Кыргыз бийлиги Өзбекстан менен чек араны тактоо иштери аяктап калганын жарыялады. Бирок Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу нааразылыктар чыкты.
Соңку бир апта ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы алмашып, Октябрь окуяларына толук эки жыл толду. Ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы Кыргызстанда талкуу жаратты.
Узап бараткан аптадагы урунтуу окуяларды талдап, "Азаттыктын" бир апта ичиндеги кызыктуу берүүлөрүн эске салабыз.
"... чыдап күтө тургула"
Өткөн аптада Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келип, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен протоколуна кол коюлган. Бул документ чек аранын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу жол-жобосун баштоого мүмкүндүк бере турган болду.
Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыкты. Бул маселе мурдатан эле кыргыз-өзбек чек арасын тактоодогу негизги түйүндүү маселелердин бири болуп келген.
4-октябрда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзгөнгө барып, эл менен жолукту. Жолугушууга ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.
Ал эми чогулган элдин айрымдары президент менен жолугушууга кире албай калганын айтып, жыйынды сыртта өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп берүүнү талап кылышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуу этап-этабы менен өткөнүн, келген кишилердин баары президентке жолугууга мүмкүнчүлүк алганын ишендирди.
Президенттин бул жолугушуусунан мурда Өзгөндө Кемпир-Абадга байланыштуу бир катар нааразылык акциялары өттү. Жергиликтүү тургундар Өзбекстан менен чек ара тактоо учурунда суу сактагычтын тагдыры кандай чечилгенине кабатыр болууда.
“Камчыбек Ташиев бир жыл мурун эл менен жолугушкан учурда “эл макул болбосо бир метр жер да берилбейт” деп айткан. Биздин элдин бир гана талабы бар: бул жерде эч кандай саясатташтыргандын кереги жок. Кемпир-Абаддын маселесин козгобосун. Бул талаш жер эмес. Ушул күнгө чейин талашкан эмес. Эмне үчүн Садыр Жапаровдун тушунда келип, маселе козголуп, көйгөйгө айланып жатат? Кемпир-Абад плотинасынын 60% Өзбекстанда, 40% Кыргызстанда турат. Ошо бойдон тура берсин. Биздин суубузду пайдаланып жатабы Өзбекстан, пайдалана берсин. Качан гана бизден сабаттуулар келгенде чечишип алат. Ага чейин ушул бойдон эле турсун. Элдин талабы ушундай”, - деди жарандык активист Жумалидин Сопуев.
Дагы караңыз Кемпир-Абад: бийликтин жолугушуусу, Өзгөн элинин талабыНааразы болгондор президент жолугуп кеткенден кийин 5-октябрда бир боз үй тигип, мөөнөтсүз митинг уланарын айтып чыгышкан. Түнү милиция тигилген боз үйдү буздуруп, митингди токтотууну талап кылып, боз үйдү алдырып салган. Бул окуяга байланыштуу Ош облустук милициясы билдирүү таратып, аталган мекеме коомдук тартипти көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин жазды.
Президент Жапаров 6-октябрда Кемпир-Абад боюнча Фейсбукка пикирин жазып, Кыргызстан менен Өзбекстан суу сактагыч боюнча 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкаруу келишимине келгенин жазды.
"Жакын арада келишимге кол коюлуп, парламенттен өтүп, келишим бузулгус болуп бекигенден кийин кайсы жерлер бизге өткөнү ачыкка чыгат. Жалпы эл чыдап күтө тургула. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү. Кемпир-Абадды буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонот", - деп жазды Жапаров.
Чек араны тактоо боюнча өкмөттүк комиссияны мурдагы жетекчиси, Кыргызстан география коомунун президенти, профессор Саламат Аламанов суу сактагычтын тарых-таржымалы боюнча “Азатыкка” кеңири маек куруп, "учурунда Ташкент Кемпир-Абад боюнча берген убадасын аткарбагандан улам чечилбей келгенин" белгиледи.
Рахмонду орден менен сыйлаган Путин
Орусиянын президенти Путин тажик лидери Рахмонду 4-октябрда "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Анын жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу Фейсбукта пикирин билдирип, "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазган.
"Тажикстандын бийлиги Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элдердин тынчтыгын жана ымаласын ыдыратып жатканда аймактагы кайсы коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот? Кыргыз жерине төгүлгөн күнөөсүз адамдардын каны муздай электе, балдарынан айрылган энелер күйүткө батып отурганда, жайкын тургундар кыйраган үйлөрүнө кайтып жаткан маалда мындай сыйлыктын берилиши негиздүү таң калууну жаратат", - деген Кустебаев.
7-октябрда Тажикстан кыргыз ТИМинин басма сөз катчысынын билдирүүсүнө байланыштуу бул өлкөдөгү элчи Эрлан Абдылдаевге нота тапшырып, аны “саясий маданият менен жөнөкөй дипломатиялык этиканын жоктугу” катары баалай турганын билдирген.
8-октябрда Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакырылганын, министрликтин басма сөз катчысынын Фейсбуктагы жеке комментарийине карата тажик тараптын расмий протести орунсуз экени айтылганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Өткөн айдагы кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да Кыргызстанды агрессияга айыптаган.
2017-жылы Путин Рахмонду Александр Невский атындагы орден менен сыйлаган.
Дагы караңыз Жапаров Путиндин мааракесине барган жокПрезидент Садыр Жапаров иш жадыбалына байланыштуу Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине катышпай турганы белгилүү болду.
Ал тапта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы кандуу окуяда коңшу өлкөнүн жарандары тарабынан талкаланып, өрттөлгөн үйлөрдү тикелөө аракети башталды. Үйсүз калган жашоочулар учурда курулуш иштери кечеңдеп жатканын айтууда.
Парламент төрагасынын отставкасы
Парламент төрагасы Талант Мамытовдун кызматтан кете турганы он күндөн бери сөз болуп, анын өз калоосу менен арыз жазганын депутат Мирлан Самыйкожо айтып чыккан. Бирок маалымат расмий тастыкталган эмес эле. Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жалпы жыйынында Талант Мамытов спикерликтен кетип жатканына "парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун" учкай кыйытты.
“Бул жерде каалагандар өз ыктыярыбыз менен Баткенге бардык. Бул маселени кээ бир депутаттар айтып, массалык маалымат каражаттарына чыгып кетти. Мен ошо кезде чечим кабыл алып, заматта эле арыз жазып Баткенге кетейин деген оюм бар эле. Бирок бул жерде депутаттар чыгып, силердин суранычыңар менен өз милдетимди Жамиля Исаевага жүктөдүм. Бүгүн ойлонуп чечим кабыл алдым”,-деди Мамытов.
Айрымдар кеп эмне тууралуу болгонун жаземдебей боолгоду көрүнөт. Мамытов толук ачыктабаган окуя Жогорку Кеңештин кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалды караган жабык жыйынында болгону белгилүү. Ошондон кийин Мамытов баштаган депутаттардын тобу Баткенге барып келишкен. Андан соң депутат Адахан Мадумаров "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал алып келгенин" ачык айтып чыккан. УКМКнын басма сөз кызматы жана Ташиевдин өзү буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
"Азаттыктын" кабарчысы парламенттеги "эки жашик куралдын" сырын айрым депутаттардын сураштырып көрдү.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Баса, жаңы спикер болуп "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери Нурланбек Шакиев шайланды. Спикер алмашуунун төркүнү кайда?
"Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында жооп издеп көрдүк. Талкууга назар салыңыз:
2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген саясий өнкөктөштөрдүн жолу эмнеден кесилишити деп суроо салгандар болууда. Ал ортодо Октябрь окуяларына толук эки жыл толду. Жаңы келген бийлик убадаларынын өтөөсүнө канчалык чыга алды?
Президенттин 3-октябрдагы жарлыгы менен төрт министр кызматынан алынды.
Экөө өз каалоосу менен бошотулса, кылмыш иштеринин фигуранты болуп турган эки министр Баш мыйзамдын 70-беренесине ылайык ээлеген кызматынан президенттин демилгеси менен алынды.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев бийлик жоопкерчилигин бир кишиге артуу кадр саясатында көп мүчүлүштүк жаратууда деген пикирде.
"Азыр болсо бул тармак монополия болуп, бир адам каалаган адамын кызматка коёт. Мындай кырдаалда, албетте, адашуулар болуп жатпайбы”.
Жапаровдун бийлиги эмне убадалар менен келген, анын өтөөсүнөн канчалык чыгууда? Төмөнкү макалага назар салыңыз:
Дагы караңыз Октябрь окуясына эки жыл: Үмүт жана убадаКоопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, милициянын генералы Өмүрбек Суваналиев эки жыл мурдагы окуяларга сереп салып, анын сабактарына токтолду. Октябрда көшөгө артында кандай окуялар болгонун төмөнкү маектен билиңиз:
Украина: Орус армиясы алдан тайдыбы?
Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч аймагындагы көпүрөдө бүгүн, 8-октябрда жарылуу болду. Баштапкы маалыматтарга караганда, адамдар жабыркаган жок.
Орусиянын президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү бул окуяны "өзгөчө кырдаал" деп атап, өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды. "Крым темир жолу" ишканасы жүк ташыган поезддин арткы бөлүгүндө мунай куюлган цистерна күйгөнүн билдирди.
Орусиянын Улуттук антитеррордук комитети Крым көпүрөсүндө жүк ташуучу автомашина жардырылганын, натыйжада поезддеги мунай куюлган жети цистерна күйүп кеткенин маалымдады. Крымдын Орусияга баш ийген парламентинин жетекчиси Владимир Константинов бул үчүн Украинаны айыптап, жабыркоо катуу эмес экенин жана ыкчам калыбына келтирилерин белгиледи.
Украинанын президентинин Кеңсесинин Михаил Подоляк Керчтеги Крым көпүрөсүндө чыккан өрт тууралуу мындай комментарий берди.
"Крым көпүрөсү башталышы. Мыйзамсыз нерсенин баары кыйрайт, уурдалгандар Украинага кайтарылат, Орусиянын баскынчылары куулат", - деген Подоляк.
Анткен менен украиналык чиновник Украинанын көпүрөнүн жардырылышына тиешеси бар экенин айткан эмес.
Украинанын армиясы контрчабуулун улантып, оккупациядагы айылдарды биринен сала бирин бошотуп жатат. Алар бир күндө Донецк, Луганск, Херсон облустарында дагы он чакты конуштан орус аскерлерин сүрүп чыгарды.
“Ушул эле суткада Херсон облусунда Нововоскресенское, Новогригоровка жана Петропавловка баштаган калктуу конуштар боштондукка чыгарылды. Жүрүш уланууда. Аба күчтөрүбүз орус аскерлери биздин шаарларды талкалоо үчүн колдонуп жаткан Иран өндүрүшүндөгү алты учкучсуз учакты атып түшүрдү. Оккупанттарга айтарым, силер “орус дүйнөсү” деп мактанып жатып, ирандык “Шахид” дрондоруна күнүңөр түшүп калса, анда жеңилгениңер ошол. Бул силерге жардам бербейт”,-деди Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда.
Мурдараак орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турганы кабарланган. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрда контрчабуулдун алкагында бошоткон. Ал жүрүштөр августтун аягында башталган жана дале уланууда.
"Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" программасында Украинада согуш тилкесиндеги өзгөрүүлөрдү, Москванын айрым украин аймактарын аннексиялоо аракетине Кыргызстандын мамилесин талдаганга аракет кылды.
Нобел сыйлыгын кимдер алды?
Апта башынан бери медицина, физика, химия, адабият боюнча Нобелдин лауреаттары белгилүү болду. Орусиядагы "Мемориал" уюму жана Украинадагы Жарандык эркиндиктерди коргоо борбору, беларустук укук коргоочу Алесь Беляцкий Нобелдин тынчтык сыйлыгын алды.
Нобелдин тынчтык сыйлыгы 1901-жылдан бери “тынчтыкты бекемдөө иштерине кошкон өзгөчө салым” үчүн ыйгарылып келет. 120 жылдык тарыхта аны 109 кишиге жана 25 уюмга ыйгарышкан. Лауреаттардын арасында 18 аял бар.
Лауреат болгон адам тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат. Нобел сыйлыгына татыктуу болгон илимий ачылыштар эмнеси менен маанилүү? Төмөнкү макалага назар салыңыз:
Дагы караңыз Адам гени, адашкан фотондор. Нобел сыйлыгын кимдер алды?Кыргызстандык жаштар да илимий ачылыштардын үстүнөн иштеп, балким келечекте Нобел сыйлыгына алып калышы албетте, кыял эмес. Кыргызстанда чоңоюп, Түркияда таанышып, Америкада жашаган Гульзина менен Замир Кремний өрөөнүндө иштейт. Гульзина Фейсбук компаниясында дата анализдөө боюнча адис, ал эми Замир жасалма интеллекттин жардамы менен кызматтарды жасаган C3 AI компаниясында улук башкаруучу. "Азаттык+" бул тармакты багындырган кыргызстандыктар менен тааныштырат.
"Бир жыл мурун 21 саат иштеп, 7500 сом айлык алат элем"
Кыргызстанда октябрдын биринчи жумасында мугалимдер күнү белгиленет. Бул датага байланыштуу "Азаттык" мугалимдик кесипти жаңыдан аркалап жаткан жаш адистер тууралуу сүрөт баян даярдады.
Кыргызстандагы 2333 мектепте 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Аларга жалпы 82 миңге чукул мугалим билим берет.
Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда мугалимдердин маянасы 50-80% көтөрүлдү. Өкмөт мындан кийин алардын айлыгы ар жыл сайын 20% өсүп турарын убадалаган. Мындан улам мектептерде жаш адистердин саны көбөйгөнү байкалат. Мисалы, быйылкы окуу жылында Бишкектеги мектептерге 542 жаш мугалим жумушка кирген.
Дагы караңыз Жүрөгүн балдарга арнаган мугалимдерЭч качан кеч эмес: 85 жаштагы студент
Апта ичинде сиздин жеке жашооңузда кандай урунттуу окуялар болду? Эмнеси болсо дагы көңүл түшүрбөй алдыга илгерилей бериңиз. Оштогу 85 жашында студент болгон кишинин окуясы сизге дем берет деп ишенебиз.
85 жаштагы Мамат Кулматов Ош мамлекеттик университетинин 1-курсунун студенти. Ал жылына 45 миң сом контракт төлөп окуйт. “Эч кимге зыяным тийбейт, окуу акысын ай сайын пенсиямды бөлүп төлөйм, жетпесе мал-жандык, чарба бар, сатып төлөп коем” деген аксакал медицинаны жөн жерден тандап алган эмес. Ал буга чейин табыпчылык менен алектенген. Чөптөрдүн дарылык касиетин жакшыраак билип, өзү алектенген кесипти мындан да жакшы өздөштүрүү максатында фармацевтика адистигин тандап алганын "Азаттыкка" айтып берди.