Армения: нааразылык коштогон референдум

Армениядагы добуш берүү. 6-декабрь, 2015-жыл

Арменияда 6-декабрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорунда өлкөнү жарым президенттиктен толук парламенттик башкарууга өткөрүү каралган.

Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциялык реформа боюнча алдын ала электрондук добуш берүүнү санап бүттү. Ага ылайык, шайлоого катышкандардын 63,35% Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон. Ал эми шайлоочулардын 32,35 % каршы добуш берген.

Оппозиция өкүлдөрү референдумдун жыйынтыктарын “бурмаланган” деп баалашууда. Ошол эле кезде башкаруучу партия жана реформаны колдогон күчтөр бул референдумду алдыга жылуу катары сыпатташты.

Азыр добуштарды саноо уланууда, анын расмий жыйынтыгы жакын арада белгилүү болмокчу.

Кечээ жергиликтүү убакыт боюнча кечки сегизде добушканалардын баары жабылган соң Борбордук шайлоо комиссиясы ага катышкандардын акыркы санын жарыялады. БШК төрагасы Тигран Мукучяндын айтымында, алдын ала маалымат боюнча референдумда 1 миллион 296 368 жаран добуш берип, катышуу 50,51% түздү. Өлкөдө жалпысынан 2,566,730 шайлоочу бар. Армения баш мыйзамына ылайык, референдумга чыгарылган долбоорду ага добуш бергендердин жарымынан көбү колдосо ал кабыл алынды деп эсептелинет.

Талаштуу референдум

Армян оппозициясы бул конституциялык реформага башынан эле каршылык билдирип, аны президент Саргсяндын бийлигин узартуу амалы катары баалап келишкен.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү Армениянын башкаруучу партиясы тарабынан демилгеленип, 5-октябрда өлкө парламенти Баш мыйзамга толуктоолорду киргизүү менен парламенттик башкарууга өтүү сунушун көпчүлүк добуш менен колдоп берген. Мунун натыйжасында кечээки жекшемби, 6-декабрда жалпы элдик референдум өттү.

Армения президенти Серж Саргсян добуш берүүдө. 6-декабрь, 2015-жыл

Еревандагы добушканалардын бирине жубайы менен келген мамлекет башчысы Серж Саргсян журналисттер менен тек гана саламдашып, суроолорго жооп берүүдөн баш тартты.

Премьер-министр Овик Абрамян болсо өз командасын калыстыкка чакырды:

- Мен биздин команданын бардык мүчөлөрүн калыс болууга чакырам. Бул биз үчүн абдан маанилүү. Кандай добуш берүүнү, макул болобу же каршы добуш береби эл өзү чечсин. Мен биздин команда жана шайлоо комиссиялары эч кандай мыйзам бузууга жол бербесине үмүт артам. Биздин жактоочуларды да эч кандай чагымга алдырбай, добуш берүү таза өтүүсүн камсыз кылууга чакырам, - деди премьер-министр Овик Абрамян

Бирок Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесине оппозиция башынан эле каршы чыгып, ал нааразылык акциялары менен коштолууда. Ереванда 1-декабрда үч миңдей адам митингге чыгып, конституциялык реформага каршылык билдирген. Алар реформа азыркы президент Серж Саргсяндын бийлигин узартуу максатын көздөөрүн айтып, президент кызматтан кетүүсүн, жаңы парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү талабын коюшууда. Еревандагы бул митинг 1-декабрдан бери күн-түн дебей уланууда.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү долбоору президенттин ыйгарым укуктарын парламентке өткөрүүнү, президентти жалпы эл эмес, шайлоочулар коллегиясы шайлоосу жана президенттин бийлик мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу сыяктуу сунуштарды камтыйт.

Мындай өзгөртүүгө каршы чыккан оппозиция өкүлдөрү бийлик "парламенттик республика" же "реформа" деген сөздөргө жамынып алып, азыркы президент Саргсянды эптеп кызматында алып калуу амалын издеп жатат деген пикирде. Алар конституциялык түзөтүүлөр оппозициянын ансыз да чектелген ролун мындан да азайтарын белгилешүүдө.

ОМОН Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратына алып барган жолду жаап турат. 7-декабрь, 2015-жыл

Өлкөдөгү оппозициялык “Мурас” партиясынын төрагасы Раффи Ованисян Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы добуш бергенин, добуш берүү маалында көптөгөн мыйзам бузуулар аныкталганын айтып, өз тарапкерлерин добуш берүүдөн кийин Еревандын борбордук бөлүгүндөгү Эркиндик аянтына чогулууга чакырды.

Мурдагы президенттер эмне дейт?

Армениянын биринчи президенти, армян улуттук оппозициялык конгрессинин лидери Левон Тер-Петросян да азыркы президент Саргсянды бул жараянды токтотууга үндөп келген.

Кечээги добуш берүүдө өлкөнүн туңгуч президенти коомчулукту өз эрки менен келип добуш берүүгө чакырды:

- Мен элдин баарын эч кандай басым-кысымсыз келип, өз эркин билдирүүгө чакырам. Добуш берүүгө реалдуу адамдар канча көп келсе, анын жыйынтыгы да реалдуурак болот,- деди Левон Тер-Петросян.

Армениянын экинчи мамлекет башчысы Роберт Кочарян да мындай өзгөртүүлөрдү өлкө кызыкчылыгы үчүн маанисиз деп атап, референдумга катышпасын алдын ала эле айткан.

Азыркы президент Серж Саргсян өзүнөн мурдагы эки президенттин конституциялык реформага карата мындай сын-пикирлерин негизсиз айыптоо катары баалаган. Ал бул референдумду азыркы президенттик мөөнөтү бүткөн 2018-жылдан кийин да бийликте калуу амалы деген оппозиция өкүлдөрүнө да жооп кылып, эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, премьер-министрликке же парламент төрагалыгына барбасын айткан.