Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:13

Адам гени, адашкан фотондор. Нобел сыйлыгын кимдер алды?


Нобелдин медицина жана физиология боюнча лауреаты, швециялык биолог Сванте Паабо.
Нобелдин медицина жана физиология боюнча лауреаты, швециялык биолог Сванте Паабо.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы франциялык жазуучу Анни Эрного ыйгарылды. Апта башынан бери медицина, физика, химия боюнча лауреаттар белгилүү болду.

Өз тагдырын тайманбай жазган жазуучу

Швециялык академия тараткан маалыматта, адабият боюнча Нобел сыйлыгы Анни Эрного "жеке эскерүүлөрдүн жаралышын, бөтөн жана жамааттык чектөөлөрдү ачып берүүдөгү каармандыгы жана өтө кылдат тактыгы үчүн" берилди.

Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын лауреаты Анни Эрно.
Нобелдин адабият боюнча сыйлыгынын лауреаты Анни Эрно.

Анни Эрнонун ысымы көп жылдардан бери бул сыйлыкка татыктуулардын арасында аталып келген. Ал отуздан ашуун чыгарманын автору жана көпчүлүгү өзүнүн өмүр баянына негизделген.

Эрнонун эң белгилүү эмгектеринин бири "Окуя" деп аталат. Анда жазуучу 1963-жылы Францияда бойдон алдырууга тыюу салынган маалда кантип аборт жасатканы тууралуу баяндайт.

Былтыр ушул эмгекти экрандаштырган режиссер Одри Диван Венеция кинофестивалында баш сыйлыкка татыган.

Анни Эрно 1940-жылы Франциянын Ивето деген чакан шаарында туулуп-өскөн. "Жазуучулук-бул социалдык теңсиздикке көзүбүздү ачкан саясий акт",-дейт ал.

Клик-химияны өнүктүргөн илимпоздор

Химия боюнча Нобел сыйлыгы америкалык окумуштуулар Каролин Бертоцци, Бэрри Шарплесс жана даниялык Мортен Мелдалга клик-химияcына кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Химия боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаттары Каролин Бертоцци, Бэрри Шарплесс жана Мортен Мелдал.
Химия боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаттары Каролин Бертоцци, Бэрри Шарплесс жана Мортен Мелдал.

Клик-химия -чачыранды молекуларды бир бүтүмгө бириктирүүнүн ыкмаларын иликтеген химия илиминин бөлүгү.

Нобел комитети тараткан билдирүүгө ылайык, Барри Шарплесс менен Мортен Мелдал клик- химиянын пайдубалын түптөгөн. Ал эми Каролин Бертоцци аны жаңы деңгээлге алып чыккан.

81 жаштагы америкалык химик Барри Шарплесс ушуну менен Нобелдин эки жолку лауреаты болду. Тарыхта буга чейин төрт эле киши бул абройлуу сыйлыкка эки жолу татыган.

Биринчи сыйлыкты Шарплесс 2001-жылы заманбап фармакологияда активдүү колдонулган препараттарга байланыштуу эмгеги үчүн алган. Илимпоз бул жаңылыкты өтө сабырдуу кабыл алды.

"Мага сыйлыктар көп деле жарашпайт. Мени алар өзгөртпөйт. Cыйлык алуу үчүн илим менен алектенбейм",-деди окумуштуу.

Кванттык механика жаатындагы ачылыштар

Ал эми физика боюнча Нобел сыйлыгы франциялык Ален Аспе, америкалык Жон Клозер жана австриялык Антон Цайлингерге кванттык механика жаатындагы ачылыштар үчүн ыйгарылды.

Тактап айтканда, бул окумуштуулар "кванттык информатика жаатында бир катар ачылыштарды, анын ичинде адашкан фотондор менен эксперименттерди жүргүзүшкөнү" үчүн алышты.

Лауреаттардын бири 79 жаштагы Жон Клозер тирүү кезинде Нобелге татыганына жетине албай турганын жашырган жок.

"Мен аябай бактылуумун. Бул элүү жыл мурда жасаган эмгегим үчүн ыйгарылган сыйлык. Биз үчүн ушул эле эмгек үчүн 2010-жылы Израилде Вольф премиясына ээ болгонбуз. Көзүмдүн тирүүсүндө бул сыйлыкка татыганыма жетине албай турам",-деди Жон Клозер

Илимпоздордун бул ачылышы эмнеси менен маанилүү? Азыркы тапта кванттык компьютерлер, кванттык желелер жана кванттык шифрлөө аркылуу коопсуз байланыш сыяктуу кеңири тармак иликтенүүдө.

Адамдын генин иликтеген Сванте Паабо

3-октябрда медицина жана физиология тармагындагы сыйлык швециялык биолог Сванте Паабого адамдын эволюциясынын генетикалык негиздемесин ачканы үчүн ыйгарылды.

Палеогенетиканын түптөөчүлөрүнүн бири катары белгилүү окумуштуу 1984-жылы европалык музейлердеги мумияларды изилдей баштаган. Бир жылдан кийин алардан генетикалык материал алууга жетишкен.

2006-жылы Паабо неандерталдардын геномун чечмелөөгө киришкен. 2010-жылы анын жетектөөсүндөгү топ мурда белгисиз гоминиддин түрүн тапкан.

2016-жылы жарык көргөн эмгекте дүйнө жүзүндөгү дээрлик 2000 адамдын геномунун салыштырма анализинин негизинде неандерталдар менен Homo sapiens же акыл-эстүү адамдын ар кандай топторунун ортосундагы кан аралашуунун кеминде үч эпизоду тууралуу айтылган.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын 2022-жылкы лауреаты 7-октябрда белгилүү болот.

Бул жылдагы Нобел үчүн 343 адам ат салышып жатканы маалым болду. Быйылкы тизмеде швециялык эко активист Грета Тунберг, беларус диссиденттери Светлана Тихановская, Мария Колесникова, Вероника Цепкало, камактагы орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный, Рим Папасы Франциск дагы бар.

Ал эми фавориттердин арасында "Көз карандысыз Киев" гезити, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча агенттиги аталууда.

Сыйлыкты кимге ыйгарышты беш адамдан турган Нобел комитети чечет. Комитеттин мүчөлөрүн Норвегия парламенти тандайт. Адатта алар ардактуу эс алуудагы саясатчылар болот. Азыркы комитетти юрист жетектейт, курамында академиктер да бар.

Комитеттин мүчөлөрү баардык талапкерлерди талкуулап, кыска тизмесин түзүшөт. Анан ар бир талапкерди эксперттер тобу баалап чыгат. Комитет айына бир жолу чогулуп талапкерлерди талкуулашат.

Лауреат болгон адам тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат. Экономика жаатындагы жеңүүчүнүн ысымы 10-октябрда жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG