Паралимпиадага экинчи жолдомо уткан Арстанбек

Арстанбек Базаркулов машыгуу учурунда.

Арстанбек Базаркулов Кыргызстандын паралимпиада боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү.

Арстанбек 2016-жылы Бразилияда өткөн Паралимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан катышып, дүйнөлүк мелдеште 9-орунду ээлеген. Быйыл кайрадан паралимпиада оюндарына экинчи жолу катышканы турат. Ал май айында нормативди толтуруп, Жапонияда өтө турган Паралимпиада оюндарына жолдомо алган.

Базаркулов жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү боюнча эгемен Кыргызстандын тарыхында Паралимпиада оюндарына эки ирет жолдомо алган алгачкы спортчу болуп калды.

Ал мурун жакшы баса албай, коляскада отурчу. Спорт менен алектенип, ден соолугун чыңдап, ийгилик жаратып эле тим болбостон коляскасын таштап, өзү басып жүрөт. Спортчу кантип машыгып, кандай шартта жашай турганын “Азаттыктын” сүрөт баянынан көрүңүз.

Арстанбек 32 жашта. Ал аялы Зулайка жана эки уулу менен Бишкектин четиндеги чакан үйдө күн кечирет.

Арстанбек өзү курган ушул үйдө жашап жатат. Кайрымдуу адамдардын колдоосу менен жакында Арстанбек жаңы үйлүү болгону турат.

12 жыл мурун Арстанбек же жумуш таппай, же өзүн алаксытууга хобби таппай айласы кетип, акыры өзүн спорттон сынап көрүүнү чечкен. Алгач ал кол күрөш менен алектенип, кийинчерээк пауэрлифтинг менен машыга баштаган.

"Бизди майыптыгыбыз бар үчүн эч жерге жумушка албайт. Иш издеп канча эшикти кактым. Айла жок майда-чүйдө иштер менен алек болосуң. Иштебей койсоң өзүңдү эч кимге керексиздей сезесиң. Мурун темир ширетчү элем. Азыр спорт менен машыгып жатам", - деди спортчу.

Бул текчеде Арстанбектин кол күрөш, пауэрлифтинг жана ядро ыргытуу боюнча мелдештерге катышып, утуп алган медалдары илинип турат.

“Пауэрлифтинг менен машыгып жүрүп, Спорт ордосунда мелдешке катышкам. Штанганы көтөрсөм эле калыстар жаратпай коюшту. Дагы көтөрдүм, дагы жаратпай коюшту. Көрсө бутумдун согончогу толугу менен жерге тийбейт экен. Анан калыстар өз ара сүйлөшүү жүргөндөн кийин “мейли эми катыша берсин” деп үчүнчү көтөргөнүмдү жаратышты. Ошондо мен 170 килограммды көтөргөм. Андан кийин гана бул спорт мен үчүн эмес экенин сездим. Кийинчерээк таш түртүү (ядро ыргытуу) менен машыга баштадым”, - деди Арстанбек бул спортко жаңы кадам таштаган кези тууралуу.

Арстанбек кол күрөштөн майыптыгы бар адамдар арасында өткөн Азия чемпионатына да катышкан. 2010-жылдан тартып жеңил атлетиканын ядро ыргытуу түрү менен алектене баштаган. 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Паралимпиада оюндарына катышып, 9-орунду ээлеген.

Арстанбектин Бразилияда өткөн Паралимпиада оюндарынан алып келген белектери.

Арстанбекке Катар кайрымдуулук фонду электромопед белекке берген. Аны айдап алып Арстанбек күнүнө бир жарым саат жол жүрүп, Кант шаарындагы машыгуу залына барат. Бирок биз барганда анын жалгыз унаасы бузулуп калган экен.

Арстанбекти бүгүн иниси Гүлжигит унаасы менен машыгууга алып келди.

Арстанбектин машыктыруучусу Алмаз Абиров (сүрөттөгү оң жактагы киши) тосуп алды.

Жаңы гана автоунаадан түшкөн Арстанбекти бейтааныш киши эле келип кучактап, паралимпиадага жолдомо алышы менен куттуктады.

20-майда Базаркулов паралимпиадага жолдомону жеңил атлетиканын ядрону түртүү түрү боюнча үч мелдеште паралимпиадалык нормативди аткарып утуп алган.

Арстанбек машыгууга даярданып жатат.

Бул - Кант шаарындагы өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин машыгуу залы. Мында майыптыгы бар адамдар үчүн машыгууга ыңгайлуу, бардык шарттар бар. Арстанбек бул залда көп жылдан бери машыгат.

Машыгуудагы эң кыйыны салмагы 22 килограмм болгон машыгуучу арабаны орнотуу.

Арстанбек машыгуучу арабадан кулап кетпеши үчүн өзүн жип менен кылдат байлап жатат.

Арстанбектин машыктыруучусу Алмаз Абиров бул шайманды атайын эл аралык талапка ылайыктап, эскизин чийип, эски темирлерди ширетип колго жасаган. Анын бийиктиги 70 сантиметр, салмагы - 22 килограмм.

Бул темир арабаны Арстанбек эл аралык мелдештерге, машыгууларга өзү менен кошо ала барат.

Машыгуучу арабага байланган Арстанбектин буту.

Спортчунун машыктыруучусу Алмаз Абиров окуучусу үчүн жасаган арабасын көрсөтүп жатып буларга токтолду.

"Паралимпиада спортунда ар бир спортчунун өзүнүн мелдешке катыша турган арабасы болушу керек. Мелдешке катышаар алдында атайын комиссия бул арабанын ар бир бөлүгүн сызгыч менен ченеп чыгат. Бир эле сантиметр ашыкча болсо, спортчуну мелдешке катыштырбай коюшат. Андан сырткары параспортчу эл аралык мелдештерге барганда дайыма медициналык текшерүүдөн өтөт. Диагнозу аныкталгандан кийин гана мелдешке катышууга уруксат берилет".

Арстанбек салмагы 5-9 килограмм болгон ядролорду ыргытып, 5 сааттан ашык тынбай машыгат.

Арстанбек машыктыруучусу Алмаз Абировго жолукканга чейин талаада, таш ыргытып же кум салынган баштыктарды ыргытып машыгып жүргөн.

"Башкаларга тийип кетпесин деп талаага барып машыкчумун. Азыркыдай шаймандар жок. Таштарды терип келип, таразага тартып көрүп анан машыгып жүрдүм. Кийин келинчегим, апам кездемеден кап тигип, ичине кум салып ядро жасап беришкен. Ошолорду ыргытып машыгып жүрдүм. Азыр баарына шүгүр кылам", - дейт Базаркулов.

Ядро түртүүдө эң негизгиси колдун күчү чоң роль ойнойт. Андыктан Арстанбек колунун булчуңдарын түрдүү көнүгүүлөрдү жасап чыңдап турат.

"Эки колум - эки канатым... Кудай мага алсыз, араң баскан бут берсе да, эки колума опол тоодой күч берген... Ушу колдорум менен ийгилик жаратып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, майып болсом да үй-бүлөмдү багып келе жатам!"

Арстанбек таң аткандан күн батканга чейин деле машыгууга даяр. Азыр ал 24-августтан 5-сентябрга чейин өтө турган 17-Паралимпиада оюндарына Бишкекте машыгып, даярданып жатат.

Арстанбек паралимпиадага жолдомо утуп келгенден кийин бат-бат интервью берип, эл көзүнө көрүнө баштады.

Канат Арстанбекти сыналгыдан көрүп калган. Бүгүн ал Арстанбектин машыгуучу арабасына отуруп, спортко кадам таштаганы турат.

Арстанбек жашоосун топук кылат. Анын башкаларга үлгү болсом деген изги тилеги бар.

"Мени көрүп, мага окшогон майыптыгы бар балдар-кыздар дагы машыга баштаса дейм. Аларга үмүт бергим келет. Ооба мен жакшы баса албайм... Басып баратып чарчайм, бутум калчылдап кетет... Отура калып, бир саамга тыным алып, кайра ордуман туруп, кол таягыма жөлөнүп алып жолумду улайм...".

Машыгуулар бүтүп, Арстанбек үйгө кайткан учур. Үйдө аны жубайы жана эки уулу күтүп жатат.

Арстанбектин жубайы Зулайканын да майыптыгы бар. Экөө 2014-жылы баш кошкон.

“Биз экөөбүз тең майыппыз. Бирок экөөбүз бириккенде бир адамбыз, колубуздан баары келет”, - дейт Зулайка.

Арстанбекин тун уулу Кудайберди.

Жубайлар балдарын өкмөттөн алган жөлөк пул (5000 сом) менен багып, чоңойтуп келишет.

Арстанбектин гүл бакчасы.

Арстанбек кичинекей үйүнүн короосуна жашылча-жемиштердин түрүн эгип, гүл да өстүрүп койгон.

Арстанбек өзүнүн эски арабасын көрсөтүп жатат. Спорт менен алектенгенден бери ал өзү басып, арабага көп отурбай калган.

Мурун Арстанбек коляскада отуруп алып эле темир ширетип, түрдүү шаймандарды жасачу. Спорт менен алектенип баштагандан бери арабага көп отурбай, өзү басып баштаган.

Бузулуп калган электромопедине шаймандарды алуу үчүн Арстанбек базарга баратат.

Спортчу жашоосуна топук кылат. Эч качан кабагым кашым дебей, кыйынчылыктарды күлкү менен жеңип келет.

Арстанбектин жакшы таанышы анын электромопедин бекер эле оңдоп берди. Эми спортчу машыгууларга оңой эле барып келет.

“Мен көргөн кыйынчылыкты балдарым көрбөсө экен. Ошон үчүн тырышып машыгып, ийгиликке жетсем деп жүрөм. Буюрса олимпиададан ийгилик жаратып кайткым келет. Бул кыргыз элине жана мага окшогон майыптыгы бар адамдарга үмүт берет”, - деди Арстанбек.

Арстанбек Базаркулов Токио паралимпиадасына жолдомо алган алгачкы кыргызстандык болуп калды.