Арсендин Олимпиада күрөшү

59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Эралиев 15-августка караган түнү жооткотуучу беттеште кытайлык Ван Люминди жеңип алган.
 

Беттештин биринчи айлампасында кыргызстандык балбан атаандашы партерде турган кезде катары менен оодарып, төрт упайга ээ болгон. 

Беттеш жыйынтыгында Арсен Эралиев 4:2 эсебинде жеңишке жетип коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

 3-орун үчүн  Арсен Эралиев өзбекстандык Элмурат Тасмурадов менен күч сынашты.

Беттештин биринчи бөлүгүндө Тасмурадов 5 упай менен алдыга чыккан. Экинчи айлампада Эралиев удаасы менен атайын ыкмаларды колдонуп 6 упай топтоду. 

Өз кезегинде өзбекстандык балбан алгач бир упай, андан соң төрт упай алды. Андан кийин Эралиев жасаган аракеттер эки упайга бааланды. 

Жыйынтыгында өзбекстандык Элмурат Тасмурадов 13:8 эсебинде жеңишке жетип Олимпиада оюндарынын коло медалын тагынды.

Калыстардын чечимине нааразы Арсен Эралиев.

Жекшембиде кечинде Бразилиядагы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын грек-рим күрөшчүсү Арсен Эралиев коло медал үчүн күрөштө утулуп калды. Бирок ал татыктуу атаандаштык көргөзүп, Олимпиада сересинде өз салмагында 5-орунду ээледи.