Бизнес Баткенди баккан өрүк 15-Июль, 2018 Жеңиш Айдаров Облус калкы жылына 25 миң тоннадай кургатылган өрүк өндүрүшөт. Жалпысынан өрүктүн 20дан ашуун түрү өстүрүлөт. Баткенде 10 миң гектардан ашуун өрүк багы бар. Өрүк кургатуу иши июнь айынын аяк ченинде кызуу башталып, июль айынын аягына чейин уланат. Облус боюнча өрүктөн тапкан киреше 8 млрд. сомго чейин жетет деп айтышат адистер. Өрүктүн “Ак кандек”, “Сары кандек” түрлөрү, ышталбай кургатылганы жогору бааланат. Баткендиктер өрүктү кышка кургатып эле сактабай, курут кошуп кайнатып, туздап камдап алышат. Баткенде 10 миң гектардан ашык өрүк бактарынын түшүмүн жыйноо сезону кызып турат.