Арстан Алайдын абактагы өлүмү. Жакындары териштирүүнү талап кылат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №31 түзөтүү мекемесинде каза болду.

Жаза аткаруу кызматы Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 5-январда эртең менен Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 атайын дарылоо түзөтүү мекемесинин ашканасында асылган абалда табылганын билдирди. 20 күндөй мурда камалган Арстанбек Алайдын жакындары анын абактагы өлүмүн териштирүүнү талап кылып жатышат.