Армения: экс-президент элди тоготкон жок

Ереван полициясы 16-апрелде көздөн жаш агызчу газ колдонгон.

Арменияда толкуган элдин арасынан ондогон активисттер кармалды. Демонстранттарды баштап жүргөн депутат өлкөдө революциялык маанай жаралганын билдирди. Армян парламенти Серж Саргсянды премьер-министрликке шайлады.

Бишкек убактысы боюнча саат төрттө алынган маалыматка караганда, армян полициясы 80 демонстрантты кармап, административдик айып салды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Армениядагы нааразылык толкуну

Ага чейин полиция "мыйзамсыз" деп, демонстрацияны кайсы гана учур болбосун кууп таратып, атайын куралдарды колдоноорун билдирген. Башкы прокуратура кечээ "демонстранттар полиция тосмосун жырып өтүп, каршылык көрсөтүү менен эркин жыйын тууралуу мыйзамды бузду" деп кылмыш ишин козгогон.

Бир адамдын узак мөөнөт өлкөнү башкаруусуна каршы көтөрүлгөн эл. 17-апрель, 2018-жыл.

Ага карабай миңдеген адамдардын көчө жүрүшү токтогон жок. Алар бир нече күндөн бери негизинен башкалаа Еревандагы Франция аянтына чогулуп, айрымдары ушул жерде түнөп да жатышат.

Элди баштап жүргөн оппозиция лидери, депутат Никол Пашинян Еревандан тышкары өлкөдөгү экинчи ири шаар болгон Гюмриде, ошондой эле Ванадзор, Иждеван, Капан, Мецамор шаарларында да жүздөгөн студенттер, карапайым эл чыгып жолду торогонун билдирди.

Ал “элдик, зомбулуксуз, баркыт ыңкылабы башталууда” деп жарыялады.

Борбордук банктын эшигин тосуп отурган демонстранттар, ортодо Никол Пашинян.

Ушундан кийин демонстранттар өкмөттүк имараттар, элчиликтер жайгашкан негизги Баграмян көчөсүнө кайра барышты. Алар Башкы прокуратуранын имаратын ороп алышты. Мындан тышкары Борбордук банк, Кассациялык сот, бир нече министрлик жайгашкан Өкмөт үйүнүн жаңы корпусун курчоого алышканы кабарланууда. Алар колун жогору көтөрүп алаканын жаюу менен куралсыз экенин билдирип жатышат. Имараттардын эшигин тосуп отургандар өкмөттүн ишин токтотууну көздөп турушат.

- Биз элдик ыңкылап башталганын жарыяладык. Эми ошол революциянын жеңишине алып келген тактиканы кабыл алабыз. Каршылык акциясынын катышуучулары бир нече өкмөттүк мекемелердин эшиктерин бөгөп отуруп алышты. Биз бул акцияларды улантабыз. Мүмкүн болгон жерде имараттардын ичинде отуруп алып улантабыз. Биздин максат - бардык мамлекеттик системанын ишин үзгүлтүккө учуратуу. Айылдардагы, райондордогу жердештерибиздин баарын жергиликтүү администрацияларда ушундай аракеттерге чакырабыз, - деди Борбордук банктын алдында отурган Никол Пашинян.

Никол Пашинян 16-апрелде полициянын тосмосунан өтмөк болуп колун кокустаткан.

Нааразылык билдирген жарандар бийликтин ишин үзгүлтүккө учуратуу аркылуу премьер-министрди шайлатпай коюуга аракет кылып жатышат. Демонстранттар бир жум мурун он жылдык президенттик мөөнөтүн жыйынтыктаган Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы.

Саясат талдоочу Степан Григорян башка да себептерди санап өттү:

- Биринчи доомат - кулач жайган коррупция. Экинчиси - ушундай начар башкаруунун айынан Армениядан көбү чыгып кетишти. Үчүнчү доомат - анын туугандары өлкөнү башкарып жатышат. Ал туугандарына орден-медалдарды берип жатат. Эң негизгиси - армян эли бир кишини үчүнчү жолу өлкө башчысы катары көргүсү келбей жатат.

Буга карабастан Армениянын Улуттук жыйыны ишин улантып, жалгыз талапкер Серж Саргсянды премьер-министрликке шайлады. Аны 76 депутат колдоп, 17 депутат каршы чыгышты.

Серж Саргсян парламент жыйынына келген учур. 17-апрель, 2018-жыл

Арменияда үч жыл мурда Конституция өзгөртүлүп, өлкө парламенттик башкаруу системасына өткөн. Президенттин ыйгарым укуктары азайтылып, премьер-министрдики күчөтүлгөн. Ошондо Серж Саргсян бул элдин жыргалчылыгы үчүн жасалганын айтып, мөөнөтү бүткөндөн кийин "өкмөт башына барбайм" деп убада берген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.