Аргентина дүйнө чемпиону, легендага айланган Месси

36 жылдан кийин Аргентина курама командасы дүйнө кубогун утту. Акыркы жолу 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон. Ал кезде Месси сындуу Диего Марадонанын жылдызы жанып турган эле. Андан мурун 1978-жылы чемпион болгон.

Дүйнөнүн эң мыкты футболчусу, бир нече ирет “Алтын топту” алган, Чемпиондор лигасын бир нече ирет уткан Мессинин дүйнө чемпиону болуу максаты ишке ашты. Бул анын карьерасындагы акыркы чемпионат болуп калышы мүмкүн.

Месси ушуну менен бешинчи жолу Дүйнө чемпионатына катышып, 2014-жылы күмүш, 2022-жылы алтын медалдардын ээси болду. Футбол ышкыбоздору Месси багынта элек бир гана дүйнө кубогу калганын айтып келишкен.

Аргентина курамасы өткөн чемпионаттын алдында машыктыруучусун бир нече ирет алмаштырып, кийин 1\8 финалдан өткөн эмес (Францияга 4:3 эсебинде утулган). Бул ирет башкы машыктыруучу Лионель Скалонинин командасы ийгиликтүү беттештерди өткөрдү. Катардагы чемпионатта алар атаандаштарынын дарбазасына 19 гол киргизди. Мелдеш башталганда чү дегенде эле Аргентина Сауд Арабиясына утулуп (2:3), күйөрмандарын капа кылган. Чемпионатка чейин аргентиналыктар үч жыл боюу 35 беттешин уттурган эмес эле.
Кийин Аргентина С тобунда Мексиканы (2:0), Польшаны (2:0) утуп, 6 упай менен плей-офф баскычына чыкты. Анда Австралияны (2:1) жеңди, чейрек финалда Нидерланддарды пенальти тебүүдөн, жарым финалда Хорватияны 3:0 эсебинде утту.

Франция менен финалдык оюндун биринчи жарымында аргентиналыктар талааны толугу менен көзөмөлгө алып, удаа-удаа чабуул жасады.

Эсепти 23-мүнөттө команданын капитаны Лионел Месси ачып, Аргентина алдыга чыкты. Андан 13 мүнөттөн кийин оюндун 36-мүнөтүндө Ди Мария гол киргизип, эсеп 2:0 болду.

Экинчи таймда француздар оюнду жандуу баштап, эки топту каршылашынын дарбазасына таамай тээп киргизе алды. Эсеп 2:2. Эки голдун тең автору ПСЖ командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе болду. 

Кошумча 15 мүнөттөн берилген эки таймда атаандаштар бири-бирине бирден гол киргизип, эсеп 3:3 менен аяктап, жеңүүчү аныкталбай калды.

Килиан Мбаппе финалдык беттеште хет-трик жасады. Ал бул чемпионатта 8 гол киргизип, "Эң мыкты чабуулчу" аталды.

Франция-Аргентина беттешинде пенальти тебүү менен жеңүүчү аныкталды. Лионел Скалонинин командасы өзүнүн мыкты даярдыгын далилдеп, 4:3 менен аргентиналыктар жеңип алды.

Аргентина курама командасынын оюнчулары жеңишине кубанууда. 

Аргентина - Америка Кубогунун жеңүүчүсү. Ошондой эле дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. (1978, 1986, 2022)

Катарда өткөн футбол чемпионатынын “Алтын тобу” Лионель Мессиге ыйгарылып, ал “Эң мыкты оюнчу” деп табылды. “Эң мыкты чабуулчу” наамын франциялык чабуулчу Килиан Мбаппе алды. Ал эми “Эң мыкты дарбазачы” деп аргентиналык Эмилиано Мартинес аталды. “Эң мыкты жаш оюнчу” аргентиналык Энцо Фернандеске берилди.
 

Францияныны президенти Эмануэль Макрон Мессини жеңиши менен куттуктап жатат.

Аргентина курама командасынын жеңишин майрамдап жаткан күйөрмандар. Буэнос-Айрес, Аргентина.