Армения: Экс-президент эски иш үчүн камалды

Роберт Кочарян.

Армениянын соту мурдагы президент Роберт Кочарянды тергөө бүткүчө эки айга камакка алды. Ал конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылган деп шектелүүдө.

Роберт Кочерян 28-июлга оогон түнү эки айга камакка алынды. Тергөөдө
күнөөсү далилденсе 10-15 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал. Андан мурдагы күнү жергиликтүү телеканалга курган маегинде Кочерян ишти саясий куугунтук деп баалап, "вендетта же канга-кан" деген өч алууга салыштырган.

Экс-президенттин кеңсе башчысы Виктор Согомонян 28-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, Кочерянды тез арада бошотууну талап кылды:

- Роберт Кочерян президент болуп турган учурда конституциялык
түзүлүштү бузган деп айыпталууда. Мунун өзү саясий нонсенс. Конституциялык түзүлүштүн ээси аны жокко чыгарып, кандайдыр бир жаңы конституциялык институт түзүп, аны башкара албайт. Экинчиден, 2008-жылдагы президенттик шайлоодо Серж Саргсян жеңген. Ал эми митинг, толкундоолорду жараткан Левон Тер-Петросян 21,5% добуш алып жеңилип калган. Бирок азыркы айыптоону карап көрсөк, Левон Тер Петросян жеңген имиш. Ал эми калган тарап – ошондогу президент жана жеңди деп таанылган талапкер куралдуу күчтөрдү колдонуп, кеңири чөйрөнүн эркинин аткарылышына мүмкүнчүлүк берген эмес делет. Айыптоодо ушинтип жазылып турат
.

Мурдагы президент Серж Саргсяндын Республикалык партиясы да муну саясий куугунтук деп баалап, билдирүү таратты. Айрым талдоочулар акыр аягы Саргсян да жоопко тартылышы ыктымал деп жатышат.

Парламенттеги “Армян улуттук конгресси” партиясынын төрага орун басары Арам Манукян экс-президентке айып тагылышын “тарыхый учур” деп баалайт:

- Тарыхый дегеним, Армениянын эли сот акыйкаттыгына жеткени турат. Мен үчүн “1-март” ишиндеги башкы критерий курман болгондордун ата-энелеринин мамилеси. Жакшы кабарды уккандан кийин мен аларга телефон чалып, бири-бирибизди куттуктадык.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы президент суракка чакырылды

Роберт Кочерян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Президенттигинин акыркы күндөрүндөгү аракеттери үчүн айып тагылууда.

2008-жылдын февралында президенттик шайлоодо Серж Саргсян жеңишке жеткен соң жапырт нааразылык акциялары башталган. Президент өзгөчө кырдаал режимин киргизип, демонстрацияны таратууга армия да тартылган. 1-марттын таңында аянтта түнөгөн митингчилерге чабуул коюлат. Кагылыш учурунда бир жоокер жана тогуз демонстрант мерт болуп, жүздөгөн адам жабыркаган. Бул “1-март иши” деген аталыш менен эл оозуна алынып кеткен.

Он жыл өтсө да иштин жагдайы аныкталбай келген. Жабыркагандар чыныгы күнөөкөрлөр, буйрук бергендер жазасын албады деп нааразы эле. Бул убакыт ичинде Кочерянга ылым санаган Саргсян жана анын Республикалык партиясы бийликте турду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Экс-президенттин бир тууганы суракка алынды

Быйыл апрелдеги элдик толкундоолордун натыйжасында алмашылган, Никол Пашинян башында турган бийлик окуяны кайра иликтөөгө дароо киришкен. Пашинян он жыл мурдагы кылмышты аягына чыгарарын, бул өзү үчүн абийирдин иши экенин дембе-дем айтып турду.

“1-март ишине” байланыштуу ошол кездеги коргоо министрине 3-июлда эле айып тагылып, издөө салынган. Ошондогу Ереван гарнизонунун жетекчиси, азыр Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун баш катчысы Юрий Хачатуровго да айып тагылды. Ал 5 млн. драм (10 миң долларга жакын) төлөп күрөөгө бошотулду. Армения ЖККУга мүчө өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга Хачатуровду баш катчылыктан алууну сунуштап кайрылды.

Мурдагы вице-премьер баштаган дагы бир топ адам суракка чакырылып
жатканы кабаланууда.

Жаңы муундун кел-кели

Кавказ институтунун директору Александр Искандаряндын оюнча Кочерян өзүн саясаттан алыс кармаганы менен өлкөнү он жыл башкарган Саргсяндын жана анын Республикалык партиясынын бийликке келишине шарт түзгөн. "Жаңы бийлик эскилерди алмаштырууда башынан баштады" дейт саясат талдоочу:

- Бул саясий элитанын толук алмашарын билдирет. Бийлик транзити аягына чейин чыга элек. Башкача айтканда, аткаруу бийлиги Никол Пашинян жана анын тарапташтары баштаган жаңы муунда. Алдыда кезексиз парламенттик шайлоо турат. Мына ошондо кезектеги саясий аянт – мыйзам чыгаруу бийлиги, парламент колго өтөрү талашсыз. Бул Арменияда муундардын алмашуусун, жаңы бийликтин келишин билдирет.

Пашинян баштаган өкмөт көбүнчө жаштардан турат. Министрлердин кичүүсү 29 жашта, аксакалы 52де.

Арменияда май айынан бери масштабдуу антикоррупциялык өнөктүк да башталган. Мурдагы президент Серж Саргсяндын бир тууган инисинин үйүндө тинтүү жүргөн. Андан табылган материалдар боюнча башка бир инисине мыйзамсыз байыган деген негизде кылмыш иши козголуп, издөө салынган.

Саргсяндын дагы бир өнөктөшү, республикачыл депутат Манвел Григорян коргоо министринин орун басары кезинде жоокерлердин ырыскысын тартып алган деп айыпталып камакка алынган. Ага таандык объектилерди тинткенде окуучулардын жоокерлерге жазган каттарынан тарта тонналаган консерваланган эт-сүт азыктары, оор жана жеңил курал жарактар, аскер техникалары, кымбат баа автоунаалар табылган. Мэрияда көз боёмочулукка жана уурулукка байланыштуу тинтүү жүргөндөн кийин Ереванды жети жыл башкарган Тарон Маргарян кызматынан кеткен.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эт уурдаган депутат кармалды

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.