Трамптын импичменти: алты сенатордун добушу

АКШ Өкүлдөр үйүнүн импичмент жетекчилери Сенаттын жыйын залына импичмент тууралуу беренени алып келүүдө. 2021-жылдын 25-январы.

АКШнын Сенаты 9-февралда мурдагы президент Доналд Трампка карата быйыл 6-январда анын тарапташтары Капитолийди убактылуу басып алган окуяга байланыштуу “козголоң уюштурган” деген доо боюнча экинчи импичмент боюнча сот ишин баштады. Алты республикачы сенатор “Трампка каршы импичмент сотун Баш мыйзамга ылайык” деп санаган демократтарды жактап добуш берди.

Импичмент соту улантылат


Шейшемби күнү (9-февралда) АКШ Сенатындагы сот жүрүмү эки тараптуу макулдашуу боюнча процессуалдык добуш берүү менен ачылып, анда оболу импичменттик соттун жүрүшүнүн эрежелери аныкталып, жактырылды.

Дагы караңыз Трамп импичменттен бул жолу кутулабы?


Шейшембиде Сенатта башталган экс-президент Доналд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча отурумду сенатор Патрик Лихи (Patrick Joseph Leahy; 1940-жылы туулган; демократ) мырза ачты.

Бул сот отурумун АКШнын Жогорку сотунун төрагасы Жон Робертс алып барган жок. Ал былтыр Трампка каршы биринчи импичмент сотунда расмий төрагалык кылган.

Сенаттагы быйылкы сот отурумунда карыя сенатор Патрик Лихи отурумдун убактылуу төрагасы кызматын аркалады. АКШ Конгрессинин Сенатынын расмий башчысы – вице-президент Камала Харрис айым, бирок ал отурумга катышпаган учурда башка сенатор Сенат отурумуна убактылуу төрага боло алат.

АКШ Сенатындагы жүрүм. 2021-жылдын 9-февралы.


Отурумда Трамптын импичмент боюнча экинчи сот жүрүмү президенттик кызмат мөөнөтү аяктагандан кийинки мурдагы мамлекеттик башчынын импичмент сотуна илиниши Баш мыйзамга ылайыкпы же жокпу деген маселе боюнча кызуу жана ар тараптуу талкуу жүрдү.

Трамптын адвокаттары экс-президентке импичмент жарыялоо боюнча сот ишин жүргүзүү үчүн Сенатта мыйзамдуу ыйгарым укук жок деп далилдөөгө аракет кылышты.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн демократтары болсо Дональд Трамп кызматтан расмий түрдө 20-январда кеткенден бир нече күн мурун эле ага импичмент жарыялаган болчу.

Капитолийдеги 6-январдагы тополоңдон бир көрүнүш.

Демократтар жана аларды колдогон айрым республикачылар тарабынан Трамп 6-январдагы Капитолийдеги тополоңду өзүнүн ошол күнү саал мурдараак Ак үйдөн алдында митинг маалында айткан жана козголоңго шыкактаган сөздөрү аркылуу атайылап уюштурган деп айыпталууда.

Төрт сааттык талкуу маалында эки тарап тең өз жүйөлөрүн келтиришти.
Трамптын жактоочуларынын айтымында, мурдагы президент 6-январда өз тарапташтарына "каймана мааниде" гана сүйлөп, аларды Капитолийге барып, "тозок отундагыдай салгылашкыла" деп айткан, ал эми демократтар анын сөздөрүнөн өздөрүнүн жүйөсүн колдогон бөлүктөрүн гана жулуп алышкан.

Трампты жактагандар импичменттин башкы дарысы – президентти кызматтан кетирүү болуп саналат, ал эми Трамп 20-январдан кийин ансыз да бийликте жок, демек, ага импичмент кылуунун өзүнүн мааниси жок деп чыгышты.

Дагы караңыз Вашингтондо коменданттык саат киргизилди

Демократтар болсо Баш мыйзамда мурдагы президентке импичмент жарыялоого карата эч кандай бөгөт коюлбагандыгын баса белгилешти.

Узакка созулган талкуудан соң гана мурдагы президент Трампка каршы импичмент сотун жүргүзүүнүн өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келээр-келбестиги жаатындагы маселе добушка коюлду.

Эгерде бул маселе добуштан өтпөй калса, анда бул жүрүм ушул жерден токтоп калмак. Жүрүмдү улантууга жол ачуу үчүн добуштардын жөнөкөй көпчүлүк талап кылынган.

Тасма. Сенаттагы отурум ободо жана онлайн түз берилди. 09.2.2021.

Добуш берүү катышы –– 56:44

Добуш берүүнүн натыйжасында, 100 сенатордун 56сы Трампка каршы экинчи импичменттин конституциялуулугун тааныды, 44 республикачы сенатор болсо бул сунушка каршы добуш беришти.

Ошентип, АКШ Сенатынын көпчүлүк мүчөлөрү экс-президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча сотту баштоону жактап добуш беришти. Алар демократ сенаторлордун 20-январда кызмат мөөнөтү бүтүп, жеке киши болуп саналган мурдагы президентке импичмент жарыялоого АКШнын Конституциясы жол берет деген жүйөсүнө кошулушту.

Сенаттагы республикачылардын ичинен импичментти Билл Кэссиди, Сюзан Коллинз, Лиза Мурковски, Митт Ромни, Бен Сассе жана Пэт Туми колдоп чыкты.

Бул добуш берүүдөн кийин дароо эле Сенаттагы шейшемби күнкү отурум соңуна чыкты.

Эми сенаторлор импичмент жүрүмүн андан ары улантуу үчүн 10-февралда, шаршемби күнү, жергиликтүү убакыт боюнча түшкү саат 12:00де (Бишкек убактысы боюнча саат 23:00тө) кайрадан отурумга чогулушат.

Капитолийге Трамптын тарапташтары кол салган учур. 2021-жылдын 6-январы.


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн импичмент боюнча тобунун жетекчилери сегиз саат ичинде, андан соң Трамптын жактоочулары сегиз саат ичинде өз жүйөлөрүн ортого салышат. Бул процедуралык эрежени аткаруу аркылуу сот жүрүмүндөгү тең укуктуулукту камсыз кылынмакчы.

Жаманаттысы бар жүрүм

Сенаттагы 50 орунду ээлеген демократтар жана аларды жактаган көз карандысыз сенаторлор азырынча республикачылардын алтоону гана өздөрүнө тарта алышты.

Жыйынтыктоочу добуш берүүдө алар кеминде 17 республикачы сенаторду өз тарабына тарта алышпаса, анда республикачылардан болгон мурдагы президент Трамп бул сот жүрүмүндө деле акталып чыгышы ажеп эмес.

Дагы караңыз Трамп импичменттен кутулду

(Импичмент сотунда президентти айыптуу деп табуу үчүн жалпы добуштардын үчтөн экиси, башкача айтканда, кеминде 67 сенатордун добушу импичментти жактап берилүүгө тийиш).

Бирок Трамп акталып чыкканда деле баары бир АКШ тарыхында эки жолу импичмент сотуна кабылган жападан-жалгыз президент деген жаманаттыга калып жаткандыгы шексиз.