Арстанбапта жаңгактан май чыгарган ишкер

Арстанбаптын тургуну Эркинбек Кадыров үйүнүн короосунда эле жаңгактан май чыгарган чакан ишкана ачкан.

Ишкананын директору да, кызматкери да Эркинбек өзү. Кээде гана ага аялы же 11 жаштагы уулу жардам берет.

Май - жаңгактын маңызынан алынат. Жаңгак маңызы канчалык сапаттуу болсо майы да ошончолук сапаттуу келип, узак мөөнөткө сакталат.
 

Эркинбек бөтөлкөлөрдү атайын аппаратта стерилизация кылат. 

Эркинбек жаңгактан май алып, сата баштаганына беш жыл болду: 

"Атам май жубазды (май чыгарган тегирмен) Совет доорунан бери иштетип келген. 2018-жылы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңы, сапаттуу май чыгара турган жубаз алып, атамдын ишин улантып жатам”, - деди Эркинбек Кадыров.
 

Эркинбектин заманбап тегирмени бир күндө 100 килограммга чейин май чыгарат. Маңыздан алынган май атайын идиште 15 күн тундурулат. Андан соң фильтр менен тазаланып, бөтөлкөлөргө куюлат.   

10 килограмм маңыздан беш литр май алынат. 

Эркинбектин ишканасынын сырткы көрүнүшү. Эркинбек ишканасынан бошогон учурда,  машинеси (сүрөттөгү унаа) менен туристтреди ташып иштейт.  
 

Эркинбек товарын негизинен Жапония менен Орусияга экспорттойт. Анткени  Кыргызстанда жаңгак майы турмуш-тиричиликте өтө аз колдонулат. Базарда бир литр жаңгак майы 800 сомдон, 1200 сомго чейин сатылат.

Жаңгак майы негизинен тамак-ашка, медицинада жана косметикалык каражаттарга колдонулат. Адисттер жаңгак майы иммунитетти көтөрүп, адамды депрессиядан сактарын изилдеп чыгышкан.  

 

Эркинбектин атасы Хулмурад Кадыровдун сүрөтү ишкананын так ортосунда илинип турат. 

Май алынгандан кийин жаңгактын маңызы ушундай формага келет. Эркинбек маңыздын калдыктарын да чет өлкөгө экспортойт. Айтымы жаңгак калдыгы косметикалык каражаттарды жасоо үчүн колдонулат. Келечекте Эркинбек бул калдыктардан таттууларды жасоону пландап жатат. 

Эркинбектин атасы Халмурад Кадыровдун май жубазы (май чыгарган тегирмен). Бул май жубазды Халмурза Кадыров 30 жылдан ашык иштеткен. 

Эркинбектин устаканасы. Артсанбапта май жубазды оңдогон адис жоктугунан Эркинбек аппаратты өзү оңдогонго үйрөнгөн.

Кадыровдордун үйүнүн короосунда жүгөрү, арпадан тоют да жасаган атайын аппарат да бар. 

"Арстанбапта иштейм, оокат кылам деген кишиге жайы-кышы деле жумуш табылат. Сезон учурунда туристтер аябай көп келет. Мен аларды автоунаам менен ташып иштейм. Кышында малга тоют жасап, жаңгактан май чыгарып сатам. Эң башкысы ата кесибин улантып келем. Балдарымдын курсагы ток", - дейт Эркинбек.
 

Эркинбек атасы Халмурад Кадыров менен жумуштан кийин чай ичип, баарлашып отурат. 
 

Арстанбап айылынын бийиктиктен көрүнүшү. 
Арстанбап токою - дүйнөдөгү ири жаңгак токойлордун бири. Анын көлөмү 300 миң гектарга чейин созулуп, орто эсеп менен жылына 3 миң тонна жаңгак, 5 миң тонна алма, 500 тонна мисте жыйналат. Арстанбап айылы болсо токойдун ортосунда жайгашкан.