- Сиз ушул кызматка киришкенден көп өтпөй “биз аң-сезимге, баалуулуктарга революция жасадык" дедиңиз эле. Чечмелеп кетесизби?
- Кээде революцияны бийлик алмашуу деп эле кабыл алышат. Бирок бизде андай эмес. Биздин революция - ой жүгүртүүнүн, баалуулуктардын жана мамиленин өзгөрүшү. Албетте, баалуулуктарды өзгөртүү узак процесс – муундардын алмашышы, жаңыча тарбия керек. Бирок кыска аралыкта “Баркыт революциясы” өзгөртө алган нерселер бар. "Сиз үчүн жеңиш, революциянын башкы жетишкендиги эмне?" деп сурашат. Мен айтам - азыр бизде өз укуктарын мыкты билген коом түзүлдү.
Менимче мурда элибиз позициясы, мамлекетке мамилеси, ой жүгүртүүсү боюнча эмес, паспортунда гана Армениянын жараны болушкан. Бүгүн абал такыр башка. Жарандарыбыз өкмөт жана бийлик аларга кызмат кыларын так билишет. Кайсы гана бийлик болбосун отчетту, айкындыкты, акыйкатты талап кыла алат. Азыр өкмөттө, парламентте жана башка мамлекеттик институттарда өзү каалаган бийликти көрө ала турган коомубуз бар. Бул абдан чоң жеңиш. Башкача айтканда биз көз караштарды өзгөрттүк. Мурда “жалгыз добушум эч нерсе чечпейт” деген ой кеңири жайылса, азыр "мамлекеттин келечеги менден гана көз каранды” деген айныгыс түшүнүк пайда болду.
- Ошол жүрүштөрдө университеттердин студенттери окуусун таштап силерге кошулган эле. Демонстранттардын көбү жаштар болгон. Арменияда сиздер “баркыт ыңкылабы” деп жаткан бийлик алмашууда сиздин жана теңтуштарыңыздын ролу абдан зор болду окшойт?
- Жаштарсыз революция эч качан болмок эмес. Менимче романтизм болбосо мындай процесстер ишке ашпайт. Ал эми жаштар романтиктер. Биз прагматик болуп, келечектеги иштерге себеп, тоскоол таба берсек Арменияда эч качан мындай тынч революция, чоң өзгөрүүлөр болмок эмес. Жаштар жалындап турат, эр жүрөк. Аларды байлап, чырмаган нерсе жок. Биздин ыңкылапты ишке ашырган эң чоң жагдайлардын бири ушул.
Ал эми менин ролума келсек, болгону жеңишке жеткен 8-10 млн. армяндардын биримин. Башкалардан айырмам жок. Мен үчүн көп эмгек же аз эмгек сиңирген деген түшүнүк жок. Бул бир лидердин эмес, миллиондогон лидерлердин революциясы.
- Азыр эми атаандаштарыңыздар, башкалар деле Пашиняндын министрлер кабинетинин тажрыйбасыздыгын баса белгилеп атышат. Ереванды аралап эл менен сүйлөшкөндө сиздерге үмүт абдан чоң экенин байкадым. "Ишенимден чыгып калбайбызбы?" деген чочулоо болбой койбосо керек?
- Минтип тынчсыздангандардын баарын жакшы түшүнүп турам. Кээде бул объективдүү пикир. Жообум мындай - мен жана Диаспора министрлигине алып келген жаңы командам тажрыйбанын жоктугун билдирбеш үчүн бардык аракеттерди кылабыз. Ошону менен бирге тажрыйба иш менен келерин айткым келет. Ушу тапта биз министрликтин бүт курамын кетирип, алмаштырган жокпуз. Жаштардын дараметин жана жигерин тажрыйба менен айкалыштырыш үчүн туура кадрларды тандасакдеп жатабыз. Бул биз көрүп турган эң мыкты жол.
Өзүн өзү өнүктүрүү абдан маанилүү. Мен такай ушунун үстүнөн иштеп атам. Диаспоралар менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, кеп-кеңештерди алып жатам. Сындарын угуп, анда туура жыйынтык чыгарганга тырышам. Коомчулукту, элди өзүнүн компетенттүүлүгүнө ынандырыш үчүн жаш саясий ишмер азыр ушул жолдо кетип, үйрөнүүгө дилгир экенин көрсөтүшү керек деп ойлойм. Керек болсо тажрыйбасы ашып-ташкандар деле күн сайын окушу керек эмеспи.
- Армяндар 10 млн. тегерегинде болсо, анын үч миллиону гана өз мекенинде. Калганы сыртта. Атайын министрлик түзүп, алардан каржылык да, башка да жардам алып келе жатасыңар. Сырттагы чоң мүмкүнчүлүктү дагы түзүктөп колдонуш үчүн кандай максаттарыңар бар?
- Буга чейин деле армян диаспорасынын дарамети ийгиликтүү колдонулуп келди. Ошентсе да мындан да натыйжалуу, максаттуу, келечектеги так багыттар үчүн көмөк ала турган мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн айрым кадамдарды жасашыбыз керек. Биринчиден, диаспоралар, алардын ресурстары, потенциалы менен кайрадан таанышып чыгуу. Экинчиден, мамлекеттин талабын караштыруу. Анткени кээде диаспора Армениядан так сигналдарды ала албай калат. Өзгөчө биздин министрлик мамлекеттин муктаждыктарын аларга жеткиликтүү туюндурсак, "бүгүн-эртен Арменияга мындай жардам керек" деп сурай тургандарды бир калыпка салсак, координацияласак дейбиз. Антпесек көп учурда алынган жардамдан натыйжа чыкпай келатат.
- Маегиңизге чоң рахмат!
Редакциядан: Мхитар Айрапетян 1990-жылы 15-майда туулган. Ереван мамлекеттик университетинен чыгыш таануу адистиги боюнча билим алган. 2011-жылы Жаш саясатчылар биримдигин негиздеп, 2015-жылга чейин төраганын орун басары болгон. 2016-жылы Жарандык билим берүү жана жаштарды өнүктүрүү борборун түзгөн. 2010-2017-жылдар аралыгында бир топ гезиттерде Жакынкы Чыгыш, Түркия боюнча эксперт катары эмгектенген. Премьер-министр Никол Пашинян мүчө болгон “Жарандык келишим” партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Партиянын Диаспора боюнча координатору болгон. Армян, англис, орус, түрк тилдерин билет.