ал ибадаткананын сүрөтүн кантип туура тартканды билбедим. Бирок көп машакат менен тарттым. Ошол тажрыйбамдан кийин сүрөттү кантип тартуу керек экенин жакшы эле үйрөндүм. Алгачкы сүрөттү тартканда кетирген кемчиликтеримдин негизинде, биринчи, экинчи, үчүнчү кезекте эмне кылыш керек экенин билдим.
Павол Гоча кендир полотнонун бетине түшүргөн пейзажда таажылары күндү карап термелген күнкарамалар, көк жашыл жашаңда саргайып шамдай балбылдаган каакымдар, жолоочуга "мени эмки жайга чейин унтупа" деп телмирген май айынын канышасы - көз мончок гүлдөр (незабудка) кадим тирүү жандай жайкалышат. Алардын кооздугуна суктанып тим болбой, ар бирин жыттап, бурак жытына магдырап, уктап калганды каалап кетесиң.
- Жаратылыш гүлдөрдү керемет композиция менен өстүрөт. Андай сонун композиция өзгөртүүгө муктаж эмес. Жаратылыш жараткан композицияны дал ошондой тартуу керек. Сүрөттү кесипкөй сүрөткерлердей кылып тартуу үчүн окугум келбейт. Эгер атайын билим алсам, менин өздүгүм бузулмак. Азыр мен - менмин.
Сүрөткер өзү айткандай, ал узак изденүүнүн жана кара мээнеттин натыйжасында өз жолун тапкан. Ырас, Павол Гочанын картиналары жалт караганда жаратылыштын Клод Моне түбөлүктүү кылган жандуу элесин эске салат. Бирок ар кыл боёктордун көз жоосун алган сыйкырынан бошонгондон кийин үйрөнчүк сүрөткер ландшафттын кооздугуна өзүнчө жан киргизгенин байкайсыз. Ошого импрессионизмдин айтылуу өкүлү Клод Моненин түркүн нур бөлгөн ажайып сүрөттөрүн түзмө-түз кайталабайт.
Ал кендир полотно бетинде табияттын өзү көрүп сезген кооздугун жаратат: Ак кар, көк муздуу кышкы жол. Клод Моненин Живернидеги кара бак ортосундагы кызыл черепица чатырлуу үйүн көздөй куушкан эки аяк чыйыр жол. Эрте жазда токойду аралай кеткен жолдо бараткан эки караан. Кызгыл өңгө чыланган жүзүмзардын ортосундагы таш жол. Ак сары, кызыл көк жана башка түркүн өңдүү гүлдөр эки капталынан гүлкайырдай ийилген жалгыз аяк жол. Бул сүрөттөрдү карап жатып, жолдор да гүлдөр сыяктуу эле бизди өмүр бою коштоп жүргөнүн, ал түгүл акыр сапарга да бир жол менен кетип, кош айтышып жатканда башыбызга гүл төшөлөрү эсиңе түшөт.
- Мага жолдун символу жагат. Жол кишини кайдадыр бир жакка алып барат, кайсы бир жактан алып келет. Ал жол менен кимдир-бирөө келет. Бул сүрөттө, тиги сүрөттө, аркы сүрөттө, мобу сүрөттө жол тартылган. Суу да ошондой: кайдадыр бир жакка кетүүдө, - деди олбурлуу сүрөтчү сыйда ак чачын артка сылап.
Анын сүрөттөрү жылдын төрт мезгили менен жарыша өзгөрүп турган Прага Ботаника багынын сыйнатканасын, жүзүмзарларын, жаз айлары жаш селкидей кулпунган жапон багын көз алдыма тартты. Бирок да тириликке чакырган жолдоручу? Бул жолдордун маанисине жетиш үчүн Омор Султановдой зор акындын “Көз ирмем” деген ырын улам кайталап окудум.
Кетсинчи жолду жылдар кайра түрүп -
Кайрадан маани келет дааналанып.
Ушул соңку көз ирмемге келдик басып тайгаланып.
Эгер жылдар жолду кетсе кайра түрүп -
Биз шартылдап келээр белек ойноп-күлүп
Көз ирмемди көз ирмемге пайдаланып.
(“Көз ирмем”, Омор Султанов. 2- том, 23-бет)
Павол Гочанын эмгектери менен таанышкан киши аны үйрөнчүк сүрөтчү деп ойлобойт. Ал өзү "төтөн жолумдан чыгарат" деп, атайын билим алып, сүрөткерлик өнөрдүн сырларын окуганды каалабайт да.
- Алгачкы эки картинамды Клод Моненин сүрөттөрүнүн көчүрмөсүндөй кылып тарткам. Мага ал сүрөттөрүм жакпады. Себеби, ал мен эмес болчумун. Мага Моненин боёк менен иштөөсү, өңдөрдү контраст менен бергени, композициясы жагат. Ошон үчүн Монэни туурап тартканмын. Анын эмгектери пейзаж тарткан сүрөткерлер үчүн сонун үлгү. А мен гүлдөрдү, табиятты мага жаккандай кылып тартам.
76 жаштагы карыя туура жолдо экенин көрүүчүлөр калтырган пикирлер да ырастайт. Чех көрөрман “сиздин сүрөттөрүңүз мага жакты. Залга оболу киргенде сүрөттөр жараткан таза атмосферадан демим кысылып, толкундап кеттим” деп жазса, орусиялык жаш жубайлар “сүрөт көргөзмө жана ажайып бак бизге жаңы дем-күч берди” деп алкыш айтышат. Ал эми мажарстандык төрт курдаш: “Сүрөттөр тим эле фантастика. Табияттын кооздугу бүт дитиңди өзүнө тартып алат” деп ыраазылыгын билдиришет.
60 жашында колуна мольберт алып, 16 жылдан бери жаратылыштын кооздугун талбай тарткан Павол Гоча үчүн мындан артык баа болобу?!Баса, Праганын "Vrtba" багындагы галереядагы вернисаж- карыя сүрөтткердин тунгуч көргөзмөсү. Көргөзмө - анын 75 жылдыгына досторунун бири атаган белек.